Сары-Кол өрөөнү жана анда отурукташкан эл жөнүндө маалыматтар

Сары-Кол өрөөнү жана анда отурукташкан эл жөнүндө маалыматтар

Сары-Кол XVIII-XIX кылымдарда. Сары-Кол Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бири Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун аймагына тиешелүү болгон Мургаб районунда, Тажикстандын чыгыш жагындагы Сары-Кол деп аталган өрөөндө, башкача айтканда Чыгыш Памирде жайгашкан. Анда азыркы учурда 15 миңге жакын эл жашайт, анын 80 пайызга жакыны кыргыздар, ал эми 20 пайызга жакыны тажиктер. Мурдатан бул жерде жашашкан элдердин этнографиясы такыр эле изилденбей келип, XVI кылымдарда гана айрым чет элдик окумуштуулар тарабынан жазылган маалыматтар пайда боло баштаган. Ошондон баштап бул аймакка көптөгөн окумуштуулар кызыгып, изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Жалпы эле Чыгыш Памир, же болбосо Сары-Кол өрөөнү, тууралуу азыркы күндө көптөгөн тарыхый, илимий, географиялык жана башка эмгектер жарык көргөн. Аларда Сары-Кол өрөөнү, Памир жергеси жөнүндө, ал жердеги кыргыздар менен тажиктер тууралуу көп ой-пикирлер, маалыматтар берилген. Эң алды менен ошол эки эл жашаган Сары-Кол, же Памир жергеси тууралуу билип алганыбыз абзел деп ойлойбуз.

 

Бул тууралуу акыркы мезгилде жарык көргөн тарых илимдеринин доктору, доцент Бектемир Жумабаевдин “ПАМИР: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш” деген эмгегинде Чыгыш Памир жери жөнүндө төмөнкүдөй так маалыматтар берилген:

 

Байыркы жазма жана тарыхый булактарда бул кереметтүү бийик тоолуу жерди “Дүйнөнүн чокусу” деп аташкан. Байыркы ирандыктар бул тоолуу аймакты, күндүн кудайы Мидраттын түбүндөгү Па-и-михр (Памир) деп аташкан. Памир аталган аймакка тиешелүү болгон территориялар Гиндукуш тоо кыркаларынан тартып, Гималай, Тянь-Шань-Алай чөлкөмдөрү кирет. Памир, Тянь-Шань аймагы көчмөн элдердин үстөмдүгүндө турган бөлүнгүс территория катары бизге маалым. Памирде 8-10 миң жыл мурда биринчи жолу адамзаттын издери түшкөн аймакты табышкан. Памир аймагында адамдардын узак мезгилде турган чоң жайын археологдор табышып, андагы табылган буюмдардан, көмүрдүн күлүнөн анализдешип б.з.ч. 8-миң жылдыкка таандык экенин далилдешти. Бул жерден таштан курал жасалчу устакана жана 8 миңдей алгачкы адамдардын колдонгон буюмдарын табышкан. Мындай бийик тоолуу аймакта, татаал климаттык шартта, башкача айтканда орточо бийиктиги деңиз денгээлинен 3000 метр бийиктикте туруп, кышкы суук 40 градустан ашканына карабай, аймакты сүйүп, 10 миңдеген жылдар бою адамзат жашоосун үзбөй, башка табигаты адамга жагымдуу аймакка көчүп кетпей, тукумдан тукум улап жашап келген аймактын сырын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Бул боюнча айрым окумуштуулардын пикирлерине караганда Памир аймагында жүздөгөн кылымдар мурда өрөөн азыркы абалынан 500-700 метр төмөн болуп, табигый өсүмдүктөргө мол, адамзаттын жашоосуна жагымдуу климат өкүм сүргөн.

 

Кийинчээрек климаттын татаалдашына, суук боло баштаганына карабастан адамдар жашоосун улап, мекендеп жашап калышкан. Бүтүндөй Орто Азия аймагындагы миңдеген жылдар бою элдин жайланышуу тарыхындай эле бул жерде да ушундай тарыхый процессти башынан кечирип, биринен сала бирин алмаштырып жайланыша баштаган. (Б. Жумабаев. “ПАМИР: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш”. Бишкек 2009. 18-30-6.)

 

Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы элдерден экендиги тарыхтан белгилүү. Алар бир гана азыркы Кыргыз Республикасынын аймагында эмес Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө дагы ушул күнгө чейин турмуш кечирип келе жатышат. Конкретүү түрдө алып карасак, кыргыздар Борбор Азиянын Казакстан, Тажикстан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрүн мекендөө менен аларга улагалаш жайгашкан Кытай Эл Республикасынын Шинжан Уйгур автономиялуу облусуна караган Сары-Кол тоо кыркаларын этектей кеткен аймактарда да жашап келе жатышат. Ушул туурасында дагы окумуштуу Бектемир Жумбаевдин “ПАМИР: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш” деген китебинде мындайча белгиленет:

 

“Б.з.ч. 1-миң жылдыкта Азиянын чоң аймагында Алтайдан Кара деңизге чейин Сибирден Афганистанга чейин жана Индия, Памирде көптөгөн көчмөн уруулар жашаган. Аларды жалпысынан сактар же скифтер деп аташкан. Байыркы грек-перси тексттеринде аны сактар жана сак-тиграхауда, сак- хаумаварга деп аташкан.

 

Сактар жөнүндө маалыматтар жазма булактарда да көп кездешет. Мындай жазма булактар болуп Бехистун аскасындагы жазууларда, тарыхтын атасы болгон Геродоттун жазма булактарында, перси жазма булактарында кездешет.

 

Б.з.ч. 7-к. чегинде Памир өрөөнүнө чоң тайпадагы көчмөн уруулар келе баштаган. Бул көчмөн урууларды байыркы перси жазуулары боюнча саки- хаумаварга, ал эми антикалык тарыхый булактар боюнча саки-ашори деп аташкан. Ошол мезгилде Алай өрөөнүн Ашори түздүгү деп да аташкан. Памир-Алайдагы мындай көп урууларды сак-хаумаварга деп аташкан.

 

Жазма тарыхый булактарда Памир-Алай өрөөнү, Тянь-Шань-Алай тоолуу массивинде согуштук саясий жана эл аралык маанилүү ролду ойногон. Анткени чыгыш урууларынын батышка баруу үчүн транзиттик жол катары пайдаланышып, кенен өрөөн болгон өзөндөгү Мургаб, Памир, Вахан аркылуу Кызыл-Суунун жээги боюнча батышка карай жүрүшкөн. Мындай жол көчмөндөр, соодагерлер үчүн ыңгайлуу келип, чарчаганда малын жайып эс алышып, андан ары жүрүүгө жакшы шарт болгон. Жазма булактарда бул чөлкөмдө Азия материгиндеги эң байыркы мамлекеттердин келип чыгышындагы көчмөн уруулардын тарыхына байланыштуу ар кандай коргонуу чептери жана караван сарайлар кездешет. Тоолуу аймак душмандардан жеңил коргонууга, буктурма уюштурууга ыңгайлуу болгон. Эл аралык маанидеги Памир-Алай өрөөнү көптөгөн аскердик күчтөр өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылышкан. Анткени аймактагы чыгыш менен батышты байланыштырган транзиттик жолду, соода магистралын көз жаздымда таштоого эч кимдин кеңүлүн бурбай коюуга мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан Памир-Алайды ээлик кылууга (б.з.ч. 4к.). А.Македонский аракет жасап көргөн, (б.з.ч. 104-99 жж.) Ли Гуанли башында турган Кытайдын У-Ди аскердик күчү аракет жасаган, (б.з. 654-748-жж.) Судиноран жана Ван-Чжен- Сян бир аз каратууга ниеттенген, XIV к. Тимур басып алган, XIX к. Кокон хандыгы ээлеген.

 

Памир-Алай өрөөнү байыртадан эле белгилүү аймактардан, ал тууралуу маалыматтар кытай тарыхый булактарында б.з.ч. 2-к. кездешет. Бул кытай тарыхый булактары боюнча, Алай өрөөнүнүн түндүк чыгыш бөлүгү аркылуу, Жибек жолу өткөнүн белгилеп кетет. Жибек жолу негизинен Кыргызстандын территориясында түндүк жана түштүк аркылуу эки тараптан өткөн. Анын түндүгү Алай өрөөнүнө тиешелүү. Бул жол Кытайдан чыгып, батыш дарыясынын өрөөнү боюнча Тегерек Даван ашуусу аркылуу Ошко же Фергана өрөөнүнө барышкан. Түштүктөн өткөн бул жолду кытайлыктар Тянь-Шань-наньлу (түштүк Тянь-Шань жолу же түндүк Асман тиреген тоо аркылуу өтүүчү жол) деп аташкан. Мындай чыгыш менен батышты байланыштырган коммуникациянын байланышы Памир-Алай өрөөнү үчүн маанилуу ролду ойногон.

 

Улуу жибек жолу кылымдар бою чыгыш менен батышты байланыштырып, Евразия континентинин экономикалык жана соода жагынан гана эмес тарыхый-маданий жактан өнүүгүсүнө, цивилизациялардын ширелишине түрткү берген негизги тамыр болгон.

 

Биздин эранын башталышында байыркы күчтүү мамлекет болгон Греко- Бактрий падышачылыгынын ордуна Улуу Кушан мамлекети орнойт. Бул мамлекеттин чек арасы түштүгүнөн тээ Инд океанына жетсе, түндүк жагынан Арал деңизине чейин жетип, Тянь-Шань тоо кыркалары менен өтүп, Памир, Алай, Фергана өрөөндөрүн камтыгандыгы белгилүү. Ушул доордон баштап бир нече кылымдар бою дал ушул Памир-Алай өрөөнү аркылуу чыгыш менен батышты, түндүк менен түштүктү бир цивилизация менен экинчи бир цивилизацияны байланыштырып турган Улуу Жибек жолунун бир нече бутактары өткөндүгүн белгилеген. “Хань династиясынын эрте тарыхы” менен салыштырганда, бул жол “Кашкардан Кызыл-Сууну бойлоп жүрүп олтуруп Эркечтамга чейин келет” Эркечтамдан Тоң-Мурун ашуусун ашып, Көк-Суу өрөөнү аркылуу Терек ашуусун ашып, Алай өрөөнүнө түшүп, Сопу-Коргон, Гүлчө аркылуу Фергана өрөөнүнө түшкөн. Бул жол Фергана жолу деп аталган. Фергана Кашкар жолу байыркы Кытай булактарында Сыма Цяндын “Тарыхый жазмаларында” жана ошондой эле “Хань династиясынын эрте тарыхында”, “Хань династиясынын кийинки тарыхында” (202-ж. б.з.ч-25 ж.б.з) бул жолдун маршруту VI-VIII кылымдарга чейин эле белгилүү болгон” деп белгилейт Л.Зелинский. Бирок бул маршрут менен XVIII-XIX кылымдарда да орус саякатчысы Ф.Ефремовдун өткөндүгү белгилүү. Экинчи маршрут Каратегин багыты. Бул жол Кашкардан башталып жогоркудай эле Тоң-Мурун ашуусунан өтүп, Чоң-Алай өрөөнү аркылуу Каратегинге андан ары Файзабадга, Аму-Дарыяны кечип өтүп, Термезге, ары батышты көздөй кеткен. Бул багыт дагы Шугнан багыты деп аталып, ал Жаркент, Таш-Коргон, Мургаб аркылуу өтүп, Аличор-Гунт-Шива көлү менен андан ары Файзабад, Балхты көздөй кеткен. Чыгыш Памир менен өткөн кербен жолдорунун бир өзгөчөлүгү, ашууларынын бөксөлүгү жол боюндагы тоюттун молдугу менен айырмаланган. Кытай летопистеринде Памир тоолорун б.з VII кылымдарда жазылган “Тань династиясынын тарыхында” Цунлун тоолорун төмөндөгүдөй эскерген. Көбүргөндүү (пияздүү) тоосунун түштүгүнөн бийик ак карлуу тоолор менен чектешип түндүк жагы тээ Балхашка чейин созулуп жатат. Уркуйган чокулары бир нече жүз лиге чейин созулуп, анын тоолуу өрөөндөрүндө ар дайым улуу мөңгүлөр жатат.

 

Памир жөнүндөгү алгачкы маалымат Кытай саякатчысы Сюань-Цзянга таандык. Ал буддизимдин көрүнүктүү жактоочусу болгондуктан бул дин өз өлкөсүндө кеңири тамыр жайгандан кийин, буддизимдин башаты болгон Индияга зыярат жасоого белсенип, Орто Азия аркылуу Индияга сапар тартат. Анын саякаты Теңир тоонун бийик ашуулары аркылуу, Ысык-Көлдү айланып өтүп, Боом капчыгайы менен Ташкент, Самаркандга чейин жетет, андан Орто Азиянын кумдуу чөлдөрү, Афганистандын талаалары аркылуу Индияга өтөт. Кайра кайтканда Гиндукуш аркылуу Памирге Окус дарыясынын башатынан баштап Кытайга келген. Памирди По-ми-ло деп атап, төмөндөгүдөй жазат: “Эки ак карлуу кырка тоонун ортосунда кычыраган суук өкүм сүрүп, ызгаардуу шамал согуп турат. Жазында, жайында да кар жаайт. Шамал күнү-түнү токтобостон жүрүп турат. Жер кыртышы туздуу келип, майда шагыл таштуу болот. Бул жерде жемиштүү өсүмдүк эч качан өспөйт. Бадал-тал өтө сейрек кездешет. Айланасы жапайы талаа, эч бир адам баласынын жашаган изи билинбейт. По-ми-ло өрөөнүнүн ортосунда чоң, Ажыдаар көлү жайгашкан. Бул көлдүн суусу таза, тунуктугунан улам түбү чексиз күзгүдөй көрүнөт”. Сюань Цзяндын саякатынан алты кылым өткөндөн кийин, 1272-жылы венециялык көпөс Марко Поло Жер Ортолук деңизинен баштап, Борбордук Азияга чейин ушул Памир аркылуу өткөн. Ал өзүнүн жол саякатында Алайдын климаттык шартын, өрөөндүн өзгөчөлүгүн жазып кеткен: “Үч күн Түндүк Чыгышка карай тоолор аркылуу улам бийиктеп жүрүп олтуруп, дүйнөдөгү эң бийик жерге келесиң. Мына ушул бийик жерде эки тоонун ортосунда түздүк жайгашкан өрөөн аркылуу дарыя агып өтөт. Бул дүйнөдөгү эң сонун жайлоо, эң арык мал он күндө семирет. Жапайы айбанаттар бул жерде өтө көп. Бул жерде жапайы кочкорлор да көп (аркар/гулжа Б.Ж.) алардын мүйүздөрү төрттөн алты карышка чейин жетет. Анын мүйүзүнөн бул жердеги малчылар идиш жасашкан. Ошол эле мүйүздөрдөн малды кармоо үчүн короочо да курушат”. Ал эми Памир жөнүндө Марко Полонун жазгандары көп жагынан алып караганда Сюань Цзяндын жазгандары менен дал келет: “Андан ары он эки күн бийик түздүк менен жүрөсүң, бул жерди Памир деп аташат, эч кандай турак-жай, чөп-чар жок, тамак ашты өзүң менен кошо алып жүрүшүң керек. Бул жер бийик жана суук болгондуктан чымчык да жок. Катуу сууктан от да күйбөйт, бийиктен башка жерлердей эт да жакшы бышпайт”.

 

Монголдордун дуулат уруусунан чыккан Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстандын тарыхында өтө чоң мааниси бар чыгарма жазган Мырза Мухаммед Хайдар дин “Тарихи-и Рашиди” аттуу эмгегинде (1543- жылы жазылган) биринчи жолу азыркы аталышындай Памир деп атаган. “Иаркенттин батыш тарабында Бадахшан жайгашкан бул экөөнүн ортосунан өткөн тоо Памир деп аталат. Анын туурасы кээ бир жерлери жети-сегиз күндүк жол”. Дегинкисин Памир деп аталышынын келип чыгышы жөнүндө да ар кандай божомол ой пикирлер көп. Кээ бир окумуштуулар байыркы санскрит сөзүнөн келген дешсе, кээ бири перс же түрк тилдеринен келип чыккан сөз деп айтышат. Айрым изилдөөчүлөр “Уна Меру” же Меру тоосунун атындагы көл (Меру байыркы индус мифологиясында кудайлардын жашаган тоосу катары дүйнөнүн борбору деп түшүнгөн. Белгилүү англис саясий ишмер, чыгыштаануучу сэр Генри Роулинсон “Англия жана Россия чыгышта” деген эмгегинде саякатчы окумуштуулардын Памирге саякатына талдоо жасаган жана Памир деген аттын келип чыгышына өз көз карашын айткан. Анын айтуусу боюнча Фан-мир же Фамир (сөздүн мааниси) “көлдүү өлкө” деген маанини берет. Страбондун белгилегени боюнча “мир” деген сөз санскрит тилинен “деңиз” дегенди түшүндүрөт да (латын сөзү mare, немецче mecr, французча тег, англисче таге, орус тилинен море деген мааниси келип чыккан). Анткени Памирде көлдүн көптүгү бул окумуштуулардын жогоркудай ойду айтканына түрткү берген окшойт. Кээ бир окумуштуулар Памирдин аталышы түрк сөзүнөн келип чыккандыгын белгилеп, ал адам жашабаган талаа деп белгилейт. Ал эми көпчүлүк окумуштуулар Памир деген аталышты фарсы тилиндеги Бамии-и-Дуния же Дүйнөнүн чокусу, мындан сырткары дагы бир ойду айтышат: фарсы тилинен “най-и бут”, “мир” деп Орто Азияда орто кылымдарда тоону аташкан. Ошондуктан мифтик “меру” сөзү да буга айкалышып кеткендигин жана “пай и мир” деген версия көбүрөөк чындыкка жакындашат деп жазган Керзон. Дегинкисин айтканда Памир деген аталышты окумуштуулар байыркы санскрит тилинен баштап араб, фарсы, түрк тилдеринен кездешкени менен бир пикирге келишкен эмес.

 

Памирде байыртадан бери эле ар түрдүү тилде сүйлөгөн, ар кандай элдер жашап келгендиктен жер-суу аталыштары да түрдүүчө. Байыркы санскрит тилинен баштап, кыргыз, иран, тажик тилдериндеги топонимдер аралаш кээде бир эле топоним эки же андан көп маанини туюндурат. “Бийик тоолуу аймакта негизинен кыргыздар жашаса, батыш жана түштүк Памирде жана Сары-Кол тоо кыркаларынын тоо тармактарында аз сандуу иран тилинин бир бөлүгү болгон памир тилинде сүйлөгөн элдер, батыш Памирдин айрым жерлеринде өздөрүн тажик тилинде сүйлөйбүз деген калк жашайт. Дал ушул эки фактор рельефтин мүнөзүн жана ар кандай географиялык обьектилерди атаган тилдин, ошондой эле географиялык аталыштын мүнөзүн аныктап берет”.

 

Памирдин топонимдерин изилдеген окумуштуулар, бул аймактагы жер-суу аталыштары негизинен иран тилиндеги жана кыргыз-түрк тилиндеги топонимдерге бай: “Аларды салыштырып көрсөк көбүнчө түрк-кыргыз тилиндеги жер-суу аттары басымдуулук кылат-”, деп баса белгилейт Д.И.Эдельман. Чыгыш Памирдин жер-суу аттарынын аталыштары башка тилдерден келип чыккан аталыштар менен бирге эле көпчүлүгү кыргыз тилиндеги топонимия менен байланыштуу. Негизинен Чыгыш Памирди түндүк бөлүгү менен бирге Сары-Кол өрөөнүн кошуп жергиликтүү эл жалпы аталышта Сары-Кол деп аташат. “Сар” деген ягноб-тажик тилинен тоонун бийик бөлүгү, же ягноб тилинен тоолуу капчыгай дегенди туюнтат, ал эми “кол” деген сөз монгол тилинен “өрөөн” деген маани берет, жалпылап айтканда бийик тоодогу өрөөн деген маанини билдирсе керек. Чыгыш Памирдеги топонимиялык аттар бардык кыргыз жергесиндей эле жашоо образ, айлана-чөйрө менен тыгыз байланышта болуп кыргызча аталган. Негизинен муну мааниси боюнча бир нече топко бөлсө болот.

 

Памирдеги кыргыздардын жашоосу, көчмөн турмуш образы мал чарбачылыгы, аңчылык менен тыгыз байланышта болгондуктан - Миң-Теке, Белен-Кийик, Кара-Теке, Теке-Чапты, Бодо, Өгүз-Агыл, Бөрү-Жылга, Аюу-Жолу, Бөрү-Коргон, Коенду, Ат-Өлдү, Эчки-Өлдү, Ат-Жайлоо, Ак-Козу, Арык-Кочкор ж.б.у.с. топонимдер көп учурайт. Жер шартына, географиялык, ландшафттык өзгөчөлктөрүнө байланыштуу да топонимдер кездешет Ыраң-Көл, Жашыл-Көл, Айдың-Көл, Ак-Жар, Упа-Таш, Ак-Кыя, Ак-Сай, Бор-Өтөк. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жардылыгына карабастан, Топ-Терек, Арпа-Экти, Шибе-Айгыр, Ой-Тал ж.б өсүмдүктөргө байланышкан аттар. Памирдин көпчүлүк топонимдеринде кыргызча аталыштарынын кездешиши бул аймакта кыргыздардын тээ байыртан жашап келгендигин айгинелейт. Чыгыш Туркстандын батыш Памирге чектеш жактарында кыргыздар жөнүндө Э. Маанаев биздин замандын бир миңинчи жылдыктарында эле “Енисейдеги кыргыздар менен катар, алардан бөлүнүү абалында болуп, ар түрдүү убакытка жана тарыхый шартка ылайык чыгыш Түркстандын ар кайсы жерлеринде жашап келген,”- деп жазат.

 

Памир кыргыздарынын тарыхы Чыгыш Түркстан менен тыгыз байланышта болуп орто кылымдардан бери эле бул жерлерде кыргыз уруулары жайланышып көчүп-конуп жүргөндүтү тарыхый булактардан маалым.

 

XVI кылымдын аяк чендеринде бухар эмири Абдулла хан Батыш Памирдеги кичинекей өз алдынча хандыктар болгон Вахан, Шугнан, Рушанды каратып алат. Абдулла хан Батыш Памирге үстөмдүгүн орноткону менен Чыгыш Памирдеги кыргыздарга өзүнүн бийлигин жүргүзө алган эмес.

 

XV кылымдын орто ченинде Чыгыш Түркстанга Бухарадан Мухаммед пайгамбардын тукуму болгон кожо-эшен Махтум-Азам келип, калк арасында чоң сый-урматка ээ болгон. Анын балдары Имам Калян жана Исак Вали мусулман дининин эки сектасын негиздеп, аларды жактоочулар “ишкия” жана “исакия” деп аталып, кийинчээрек биринчисин “ак тоолуктар” жана экинчиси “кара тоолуктар” деп аталып калышкан. Бул эки группировканын ортосундагы диний пикир келишпестиктер акырында ачык ич ара күрөшкө өттү. Ак тоолуктардын жетекчиси Аппак кожо ошол мезгилде бүт чыгыш Түркстандагы мусулман калкынын арасында кадыр-барктуу болгон. Ал бул ич ара күрөштө өзүнүн бийлигин бекемдөө максатында калмак ханы Галдан Бошоктуга жардам сурап кайрылат. Калмактар XVII кылымдын аягы XVIII кылымдын башында өздөрүнүн мамлекеттүүлүгүнүн эң күчтүү деңгээлине жетип, чыгыштан түштүк Сибирден баштап Тибетке чейин жеткен эле. “Галдан Бошокту Тибеттин далай-ламасынын чакыруусу менен 1673-жылы, Аппак кожого жардамга келип, бүт Чыгыш Түркстанды өзүнө каратып, Аппак кожону жергиликтүү башкаруучу кылып дайындап кайра кеткен”. Ушинтип бүт чыгыш Түркстан формалдуу түрдө калмактардын бийлиги астында калган.

 

Чыгыш Түркстанда жана Тянь-Шанда калмактар үстөмдүк кылып турган мезгилде Памир жана Памир райондорундагы кыргыздар өздөрүнүн өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын сакташса да, Галдан-хандын отрядтарынын бири Мургаб суусуна чейин жетип жана Ак-Байтал өрөөнү ага жыйноо пункту катары кызмат кылган. Памир кыргыздарынын үстүнөн болгон калмактардын үстөмдүгү бошоң экендиги булар менен түшүндүрүлөт, калмактар Памирге жеткенден кийин жана өздөрү көчмөн-малчы болушса да бул жерлерде дайыма калышкан эмес: калмактардын негизги борборлорунан кыйындык менен жетүү жана Памирдин алыстыгы алар үчүн кыйынчылыкты түзгөн. Ошондуктан Памир кыргыздары чындыгында көз карандысыз болушуп, калмак үстөмдүгүнө каршы дайыма күрөш жүргүзүшкөн. Кытай булактарындагы маалыматтар боюнча Памир жана Памирге жакын райондорунда жайгашкан калмактар, күчтүү кудуреттүү мезгилинде да кыргыздарды баш ийдире алышкан эмес. XVII кылымдын аягында Памирдеги кыргыз эли Синьцзянда жана Фергана өрөөнүндө да жашаган башка кыргыздар менен бирге Кытай Түркстанындагы толкундуу окуяларга күбө болуу менен алар ак тоолуктар менен кара тоолуктардын ич ара күрөшүнө катышышкан. Мухаммед-Садык-Кашкарынын билдирүүсү боюнча курамында кара тоолук кожолор болгон калмактарга каршы күрөштө кыргыз урууларынын төмөнкү топтору катышышкан; кыпчак, тогуз кыпчак, сары кыпчак, найман, жүз-угул ж.б. XVIII кылымдын Манчжур династиясы калмактарды талкалап, Чыгыш Түркстанга өзүнүн бийлигин орнотту. Чыгыш Түркстанга Кытайдын үстөмдүгүнүн толук орношуна Цаван-Рабтананын мурасчысы Галден-Церен өлгөндөн кийин калмактарда башталган ич ара күрөш бул процессти тездетүүгө мүмкүндүк берген. Бул убакта кара тоолук кожолор, Памир кыргыздарынан жардам алышып, калмактардын ич ара күрөшүүсүнөн жана алардын бошоңдошунан, начарлашынан пайдаланышып, калмактардын үстөмдүгүн биротоло жок кылууга аракет жасашкан.

 

Чыгыш Түркстанды башкарып келген кожолордун династиясынын өкүлдөрү Бурхан-ад-Дин жана Ходжа-Жихан калмактардын туткунунан бошотулгандан кийин Цин бийлиги аларды пайдалануу менен бүт Кашкарды башкарабыз деп ниеттенип Бурхан-ад-Дин жана Ходжа-Жиханды башкаруучулукка дайындаган. Кожолор Цин бийлигинин үмүтүн актабастан Кашкар мамлекетинин көз карандысыздыгын кайра жарыялады, ушуга байланыштуу Кытай бийлиги чыгыш Түркстанда өзүнүн үстөмдүгүн чыңдоо үчүн жоокерлерин жөнөткөн.

 

1758-жылдын июнунда Чжао Хуэюнун башкаруусу астында Кытай жоокерлери Үч-Турфанды, Кучаны басып алуу менен 1759-жылдын орто чендеринде Кашкар, Жаркент тарапты каратып, Музарт өткөөлү тараптан да аракет кылып, бүт Кашкарды багындыруу менен аяктады. “Кытай аскер башчылары жогорку айтылган шаарлардан кожолордун качкандыгын билдиришти”. Кытай аскерлеринен жеңилген кашкарлык кожолор Бадахшанга качууга аргасыз болушту, алардын артынан жөнөткөн кытай генералы Фу-Де Памирдеги Жашыл-Көлгө чейин жеткен. Ушундан кийин Чыгыш Түркстан калкы анын ичинде памирдик кыргыздар өздөрүн кытай бийлигинин вассалдарыбыз деп эсептешти. Ал тургай кыргыз бийлеринин кытай бийлигине баш ийгендигин кытай булактарында төмөнкүдө жазылган “Адигиненин Ажы бийи менен кокондун Ирдана беги чын дилден баш ийишерин билдиришкен, адигиненин Ажы бийи (Ацзби) Шалакүчүктү (Сарыкүчүктү) жибергенин ал (Дактана) кабарлады”. Ошондой эле Ажы бийдин катын берип жиберген; каттын котормосу мындай: “Урмат менен билдиребиз. Учу-кыйрысыз мекенге жабуу болгон чексиз асман сыяктуу, мүлдө макулуктун камын көргөн Будданын ашкан адамгерчилик касиети даарыган, илгерки Искендердин айбаттуу сүрүндөй, Үрүстөм шекилдуу Ааламда теңдеши жок баатыр, төрт деңиздин эгеси, улуу мартабалуу өкүмдар, Цяньлун өтө бийик урмат менен алдыңкы сап аскерине дайындалган кол башчы. Баш урган букараңыз буруттардын адигине (уруусунун) үлүгү Ажы-бий улуу өкүмдарга урмат менен узун өмүр тилейт! Ушул тапта Цянцзязюдун жарлыгын алдык, моюн сунгубуз келерин билдиребиз. Бухарадан чыгыштагы 210 миң адам - биз баарыбыз тең силерге букарабыз”. Мен жооп катты тапшырдым жана өзүнчө сый көрсөттүм. Жогоруда көрсөтүлгөндөй кыргыздардын территориясы ошол мезгилдеги чыгыштан Памирден баштап батышка бухара ээликтерине чейин созулган. Ошондой болсо да ошол мезгилде памирдик кыргыздар кытайлардын атуулубуз деп эсептешсе да, өздөрүнүн өз алдынчалыгын сакташкан. Орус архивдик булактарында “Памир кыргыздары көз карандысыздыкка көнүшкөн, алар эч качан бирөөлөр тарабынан эзилип жана афгандык же кытай бийлигин тааныган эмес”, - деп жазылган. Чындыгында эле бул жердин кожоюну болуп, ар бир уруу топтун башында турган кыргыз бийлери болушкан. “Синьцяндын сырт жагында жашаган кыргыздар (Памирлик кыргыздар Б.Ж) Цйн империясы менен байланышта болгондугуна карабастан, Цин администрациясынан көз карандысыз жана империянын ичиндеги жашаган калктын букараларына теңелген эмес. Жогоруда айтылган мисалды тастыктаган Хун Линин көрсөтмөсүнөн көрүүтө болот ал “кыргыздарды ички аймактагы мусулмандарга салыштырууга болбойт”. Кыргыз бийлери тышкы байланыш түзүүдө да эркиндигин сактап калышкан, алар жасаган иштери боюнча Цин бийлигинин алдында жооп берген эмес. Алардан Кытай бийлиги кээ бир жерлерге күзөт коюну гана милдеттендиришкен. Ошентип Памир кыргыздарынын үстүнөн болгон Кытай башкаруучуларынын бийлиги өтө солгун болгон.

 

Көп узабай эле Чыгыш Түркстанында Цин династиясына карты Памир кыргыздары түздөн-түз катышкан кашкар кожолорунун кыймылы башталат. 1814-жылы Зия-ад-дин башчылык кылган көтөрүлүш чыккан, бул көтөрүлүшкө памирге чектеш аймактагы (Сары-Кол-Б.Ж.) кыргыздар активдүү катышкан. Кыргыздардын бул кыймылга катышуусу кытай бийлигин бир топ чочуткан, бул жөнүндө Императордун указында мындайча жазылган: “Эгерде буруттардын (кыргыздардын-Б.Ж.) жүрөгүн моюн сунбагандык ой ээлеп турса, анда бул майда-чүйдө нерсе эмес, бул мамлекеттик деңгээлдеги маселе”. Бул жолку кыймыл Кокон хандыгынын Памир аймагын өз карамагына өткөрүү багытында басып алуучулук аракеттер менен шайкеш келген. Азрет-Аппак кожонун чеберелеринен, Кокондо Мадалы хандын жана кыргыздардын арасында жашырынып жүргөн Жахангыр төрө кыргыздарынын колдоосу менен 1826-жылы Чыгыш Түркстанга келген, анын келиши менен бул жерде Цин бийлигине каршы кыймыл башталат. Жахангыр-төрө Цин бекеттерине бир нече жолу бүлүк салып, ал гана турсун кытайдын чакан отрядын талкалап, аскер башы Баянбатуну жок кылат. Цин бийлиги дагы да болсо кыргыз бийлерине кайрылууга аргасыз болгон. “Пекин (1827-ж. 28-июндагы указдын негизинде) Жахангырдин Мужу капчыгайында (Чыгыш Памирде-БЖ.) жашынып жүргөндүгүн билгенден кийин, найман уруусунун бийлерине аны кармап берүүлөрүн өтүнөт. Ал эми Жахангыр төрө Памирлик кыргыздарга качууга мажбур болот. Акырында Цин династиясы Жахангыр төрөнүн аскерин Кашкардын алдында талкалап, аны кармап тынышат да, жеңишке ээ болгон соң Кокон хандыгынан Жахангыр төрөнүн туугандарын берүүсүн талап кылат.

 

1832-жылы Кокон хандыгы Чыгыш Памирди анын Сары-Кол тарабын басып алып, ал жерде Таш-Коргон чебин негиздейт да Памир жана ага чектешкен аймактарды өз аймагына бириктирет. Мына ушул мезгилден баштап Памир кыргыздары формалдуу түрдө болсо да Кокон хандыгынын курамында болгон.” (Б. Жумабаев. “ПАМИР: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш”. Бишкек 2009. 18-30 б.)

 

Окумуштуу Б.Жумабаев Сары-Кол өрөөнү тууралуу ушинтип жазып келип төмөнкүдөй корутундулайт: “Памирдин тарыхын изилдөө, анын тээ байыртан келе жаткан көөнө тарыхын, анда качантан бери адамзаттын изи калгандыгын, ал жерден сакталган материалдык бай маданияттын калдыгын “археологиялык” изилдөөлөр аркылуу окуп үйрөнүү өткөн кылымдын орто ченинен баштап эле жүргүзүлүп келе жатат. Ал эми Чыгыш Памирге кыргыздардын качантан бери жашап жаткан уруулардын тарыхын, алардын миграциясын толук изилдегенде гана максаттуу жыйынтык чыгарууга болот.

 

1. Памирдин топономиясын иликтеп отуруп көп окумуштуулар “Памир” деген аттын келип чыгышына акыркы чекитти кое элек болсо дагы, ал жердеги жер-суу аттарынын аталышында байыркы санскрит тилдерден баштап, кыргыз-түрк, фарси-тажик тилдеринде топонимдер, айрыкча кыргыз тилиндеги аталыштардын басымдуулугу кыргыздардын ал жерде тээ байыртадан эле мекендегендигинен кабар берет.

 

2. Енисей кыргыз дөөлөтү кулагандан кийин, кыргыздардын түндүк Монголиядан баштап, Алтай, Иртышка чейинки чачырашы, кийинчерээк түндүк Кытайда кидандардын империясынын күч алышынын натыйжасында кыргыз урууларынын кээ бир бөлүктөрү чыгыш Түркстандын түндук батыш жактарына жана Памирдин этектерине чейин келип калышкан. Бул биринчи этапта келген кыргыз уруулары (тейиттер жана кыпчактар).

 

Экинчи этапта XIII кылымдын башында Чынгыз хандын кысымы астында келген уруулар (наймандар).

 

Үчүнчү этапта келген уруулар XIV-XVIII кылымдарда Каратегин жана Фергана өрөөнүнөн журт которушкан уруулар (кесектер). Ошентип чыгыш Памирге кыргыз уруулары ар кайсы мезгилдерде, бир нече этап менен отурукташкан”. (Жогоруда көрсөтүлгөн китепте. 48-бет).

 

Ал эми ТБАОнун 80 жылдыгына карата чыгарылган «История Горно Бадахшанской автономной области» деген коллективдүү эмгекте дагы Чыгыш Памирде кыргыздардын пайда боло баштагандыгы туурасында мындай маалыматты көрөбүз: «В этническом отношении киргизы Восточного Памира составляли одно целое с киргизами, жившими в Восточном Туркстане. Можно предположить, что процесс формирования памирской этнической группы киргизов-ичкиликов-происходил тот момент, когда они населяли территорию современного Синьцзяна и Памира. Начало этого процесса, очевидно, относится к X - XIII ВВ.» («История Горно Бадахшанской автономной области», Душанбе, 2005, стр.278)

 

Жергиликтүү жашоочулардан сурамжыланып, чогултулган материалдарда дагы бул багытта көптөгөн ой-пикирлердин бар экендигине ынанса болот. Ал материалдардын негизинде карасак да Чыгыш Памирде кыргыздардын отурукташкан мезгили Караханийлер дооруна барып такалат. Буга мисал катары Аличордун тургуну Д. Ташбаевдин жыйнаган материалында келтирилген мындай.кызыктуу фактыларды алып кароого болот.

 

Чыгыш Памирдин Аличор өрөөнүндөгү Тамды жылгасындагы, Суук- Өтөк жайлоосундагы, Базар-Дара жана Ак-Суу өрөөнүндөгү Ак-Бейит көрүстөндөрүндө археологиялык казуулар жүргүзүлгөн. Бул археологиялык казуулардагы көрүстөндөрдөн табылган сөөктөргө инфракызыл нурдануусу менен жүргүзүлгөн анализдин негизинде окумуштуулар бул мүрзөлөрдүн IX жана XI кылымдарга таандык экендигин аныктоо менен, андагы скелеттердин баш сөөгүнүн түзүлүшүнө талдоо жүргүзүп, маңдайы жазы ал эми мурундары жалпак болгондуктан монголоид расасына киргизишкен. Ал эми сөөктүн мүрзөгө коюлушунда башкача айтканда сөөк Кут жылдызына (Алтын казык) тууралап коюлуп, ал эми башы оң жак ийинин карай бурулуп коюлган башкача тактап айтканда Кыбыла тарапты каратып, оң колу жанына ал эми сол колу менен авратыны (уяттуу жерин) жаап койгондуктан бул мүрзөлөр сак уруусунуку башкача айтканда Ислам дининдеги элдер жашашкан деген жыйынтык чыгарышкан.

 

Ал эми Базар-Дарадагы казылган 7 мүрзөнүн биринен аты жана анын жабдыктары менен бирге көмүлгөн жоокердин сөөгүн табышкан. Табылган сөөктү изилдеп анализдегенде ал да Сак элине таандык болуп чыккандыгы айтылат. Демек, Сары-Колдо Сак эли башкача айтканда кыргыздар ислам дини жайылганга чейин эле жашаган деген жыйынтык чыгарууга болот. Ошого байланыштуу кыргыздар Сары-Колдо же Чыгыш Памирде байыртадан эле жашап келе жаткан түпкүлүктүү элдерден деп айтса болот.

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

ТБАО Мургаб району

Сүйүнтбек Таджидинов

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены