Сары-Кол өрөөнүндөгү кыргыздар тууралуу кыскача...

Сары-Кол өрөөнүндөгү кыргыздар тууралуу кыскача...

“Дүйнө чокусу” деген каймана аты бар Памирдеги Сары-Кол өрөөнүн мекендеп келе жаткан бир ууч кыргыз жашоочулары кантип күн кечирет, эмне менен алектенет, кыскача жашоо таржымалы жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

 

Сары-кол жергеси башка жерлерден жер кыртышынын катаалдыгы, каксоолугу менен айрымаланып, деңиз денгээлинен 4200 метр бийиктикте жайгашкан өрөөн болуп эсептелет.

 

 

Сары-Колдун жашоочулары мал чарбачылык менен алектенишет. Сары-Кол өрөөнүндө аба ырайы катаал болуп, жер өтө шордуу (туздуу) болгондуктан, жылуулуктун жетишсиздиги, кыштын узактыгы, жайдын кыскалыгы дыйканчылык кылууга мүмкүнчүлүк бербейт. Союз мезгилинде болбоду дегенде буудай өстүрсө болот деп аракетенишкен, бирок өскөн эмес.

 

Sary kol kg kyskacha 2

 

Сары-Кол жергесинде жайында күн 25-30 градус жылуу болсо, кышында сууктун күчү 45-50 градуска жетет. Ошол себептен кыш катаал болуп, узактыгы 4-5 айга чейин созулат. Кыш мезгилинде жааган кардын бийиктиги 40-50 см.ге жетет. Мындан жогору жааса, мал отко жетпей, жут болуу коркунучу тооруйт.

 

Жылдагыга салыштырмалуу быйыл, 2017-жылдын кышы, катаал болду. "Ош-Мургап" автоунаа жолу тосулуп, айрым жүргүнчүлөр 15-20 күн дегенде үйлөрүнө жетип жатышты. Айылдан районго барчу жолдор тосулуп, малдар короодон чыкпай, азык-түлүк жетпей, бир топ кыйынчылыктар жаралды.

 

Жайдын августь, сентябрь айларында эл өздөрүнүн чабынды жерлеринен чөп жыйноого киришет. Ар бир адамга өзүнчө жер участкасы бөлүнгөн. Ар бири 25-30, кээ бирлери 35-40 сотых болот. Албетте, чөп чабынды жер чулукта жайгашкандыктан, тоют камдоодо кыйынчылык жаралбай койбойт.

 

Чөп чаап алгандан кийин аны тармак менен чогултат да, төө менен кургак жерге алып чыгып саптап коет. Кийин толук кургаганда автоунаа менен ташып алаышат. Чөптү негизинен жаш малдарга топтошот. Мисалы: козу, улак, эми отуккан торпокко.

 

Sary kol kg kyskacha 3

 

Дагы бир чоң көйгөй болуп Сары-Кол жашоочулары үчүн отун маселеси болот. Топоздун тезегин, малдын алдынан чыккан кык, мындан сырткары "терскен" деп аталган көп жылдык чөп өсөт. Тандырга мына ушул терскенден жагып нан жабышат. Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү мектеп окуучулары талаага барып терскен казышып үйлөрүнө отунун камдашат.

 

Бул жердеги жашоочулар негизинен ишке жарамдуу болгону менен, иштегенге иш жок. Ошол себептен элдин көпчүлүгү Кыргызстандын Чүй, Ош жана башка аймактарына ооп келишкен. Маданият жана агартуу мекемелеринде иштегендер гана айлык акы менен камсыз болушат. Жайында жайлоолорго чыгып, айран-сүт, май-курутун алып, кышкыга камданышат.

 

Sary kol kg kyskacha 4

 

Негизинен бодо малдардан топоз, уй, айрымдары төө кармашат. Ал эми атты же жылкыны ал жакта кармоо өтө эле кыйын. Анткени түтөк кармап малдын өзүнө эле зыян болот. Малы жоктор башка бир айыл ичинде чыккан жумуш менен алектенишет.

 

Кышында айылда көпчүлүгү чогулушуп, кезек-кезеги менен ыр кесе уюштуруп, аксакалдар ордо ойноп, айыл ичи жанданат. Мына ушинтип, Сары-Кол жергесиндеги кыргыздардын жашоосу улана берет...

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены