САРЫ-КОЛ: Баш-Гүмбөз баяны

САРЫ-КОЛ: Баш-Гүмбөз баяны

Өткөн кылымдардын 60-70-жылдарындагы аксакалдардын айткандарына жана кээ бир тарыхий материалдарга таянсак Баш-Гүмбөз, б.а. эң башкы Гүмбөз Абдылдабекке таандык, Абдылдабек Алымкул датка менен Курманжан датканын уулу болгон. Бул боюнча айрым бир маалыматтарга караганда Ооганстандан кайтып келе жаткан Абдылдахан (Абдылдабек) азыркы Баш-Гүмбөз өрөөнүнө келгенде каза болуп, сөөгү ошол жерде коюлган. Андан кийин ага эстелик үчүн Гүмбөз тургузулган. Ошондуктан бул эң биринчи Гүмбөз болгондуктан Баш-Гүмбөз деп аталып калган деген болжолдуу маалыматтар бар, ошондой эле бул Гүмбөз айылдын баш жагына жайгашкан, ошондон улам Баш-Гүмбөз деп аталган деген дагы варианттар бар.

 

Бул еөрөөндөгү экинчи Гүмбөз Кара-Дөмөр деп аталган жерде жайгашкан. Үчүнчү Гүмбөз Дарбаза-Таш деген жерден орун алган, ал эми тертүнчү Гүмбөз Үч-Кол өрөөнүнүн Чат деген жеринде, акыркы гүмбөз Зор-Көлдүн чек ара заставасына жакын, Ооганстан менен чектешкен жерден орун алган. Башка маалыматтарга таянсак жогорудагы гүмбөздөрдүн атынан “Беш- Гүмбөз” деп аталган деген дагы маалыматтарды көрөбүз.

 

Илгерки мезгилдерде белгилүү Жибек жолу аркылуу өтүшкөн соодагерлердин кербендери бул гүмбөздөрдү түнөк катары пайдаланышкандыгы тууралуу айтылат. Ошол учурда түнөк катары пайдаланылган гүмбөздөрдүн ичин жасалгалап, дубал боорлоруна мераб жасашып аларга идиш аяктар, төшөнчү орундар жыйылган, соодаларын жайгаштырышкан.

 

Мезгил өткөн сайын бул гүмбөздөр андай пайдалануудан чыгып калгандан соң, кийинки муундагылар аны диний (реликвия) ыйык нерсе катары тута башташкан. Ал гүмбөздөргө бала тилегендер келишип түлөө, назири берип, чырак жагып түрдөө ырым жырымдарды өткөрүшүп үч-төрт күндөн түнөп кетишкен. Мындай ыйык тутуп, сыйынуудан көптөгөндөрү дабаа таап балалуу да болушкан.

 

Өткөн, ХХ-кылымдын 70-жылдарында Дарбаза-Таштагы гүмбөзгө малы жутаган Кең-Шибердин жашоочусу Темиркожоев Алаш деген адам малын айдап барып, гүмбөздүн үстүнө боз үйдүн түндук жабуусун жаап алып эки айча жашаган-дейт аны көзү менен көргөн Артыков Жумабай аксакал.

 

Баш-Гүмбөз өрөөнүндө бул гүмбөздөрдөн тышкары, Ак-Там, Чатыр-Таш, Кыз-Мазар, Тулпар-Таш жана Дөбө-Өтөк деген ыйык туткан жерлери да бар. Булардын ар биринин өзүнчө байланышкан төмөнкүдөй уламыштары бар. (Баш-Гүмбөздүктөрдүн материалы)

 

Тулпар-Таш. Баш -Гүмбөз жылгасынын сол айрыгы жайлашкан жылгада таштын бетинде аттын туягынын жана жаш баланын изи бар.

Кузгундагы сүрөттүү таш - Аличордун Кузгун кыштоосунда кашаранын туура жагында кашатта таш бетинде кийиктин ташка чегилген сүрөтү бар.

Кара-Дара-Шайдан жылгасында да короонун жанында жалпак ташка түшүрүлгөн ай менен жылдыздардын сүрөтү бар дешет. Шайдан деген кишинин атынан коюлган.

Маржанай. Маржан деген аялдын атынан коюлган. Чоң Маржанай жана Кичик Маржанай бар.

Асат - Асатилда деген кишинин атынан коюлган.

Бахмал-Жылга - Бахмал деген аялдын атынан.

Жибек-Өлдү - Жибек деген табып аял өлгөн өтөк.

Каримкул-өтөк - Каримкул деген киши дайыма кыштаган кыштоо.

Токур - Булак -Токур миң башы камчысы менен чукуп суу чыгарган жер.

Токур - Булак - Токур деген киши жайлаган жер.

Молдо Курбандын гөрү - Курбан деген кишинин кыштоосу.

Кутбай - Коргон - Кутбай деген адам курган таш короо.

Сапарбек - Коргон - Сапарбек таштан короо салдырган да кочкор баккан

Гапар - Жылга - Гапар деген кишинин кыштоосу болгон.

Шыгымбет - Шыгымбет деген кишинин кыштоосу экен.

Бостон - Камал - Бостон деген мерген кийик камап аткан жер.

Кыдыраали - Кыдыраали байдын кыштоосу болгон.

Маңканайдын - Гөрү - Эшанкул миң башынын аялынын кабыры бар өтөк.

Эшбай - Булак - Эшбай деген киши там салып булагын тазалаган.

Токо — Көңтөй - Токо казынын кыштоосу.

Ташибек-Өтөк - Ташибек деген киши колхоздун малын кыштаткан короо.

Надырбайдын - Гөрү - Надырбай деген кишинин короосу болгон.

Нуран-Коргон - Нуран мерген коргон салып мал кыштаткан жайы.

Эшаалы - Эшаалы деген кишинин кыштоосу жана суу алган булагы болгон.

Эшанкулдун - Коргону - Булуң-Көл кыштагынын эски аты. Эшанкул миң башы коргон салдырган.

Майсара-Өтөк- Эшанкул миң башынын энесинин өтөгү.

Чоок-Учту - Чоок деген киши какма кырдан учуп өлгөн жердеги өтөк.

Магыз-Таш - Магыз деген киши аюудан качып чыккан таш.

Мырзабек - Мырзабек деген кишинин атынан коюлган жайлоо.

Төрөбек-Жылга - Төрөбек деген киши мал баккан жайлоо.

Маматкарим ата (же Ак-Балык-Ата) жана-Абдикарим-Ата - бул эки кишинин атынан коюлган жер аттары. Алар илгери замандарда терме калмактардын же кытайлардын колунан шейит болуп өткөн (өлгөн), ал эми өздөрү Кашкардан качып келип, Аличор дарыясынын эки жээгинде душмандардын колунан каза тапкан кишилер. Экөөсү, Аличор дарыясынын эки тарабында маңдай тескей бөксө тоонун баштарына коюлган. Ушул кишилер коюлган тоолордун түбүнөн булактар чыккан мазар жерлер.

Гожомберди-Ата - Сасык-Көлдүн түштүк жээгинде эски заставанын жанында, чагымчылардын жана өзүнүн досунун карасанатайлыгы менен кызыл армиянын колунан шейит болгон кишинин атынан коюлган. Бул кишинин уруусу кыдыршанын айтек уруусунан болгон.

Киптан - Ата - Сүмө участкасында Аличор дарыясынын сол жээгинде жайлашкан. Бул жерде 1895-жылы полковник Ионов тарабынан атып өлтүргөн Ооган капитаны Гулам хайдардын кабыры бар. Эл бул жерди ошол авган капитанынын атынан киптан ата деп аташат. Бул жерди элдин бир тобу мазар дешсе, кээ бирлери мазар деп эсептебейт. Себеби ал киши, шейиттик даражага жеткен эмес деп да айтышат. Зулум болгон экен жана мусулман баласы кылбаган иштерди кылган дешет.

Шамурат - Ашуу же Шамураттын- Өтөгү - Шамурат деген киши орустардан качып ашып өткөн ашуу жана чагымчылардын чакоосу менен колго түшкөн жер, анын аты менен Шамураттын өтөгү деп аталган.

Табар - Табар деген аялдын атынан коюлган. (Д.Ташбаевдин материалы)


Сары-Кол жергесиндеги топонимикалык аттардын аталышы жен гана коз менен керуп, же кандайдыр ал жердин бир тиешелуу нерсесинен улам аталып калбастан, ошону менен катар эле жер, суу, жылгалардын, мазарлардын аталыштары кандайдыр бир легенда, уламыш же болбосо тарыхый окуяларга байланыштуу аталып калгандыгына даты темендогу баян этилген окуялардан кубе бол обуз. Бул баяндар азыркы учурга чейин эл оозунан тушпей улам муундан муунга етуп айтылып келе жатат. Аларды саресеп салып карап кореек Сары-Кол жергесинин канчалаган байыркы тарыхы, элдин тагдыры камтылганын байкоого болот.


“Чатыр-Таш” баяны


Биринчи вариантта:

Илгери замандарда ушул таштын ордунан оргуштаган булак ийип турган дешет. Чатыр-Ташты эч кимге чык алдырбас бир зыкым бай жайлоолоп турган. Ар жылы байдын малынын саны артып, ошол чөлкөмгө батпай чыгат. Малы канчалык көбөйгөн сайын бай ач көздөнүп, зыкымдыгы ашып, эч кимге эч нерсе бербейт. А түгүл жыл сайын койлорун жүнүн дагы, жок дегенде өзүнө кийиз, же таар жасатканга көзү кыйбай, аны чогултуп үйө берет. Койлордун чогулган жүндөрү тоо болуп үйүлүп кетет. Бир күнү бай эртең менен эшикке чыкса баягы тоодой болуп үйүлгөн жүн чоң ташка айланып калыптыр. Буга таң, калган бай ошол эле күнү ал жерден көчүп кеткен экен. Ал азыр дагы чоң таш боюнча чоң жолдун боюнда турат. Ал жер “Чатыр-Таш” деп аталат.


Экинчи вариант:

Мурдагы замандарда азыркы Чатыр-Таш өрөөнүн жалаң байлар жайлап келишиптир. Алар бай болушканы менен жолдон өткөн жолоочуларды жакшы кабыл алышпаптыр. Кокус өтүп бара жаткан жолоочу алардын биринин үйүнө түшүп калса иттерин тукурушуп, аларды талатканга чейин барып турган экен. Ошондой күндөрдүн биринде, кыш чилденин кирип турган маалында Ыраң-Көлдөн ак жегде, дамбалчан дубана Ау-хак алардын айылына бурулуп калат. Айылдагылар дубананы шылдьңдап, мыскылдап эч кимиси жакшы кабыл албайт. Айласы кеткен дубана айылдын чекесиндеги турган, бардык жагы тешик жаман алачыкка баш багат. Ал алачыкта жашаган карыган жалгыз кемпир дубананын алдына тапканын коюп, сыйлап эрте менен үйдөн узатып койот. Аны көргөн байлар бул эмне болгон адам экен деп, артынан акырын тьңчы салып аңдытат. Муну байкаган дубана айылдан бир аз узай берип, кыбыланы карап чөк тизелеп отуруп: “Оо жараткан Алла! Эч кимге пайдасы жок байлардын тапкан байлыктары ташка айланып, элинин мүрүсү тийбеген эшик, оозу тийбеген кашык калбасын оомийн”-деп дуба кылганда тапкан байлыктары үймөлөктөшүп ташка айланып калыптыр. Ал эми жалгыз алачыгы менен калган кемпир алачыгын чогултуп алып ташка бир түкүрүп, кайдадыр көчүп кеткен дешет. Ташка айланган байлардын тапкандары азыр да Баш-Гүмбөз өрөөнүнүн түз талаасында таш болуп мелтиреп турат. Бул жер “Чатыр-Таш” деп аталат.


“Тулпар таш” баяны


Мурдагы өткөн баскынчылык замандарда “кичи Самарканд” аталган Базар-Дарага “терме калмак” кол салып, ал жерде жашаган бала, аял, чал, кемпирге чейин кыргын салат. Ошондо колунда жок бир кедей адамдын катып жүргөн тулпары болот. Жоодон корккон ал адам ошол тулпарын минип качып чыгат. Артынан сая түшкөн куугунчулар, аны кууп азыркы Тулпар-Таш өрөөнүнө келгенде тапталган тулпар аскага секирет. Ошондо тулпардын туягы аскага мөөр сыяктуу басылып, ээсин алып учкан бойдон андан ары ашып кетет. Куугунчулар артынан жетпей кала беришет. Ошондон бир аз өтпөй ал таштын түбүнөн булак ийип чыгат. Азыркы күндө дагы ал тулпардын изи ташка тамга болуп басылып турат. Аны менен катарлаш койдун туягынын, анан дагы жаш баланын таманынын издерин көрүүгө болот.

Тулпар-Таштан чыккан тайлактын боздогон үнүн уккандар бар. Бул кереметүү жерди эл азыр дагы ыйык тутуп, көп жыл бала көрбөй жүргөн үй-бүлөөлөр Тулпар-Ташка сыйынышат, тилектери кабыл болуп бала көргөндөр да бар. Азыр Тулпар-Таштын айланасынан жаанын жебесинин учун, жаанын калдыктарын учуратууга болот. Алар ошол жоо замандан кабар берип тургансыйт.


“Кыз мазар” баяны


Биринчи вариант:

Баш-Гүмбөз өрөөнүндөгү Үч-Кол жылгасынын Дөбө-Өтөк деген жеринде “Кыз мазар” деп аталган жер бар. Аксакалдардын айтуусунда, бул жөнүндө мындай уламыш эл оозунда келе жатат. Аличордогу Базар-Дарадан чыккан ай чырайлуу баатыр кыз, эркекче кийинип алып, өзүнө кырк жигитти топтоп, аларга башчылык кылып жоого каршы аттанган экен. Күндөрдүн биринде баатыр кыз өз жоокерлери менен Ооганстан тараптагы жоого аттанып калышат. Азыркы Дөбө-Өтөккө жеткенде өргүү жасап, эс алууга токтошот. Жоокерлери өргүп, эс алып, агын сууга жуунушуп сергишет. Бирок, башчысы эч унчукпастан, атын откозуп коюп, жоокер кийимин чечпестен жигиттерин карап гана турат. Буга таң, калышкан, жоокер жигиттер, ага бири дагы бул тууралуу суроо бере алышпайт. Таң калгандыктарын өз ичтеринде гана сактап калышат. Качан гана өргүү аяктап жолго чыгар алдында, башчы жигиттерге карап: “Силер бастыра бергиле, мен артыңардан жетем”-деп буйрук берет. Жигиттер аттарын тапыратып бастырып кетишкенде, алардын ичинен бирөөсү ары коктуну ылдыйлай берип, жашынып, аскер башчы эмне кылат болду экен өзү жалгыз калып-деп аңдып турат.

Баатыр кыз кийимин чечип, жер чийген узун чачын жайып, аппак денесин күнгө чагылыштыра дарыяга жууна баштайт. Аңдып турган жигит анын кыз экенин байкап, анын ай чырайыга, аппак денесине суктанып дал болуп бир топко туруп калат. Анан намысына келе түшүп узап кеткен жолдошторун артынан чаап жете келип, аларга минтет:

“Жигиттер биздин аскер башчыбыз кыз экен”-деп өзү көргөндөрүн айтып берет. -Биз кызга баш ийип журген турбайбызбы;-дейт. Бул сезге намыстанган кепкен жигиттер арттан жете келген кызды кармап елтурушуп, анын сеегун дебенун устуно кеемп, ал жерди Ак-Тайлак деп этап, андан ары Ооганстанга аттанып кетишкен экен. Ошондон улам бул жер “Кыз Мазар” деп аталып калат.


Экинчи вариант.

Ошол жоокерчилик заманда Базар-Дарадан баскынчыларга карты согушуу үчүн өзүнө кырк кыздан жоокер курап чыккан баатыр кыз болгон экен. Алар бир катар мезгилдерге чейин, баскынчыларга каршы күрөшүп эли, жерин жоодон сактап келишкен.


Бирок, баскынчылардын колу көп болгондуктан, жана дагы жалаң эркектерден турган душмандын жоокерлерине туруштук бере алышпай, баатыр кыз аргасыздан артка чегинүүгө дуушар болот. Бир жолку салгылашуудан алар артка чегинип отуруп, Дөбө-Өтөк деген жерге келип өргүү жасашат. Дал ушул учурду күтүп турушкан баскынчылар капыстан кырк кызга кол салып, кыздардын баардыгын кырат. Алардын баардыгын сөөгү ошол жерге коюлган деген уламыш кептер бар. Өзүнүн эли, жери үчүн баатырларча курман болушкан кыздардын жаткан жери “Кырк кыз мазар” деп аталып калган.


Баш-Гүмбөз өрөөнүндө мындай ыйык мазарлардан, касиеттуу жерлерден тышкары Кең-Шибер өрөөнүндө табигый дары суусу да бар. 1970-жылдан бери кайнаган сыяктуу чыккан бул суунун кадимкидей газы бар, пайдаланса болот.


Ушул эле жерде ташка тартылган тарыхый сүрөттөр бар. Андан бери Кызыл-Иймектен түшүп келе жатканда Бөрү-Уюк деген жерде ташка жазылган тарыхый жазууларды көрүүгө болот. (Баш-Гүмбөздүктөрдүн материалы)


Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району


"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

С.Таджидинов, Ж.Ибраимова

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены