САРЫ-КОЛ: Көөнө-Коргон баяны

САРЫ-КОЛ: Көөнө-Коргон баяны

Көөнө-Коргон баяны же эмне үчүн бул айыл “Көөнө-Коргон” аталган ?

«История Памира» деген китептеги маалыматтарга караганда Россияга 1860-жылдары Орто Азия карагандан кийин Кокон хандыгына тиешелүү жерлердин бардыгына өз бийлигин жүргүзө баштайт. Ошол мезгилде Сары-Кол аймагына бирде Кокон хандыгы, бирде Ооган, бирде Кытай, бирде Бадахшан ээлик кылып келген.

 

1872-1876 жылдары Падышалык Россия Кашкардагы Якубек менен сүйлөшүү жүргүзүп, тиягы Суулуу Улуу Чаттан Малтабарга чейин, биягы Таш-Коргондон Зор-Көлгө чейин, башкача айтканда Сары-Колдун бүткүл территориясына соода жүргүзүү жана чек араны коргоону макулдашат. 1876-жылы Ташкоргон менен Мургабтын ортосундагы Шажан конуш, Көк-Жар деген жерине (азыркы Көөнө-Коргон айылы жайгашкан жер) капитан А. Куропаткин деген орус офицеринин жетекчилиги менен таштан кичинекей «Казачий пост» курулат.

 

1876-жылдан 1890-жылдарга чейин Орто Азиянын бир бөлүгү болгон Памирге, тактап айтканда Сары-Колго Россия менен Англиянын кызыгуулары арта берген. Бул эки чоң өлкөлөр кандай жол менен болсо дагы Памирди өзүнө каратуу максатында бири бирине түрдүү каршылыктарды көрсөтүп келишкен. Анткени бул эки мамлекет үчүн Сары-Кол (Памир) аймагы Индия, Кытай, Ооганстан жана Орто Азиянын башка аймактарына баруучу түз жол, анан даты жакын болгон. Бул эки мамлекеттин тең максаты жерлерди ээлөө, жергиликтүү калктарды өзүнө тартуу болгон. Бул максатты ишке ашыруу үчүн биринчи болуп Англия Ф. Э. Юнгхазбенд дегендин башчылыгы астында жашыруун экспедицияны Сары-Колго жөнөтөт.

 

Мындан кабардар болуп калган Падышалык Россиянын ошол убактагы Туркестан боюнча генерал губернатору болуп турган Вербицкий, Санкт-Петербургга Памир маселеси жөнүндө атайын жазып кайрылат. 1891-жылы буга жооп катары Санкт-Петербургдан: «Направит на Памир отряд во главе с полковником Ионовым с поручением обойти весь Памир выяснить положение занятое Афганцами и Маньчужурцами в этой местности и восстановит истинное положение на эту часть территории бывшего Кокандского ханства» деген буйрук келет. Аны алган Туркестандын генерал-губернатору Вербицкий полковник Ионовду Кытай менен Ооганстандан Сары-Колдун чек арасын биротоло бөлүп ал аймакка ээлик кылуу миссиясын ишке ашыруу үчүн жөнөтөт.

 

Полковник Ионов көптөгөн курал жарактар, 53 офицер, 906 аскер, миңден ашуун жүктүү ат, төө менен Шажан конуштагы постко 1892-жылдын 20-июнунда келип түшөт. Орус аскерлеринин бул келиши менен Шажан конуштагы пост кеңейтилип, ал жерге аскердик имараттар курулуп чоң аскер бөлүгү пайда болот. Ошентип бул жерде убактысында Чыгыш Памир аталган бүткүл Сары-Колго борбор болуп турган, ал гана эмес жалпы Бадахшандын чек арасын көзөмөлдөп турган чек ара аскер отряды түзүлөт.

 

1895-1899 жылдары бул отряд экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Хорог шаарына көчүрүлөт. Бул жерде калган бөлүгү кийинчереек Россия тарабынан Сары-Кол аймагындагы чек аралар такталгандан соң, 1899-жылы бул аскер бөлүгү гарнизонго айландырылып, бОтай орус офицерлери, миңдей аскерлери менен бир нече мезгилге чейин турат, ага полковник Ионов командачылык кылып турган. Өз мезгилинде ошончолук көп аскерлерди кармап туруу үчүн көптөгөн бөлмөлөрү бар имараттар курулган. Ал кезде мылтыктан башка согуштук куралы, техникасы жок болгондуктан аскерлер жалаң ат улоо менен жүрүшкөндүктөн узундугу 100 метр болгон, айланасына чуңкур казылган атайын аткана курулган. Азыркы Көк-Жар көчөсү жайгашкан жерде чоң базар болуп, ар тараптан келишкен кербенчи-соодагерлер ошол чоң коргондун ичине товарларын түшүрүшүп, ал жерден самаган жактарына алып кетип турчу экен. Бул коргон ошол 1895-жылдан 1920-жылга чейин Сары-Кол өрөөнүндөгү соода борборунун кызматын аткарып тургандыгы тууралуу аксакал жашоочулар айтып келишкен. Булардын баарына көзөмөлдүк кылган полковник Ионов жергиликтүү эл менен жакшы мамиледе болуп, элдин жакшы жаман иштеринде бирге болуп аларга колдон келген жардамдарын берип турган.

 

1920-жылы бул чек ара аскер отряды Мургабка азыркы отряд жайгашкан жерге көчүрүлөт да, ал жерге жаңыдан чоң имараттар, коргондор салынат. Ошондон баштап бир канча мезгилге чейин, тактап айтканда 1930-жылдарга чейин деерлик бул чоң коргон пайдаланылбай ээн калган. Ошол мезгилден баштап бул айыл турган жер Көөнө-Коргон деп аталып калган. (Таиров Ысмайыл ажынин айткандары боюнча жазылды).

 

Бекжол-Ата мазары туралуу

Тээ жеткен жеринде кан төгүп кыргыз калкын какшаткан терме калмактардын заманында Бекжол, Акжол деген эки бир туугандар жашашкан экен. Алар Сары-Колдогу ичкилик кыргыздардын кыдырша уруусунан болушкан. Бул бир туугандар жөнүндө жазылган так маалыматтар жок болсо дагы, Сары-Кол жергесинде атадан балага айтылып эл оозунда уламышка айланып калган мындай бир окуя бар.

 

Бир мезгилдерде Пышарт жайлоосун жайлап жаткан аз гана элге, жолунда кезиккендин баарын кырып, малы жанын олжолоп келе жаткан калмактар жөнүндө кабар келет. Жайлоодогу айылдын эли тез арада жыйын куруп чаап келе жаткан жоодон коргонуунун кеңешин кылышат. Ошондо Акжол менен Бекжол элин кыргындан аман сактап калуу үчүн жылганын башынан аз гана жигиттерди жыйнап жылганын оозуна түшүп келет.

 

Пышарттын оозуна түшүп келип карашса чын эле тээ дарыянын боюндагы талаа менен толо кымылдаган көп калмактын жер жайнап келе жаткандыгын көрөт. Ошондо бул кымылдаган калмакка тең келе албай тургандыктарын сезген Бекжол иниси Акжолго кайрылып;

-“Айылга түз качсак элди кырып алабыз, сен жигиттерди алып Мургаб менен Мадиян тарапты көздөй кач, ошентип душмандарды адаштыралы, силер эптеп кутулсаңар Мадияндан бел ашып айылга барып элди башка жакка алып кетип куткаруунун амалын кылгыла. Мен бул жерде жоо менен алымдын жетишинче салгылашып турам, менин сөөгүмдү ушул жерден таап көөмп койорсуңар”- деп иниси Акжолду жолго салат. Акжол дагы агасын жалгыз таштап кетүүгө кыйбай бир топко суранат. Бекжол ага макул болбой:

-“Тез, жөнөгүлө, бир адамдын өмүрү деп жалпы айылдын элин кырып албайлы, мен душманды кармап турам”-дейт. Акжол көзүнүн жашын көл кылып агасынан ыраазылык сурап кыйыла коштошуп, анын айтканын аткарып жигиттерди ээрчитип Мадиян өрөөнүнө качымыш болуп душманды адаштырып бел ашып айылына келет да аларды башка жакка качырып кетет.

 

Ал эми Бекжол болсо каптап келген душман менен катуу кармашып, бир кыйла убакытка чейин аларды ошол Пышарттын оозунда токтотуп турат. Бирок көп душманга туруштук бере албай ок тийип, ошол жерде душмандардын колунан шейит болот. Ошентип Бекжол баатырдык менен душмандарга каршы өзү жалгыз согушуп, бир айыл элди кырылуудан аман алып калат. Бир аз убакыттан кийин душмандан аман калышкан айьлдаштары, иниси Акжол Пышарттын ооз жагына түшүп келип, ал жердеги кызыл кыргындын изин көрүшөт. Бекжол өзү жолдун боюндагы борчук таштын үстүндө, бүт денеси канга чыланган бойдон каза болгонун көрүшөт, анын каны таштын боору менен ылдый агып барып катып калган экен. Азыр даты ошол таштын бооруда тикесинен кеткен кара такты байкоого болот. Бекжол баатырды айьлдаштары кастарлап, аруу жууп ошол борчук таштын үстүнөн жай казып, жерге беришет. Ошентип Бекжол-Ата мазары пайда болуп калган экен.

 

Бекжол-Ата мазары башына кыйынчылык түшкөн адамдарды колдойт деген ишеним менен Сары-Кол жергесинин эли ага дайыма сыйынып, ыйык тутуп келе жатышат. Буга байланышкан төмөнкүдөй бир окуя эл арасында ушул күндөргө чейин айтылып жүрөт.

 

XVIII кылымдын аягы XIX кылымдын башында азыркы Мургаб айылынын баш жагындагы Курбантай деп аталган жерде Тезек-Төктү деген конуш болгон, жардын алдындагы ошол конушта жашаган Абдилдабек аттуу адам жайдын күнү Алай жактан ат менен келе жатып, (ал кездерде машина деген болбогондуктан түнөп, конуп каттап турушкандыктан) кечке жуук Чечектиден өтүп Кызыл-Даңгига жеткенде өйүз жактан башы көзүн жүн баскан, денеси от болуп жалындаган бир балекеттүү жаныбар ач айкырык салып артынан кууп келе жатканын көрөт. Катуу коркуп кеткен Абдилдабек жан алакетке түшүп атына камчы уруп качып жөнөйт. Кызыл-Даңгидан Пышарттын сайына жеткенге чейин жанагы балакеттүү жаныбар аттын куйругунан сермеп чала жетпей келе берет. Алдындагы жаныбер аты дагы булоолонгон терге чөмүлүп алынын жетишинче чуркайт. Аттын туягынан чыккан чаңдын арасында дагы эле баягы балакеттүү жандык колун сунган боюнча, анча мынча аттын кыл куйругун чапчып калбай келет.

 

Пышарттын сайынан өткөндө Абдилдабектин көзүнө Бекжол-Ата мазары көрүнөт. Ошондо Абдилдабек: “Оо кудай, ыйык Бекжол-Ата, ушул балекеттен куткара көр!” - деп ат жалына өбөктөгөн бойдон көз жашын салаалантып ыйлап келет. Бекжол-Ата мазарынын тушуна жетип өтө бергенде Абдилдабектин кулагына арт жактан “чырр- чырр” эткен үн угулат. Ат үстүнөн кылчайып артка караса куду тартылган зымга илингенсип баягы балекет мазардан өтө албай түтөп туруп калыптыр. Үйүнө жетери менен эле атын байлай салып, өзү үйгө кирип эле жыгылат. Бир мезгилде ат жаныбар бир чьңырып алып, тыбырчылап жатып жан берет. Ошол бойдон Абдилдабек өзү 2-3 ай боюу ооруп төшөктө жатып үчүнчү ай дегенде араң сакайып кеткен дешет.

 

Бул окуядан Сары-Кол жериндеги Бекжол-Ата мазарынын ыйык касиетин көрүүгө болот. Бекжол-Ата мазары азыркы Мургаб шаарчасына беш чакырымдай кире бериште жайгашкан. (Таиров Ысмайыл ажынын жазгандары боюнча)

 

Кара-Чабыр, Кырк-Шейит кырылган элдин мекени

Азыркы Г.Бердибаев жамаатынын аймагында Кара-Чабыр деген өрөөндө Кырк-Шейит деген жылга бар. Бул жерлердин аталыштары дагы Сары-Кол кыргыздарынын жоокерчилик мезгилдеринен калгандыгы тууралуу эл оозунда айтылып келе жатат. Буга ал жердеги катар мүрзөлөр, анча мынча табыла калып жаткан жаанын жебелеринин сыныктары сыяктуу нерселер буга далил. “Терме калмак” аталган канкор элдин заманында бир уруу журт азыркы Кара-Чабыр аймагын мекендеп турган дешет. Кыргызга күн бербеген калмактардын хандарынын жазоолочу баш кесерлери барган жеринде тирүү жан койбой терип жүрүп кыргыздарга кыргын салып, канча элди жок кылышкан.

 

Ошол мезгилде ата-энеден ажыраган эки жетим бала ошол элдин арасында өлбөстүн күнүн көрүп жашап жүрүшөт. Биринин аты Сейит, экинчисиники Мурат эле. Улуусу Сейит кара тору, ал эми кичүүсү Мурат болсо бетинде сепкили бар чыбыр экен. Жеңелери алардын аттарын айтпай бирин “кара”, экинчисин “чыбыр” деп тергешет. Бара бара Сейит жана Мурат деген аттары калып эле эл арасында “кара” менен “чыбыр” аталып кетишет.

 

Күндөр өтүп, айлар жылып, жылдар тогошуп бул эки жетим эр жетип, эл кызматына жарап өз алдыларынча журт курап ошол жерди мекендеп өз эли менен жашоолорун өткөрүп турушат. Ошол доордо ар жагы Кытай, Ооганстан тарапты, биягы Сары-Кол жергесин калмактар ар дайым талап тоноп, башкарып бийлеп турушчу экен. Ал жердин тургундары калмак ханы Коң Тайчинин айткандарын лам дебей аткарып турушуптур. Кичине каршылык көрсөткөндөрдүн баштары кыйыла чабылып турган дешет. Бул эки бир туугандар, Сейит менен Мурат калмак ханы Коң Тайчинин айтканына макул болбой, өз элин бирде бул жылгага, бирде тиги жылгага жашырып бир канча мезгилге чейин калмактарга багынбай жашоо тиричиликтерин өз алдыларынча өткөрүп турушат.

 

Кара менен Чыбырдын элин такыр багындыра албаганына намысы келген Коң Тайчи бардык жоокерлерин жыйып аларга:

- Бардыгыңар уккула Кара менен Чыбырдын элин кайсы жылгадан болсо да таап, тапкан жерде кырып, катындарын олжолоп, айылынын күлүн кокке сапырып, малын айдап келесиңер! - деп буйрук берет.

 

Калмактын жоокерлери барбаган жылгалары, издебеген өтөктөрү калбай көпкө чейин Кара менен Чыбырдын элин таппай убара тартып өлөрчө чарчашат. Суй жыгылышкан калмактын жоокерлери Коң Тайчинин алдына кайтмакчы болуп Ак-Суу дарыясынын боюнда бир аз эс алып алууну көздөшүп, аттарын откозууга байлашып, өздөрү шиберге отуруп калышат. Өлө чарчаган жоокерлердин кээ бирлери курал жарактарын баштарына жазданып ысык күндүн аптабында уйкуга кетишет, айрымдары жаагына колдорун таянышып Кара менен Чыбырдын кай тарапта экендигин билбестен маң болушуп буттарын сунуп кобурашып отурат. Кол башчысы дарыянын жээгине жакын жерде алдына ат тердигин салып, үстүнө жашыл чепкенин жамынып ойлуу отурду.

 

Бир кезде кол башчынын чепкенинин этегине арт жагынан ызылдап учуп келип бир көгөөн конуп калды. Колунун сырты менен аны чаап жиберүүгө камынып барып кол башчы токтоп калды. Ал көгөөндү акырын гана чертип койду эле ал топ этап шиберге кулап түштү. Көптү көргөн кол башчы көгөөндү аярлай кармап алаканына салып үнүлө карады да бир бутун суна, арыда жамбаштай жаткан жоокерлердин бирин кол булгай чакырды да, жанына келген жоокерге алаканындагы көгөөндү сол колунун сөөмөйү менен сая көрсөтүп:

- Муну көрдүңбү?- деди көгөөндүн куйругуна байланган ак, кызыл сөөмдөй болгон жибектерди көрсөтүп - демек Кара менен Чыбырдын айылы ушул айланада, бардыгыңар тургула, тез арада теетиги кара кырды көздөй аттаналы. Ошол замат калмактардын жоокерлери октой атып турушуп аттарына ыргып минишип алыс эмес жердеги кара кырды карай чаап андан ары ашып кетишти. Алардын артынан уюлгуган чаң гана калды.

 

Корее Кара менен Чыбырдын айылынын этек жагында сайма сайып отурушкан кыз келиндер, бир кегеенду кармап алып, анын куйругуна жибектен байлап туруп учуруп жиберишкен экен. Ошол кегендун келген жагы боюнча Кара менен Чыбырдын айылын аныктап алышкан калмактар басып кирип айылды тып тыйпыл кылып жок кылган экен. Ошентип кыргынга учураган элдин баары шейит болушкан экен. Ошондон бери бул ереен Сейит менен Мураттын жери болгондуктан Кара-Чабыр аталып калыптыр. Ошол Кара-Чабырдагы Кырк-Шейит деген жылгада азыр да 2-3 км. созулган таш мурзелер бар. Ошентип Кара менен Чыбырдын эли калмактардын колунан тукум курут болуп бутунку кунде, Кара Чабыр деген ереен менен Кырк-Шейит деп аталган жылга гана калган. (Таиров Ысмайылдын айткандары боюнча)

 

Кыз-Мазар

Калмак баcкынчыларынан канчалаган журт азап тартпады. Тиягы Кашкар, биягы Сары-Кол, Ооганстанга чейин калмактар ошол аймактарда жашашкан кыргыздарга күн көрсөтпөй аларды маал-маалы менен чаап турган. Ошондой мезгилдерде Кытайдагы Кашкар аймагына калмактар экинчи ирет чабуул жасашып баскынчылык кылышат. Кашкар аймагынын батыш тарабындагы Сары-Кол менен чектешкен жердеги Ак-Чий ооданындагы Бостон-Терек айылына да кыйынчылык боло баштайт. Текеберленген калмактардан: “Бизге кырк кызды өз билгилери менен даярдап коюшсун, эгерде жакшылыкча аткарылбайт экен, айылды тып тыйпыл кылабыз, тез арада жооп күтөбүз!” деген кабарды калмактардын ханы Коң Тайчи айттырып жиберет. Калмактардын бул шартынан сестенген айыл эли эмне кылар айлаларын таппай бир кыйлага ойлонуп калышат. Ал айылдын жашоочуларынын көпчүлүгү кыргыздардын кыпчак уруусунан эле.

 

Ошондо кыпчак уруусунун билермандары чогулуп, элди кыргындан сактап калуу үчүн өз урууларынан чыккан Бекназар бектин Мадина деген кызын баш кылып, ар уруудан үчтөн кыз чогултуп, кырк кызды калмактарга тартуу кылуу бүтүмүн чыгарышат. Бекназар бектин эки кызы бар эле. Биринин аты Мария, экинчиси Мадина болгон. Ошол кезде Мадина аттуу кызы 16-17 жаштар чамасында болуп, бойго жетип толуп турган, ажарлуу, ай жамал сулуу кыз эле. Атасынын эркек баласы болбогондуктан, Мадина эр азаматтардан кем калышпай, ат чаап, жаа тартып ар дайым жигиттер менен анча мынча жортуулга да барып жүргөн, ошол жоокерчилик замандагы шамдагай, эр жүрөк кыздардын бири болгон экен.

 

Бостон-Теректин аксакалдары менен билермандары чогулушуп келип, Бекназар бектин айылына түшүп калышат. Жашыл нооту чепкенин желбегей жамынып аларды утурлай чыккан, Бекназар бек келгендер менен жылуу учурашып:

- Ии, келгиле, баатырлар. Жолуңар болсун. Бу кайдан, деги тынчылыкпы? - деп бардыгы менен жайдары кол алышып чыкты - Үйгө киргиле, урматтуу коногум болгула.

- Бек, кулдугубуз бар, сизге келген максатыбызды эшиктен айтып кетели, убактыбыз тар. Максатыбыз эле, калмактар бардыгыбызды кырып салмай болду, элди кыргындан сактап калуунун бир жолу, ар бир уруудан үчтөн кыз чогултуп, аларга тартуу кылмак бүтүмүнө келдик. Сиздин Мадинаны да ошого кошсоңуз, кызды кытайга бер деген кеп бар эмеспи бек...- деди топту баштап келген олбурлуу жигит ээрден копшоло берип.

- Айтарьңар ушул беле?! - Бекназар заматта түнөрүп, келгендерди тегерете карады да - бар болгону бешенеге жазганы эки кызым болсо, алардын бирин дагы калмактарга тартууга берсин дейсиңерби? Жок! Кадырыңарды жам кылып келген жолуңарга түшкүлө, болбосо калмактардан мурда силерди жок кылам! - деди.

- Ачууга сабыр кыл бек! Сен элден ашыксыңбы, кыздарды сактап отуруп, бир уруу журт кырылып калсынбы...?! — арт жактан кыйкыра сүйлөдү бирөөсү. Бекназар бек менен чогулгандардын чатагы ырбай баштады. Бул сөздөрдү үйдүн ичинде угуп турган Мадина чыга келип атасы менен чогулгандардын ортосуна тура калып, колун жайып:

- Өзүңөр айткандай ачууга сабыр жигиттер! Эгерде элимдин керегине жарай турган болсок, тартууга кетүүге даярбыз. Өзүм баш болуп, кырк кызды мына мен чогултам. Бирок, бир шарт менен. Калмактар бизди алар болсо, олжого түшкөн күң катары эмес, сүйүшкөн ашык жарларындай, той кылып алышсын. Кырк кыз кырк күн тойго камылга көрөлү, келерки айдын туура тогузунда так ушул Ак-Чийде атамдын конушунда күтүп туралы. Калмактардын бизди ала турган бектери даярдана келишсин, бере турган белектери болсо, өздөрү чечишсин. Ушуну калмактардын башчысына жеткирип койгула -деди. Чогулуп тургандар бирин-бири карашып бир саамга алардын арасын жымжырттык аралады.

- Болду сөз бир, бул айтканыңды калмактын ханы Коң Тайчиге жеткиребиз, калганын андан соң көрө жатарбыз - топту баштап жүргөн олбурлуу жигит камчысын бүктөй Бекназар бекти карады. Бекназар артына кайрылып боз үйдүн түрүлүү эшигин көздөй басты. Бекназар бекке келишкендер да аттарын топуратып келген жагына кайтышат.

 

Ошол күндөн баштап, Мадина өзүнө окшогон жаш кыздардан кол курап, тымызын ат, курал жарак топтоп, жоого даярдык көрө баштайт. Болжошкон күнү калмактар тойго өтө катуу даярданып келишет да Ак-Чийдин сазына чатырларын тигип, эч нерседен капарсыз тойго даярдык көрө башташат. Ушул эле учурду күтүп турган Мадина баштаган кырк кыз капысынан калмактарга кол салат. Алапайын таппай шашып калган калмактарды эч нерсеге үлгүртпөстөн кырк жоокер кыз кырып салышат. Ошол түнү кырк күн бою даярданган Мадина айылды көчүрүп, көчтү өзү баштап, Улуу-Чатты ашып Кара-Артка түшөт, андан бери Кара-Көлгө келет. Кайсы учурда болсо да артынан калмактардын кууп келерин билишкен кырк кыз көчтү алдыларына салып анын артында өздөрү коргонууга чеп коргондорду салып, жүрүп отурушат. Капыстан калмактар арт жактан кууп келип кол салып калса, алардын көп сандагы аскерлерине туруштук берүү үчүн, айланасы ачык, эң бийик, чыгууга оңой болбогон тоолорду тандап алышат.

 

Кыздардан калган ошол чеп коргондор, бүгүнкү күнгө чейин “Кыз-Коргон”, “Кыз-Чеби”, “Кароол-Дөң” аталып Сары-Кол өрөөнүндө сакталып келе жатат. Азыр дагы алардын издерин байкоого болот.

 

Кыздардын колунан кыргын тапкан жоокерлеринин кабарын уккан калмактардын ханы Коң Тайчи калган өз кол башчыларын чогултуп:

- Ошол кырк кызды кайдан болсо да таап, тирүүлөй менин колума саласьңар, бул буйрук аткарылбаса бардыгыңардын башыңар кетет! - деп катуу буйрук берет.

 

Ошол кезде кыздардан жеңилип калган калмак ханы Коң Тайчи жөнүндөгү мындай ыр саптары комуз менен азыр дагы Сары-Кол элинин оозунда ырдалып келе жатат:

 

Тайчидан тайчи, Бек арстан тайчи,
Кыз алар болсоң болжошкон күнү 
Антташкан жерге кел арстан Тайчи
Кылыгын кыздын сезбедиң Тайчи,
Кылар бир ишти билбедиң Тайчи,
Кыз алам деп куралдьң Тайчи
Өлүгүң түздө дөң, болду Тайчи
Тойлогон тойду сен эмес Тайчи.
Карга бир, кузгун, коң болду Тайчи
Кыпчактан чыккан кыз шумкар Тайчи
Ажалдын тузун таттырды Тайчи
Өзүң каалап барбас бир жерге
Өлтүрүп сени жаткырды Тайчи.

 

Кырк кыздын артынан сая түшүшкөн калмактар, аларды кууп калбай келишет. Кыздар дагы аларга моюн бербей согушуп, улам Сары-Колдун Кара-Көл, Ыраң-Көл тараптарын басып өтүшөт. Бир урушта Мадинанын атасы Бекназар катуу жарадар болот. Ошондон соң калмактардын көп жоокерлерине туруштук бере албай калышкан кыздардын башчысы Мадина бир күнү алар менен чогуу көчүп келе жаткан элди чогултуп:

- Оо, элим, эми минтип чогуу жүрсөк баарыбыз кыргынга учурайбыз. Бардыгыңар ар жакка топ-топ болуп тарагыла. Ажал жетип өлбөсөк кайрадан жер үстүнөн табышарбыз. Биз болсо артыбыздан сая түшүп келе жаткан калмактарды адаштырып Ооган тарапка өтүп кетели. Кош бол элим, канжыгада көрүшкөнчө, ушундай кыздар бар эле деп эстей жүргүлө! - деп элди быягы Алай, тиягы Ош, Фергана, Оро-Төбө, Жизакка чейин таратат.

 

Жалпы элди кетирип өздөрү гана калышкан кырк кыз куугун салып келе жаткан калмактардан чегинип, Сейнөстөндөн өткөндөн кийин из жашырмакка суу ылдый азыркы Мадиян өрөөнүн көздөй кетишет. Мадиянга түшүп кеткен кыздарды бир топ убакытка чейин калмактар таппай калышат. Бул учурда кырк кыз азыркы Ылы-Суу ата мазары турган жылгада жайгашып, жоокерчиликке даяр болуп, жылганын оозуна ар дайым кароол коюп, үч жылдай туруп калышат. Коң Тайчы хандын каарынан коркушкан калмактар кыздарды кайдан да болсо издеп табуунун аракетинде болуп, Сары-Колдун бардык аймагын кыдырып жүрүшүп, Мадиянда турган кыздардын кабарын билип калышат.

 

Ошондой күндөрдүн биринде кыздар өргүп, дарыянын боюна келишип, сууга түшүп жуунушуп, таранышып көп убакыттан бери жоокерчилик менен жүрүшкөн жашоодон бир аз болсо да арылышып, эс алып жатышты. Эч нерседен шектенбей капарсыз жаткан кыздардын артынан сая түшүшкөн калмактар так ушул жерде чабуул коюп бардыгын кырат, кырк кыз тең шейит болушат. Калмактын жоокерлери Ылы-Суу атанын белин ашып Аличор тарапка түшүп кетишет.

 

Ошол калмактардын колунан кыздар мерт болгон жерде, алардын сөөктөрү коюлуп Кыз-Мазар аталып калат. Бул мазарга өткөн кеткен жолоочулардан бирөө жанаштырып эки терек эгип койот. Мезгилдер өтүп баягы эки терек бой керип, аппак болуп өсүп, ал жерде шейит болгон кыздардын аппак, аруу белгисин берип турган дешет. Кийинчереек эле, кыркынчы жылдардын башында, бир адам бул теректерди устунга пайдаланмакчы болуп аларды кыйдырат. Ошондо эки теректен тең кадимкидей кан агып, анан дагы жалынган сыяктуу аялдын назик үнү чыккандыгын айтып жүрүшөт.

 

Ал эми бул өрөөндүн аты дагы баатыр кыз Мадинанын атынан, Мадиян делип калгандыгы божомолдонуп айтылып келе жатат. (Таиров Ысмаил ажынын жазып бергендери боюнча)

 

Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

С.Таджидинов, Ж.Ибраимова

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены