1912-жылдын кышы аяктап калган маал. Колунда короо-короо кой, эчкиси, жылгаларда жайыт кайкалаткан топоздору, анан дагы кокту толо төөлөрү бар Элчибай Сары-Колдун таанымал адамдарынын бири.
Ал тиягы Ак-Суу, Чеш-Дөбө, тее Андеминге чейин, күн батышта Үч-Кол, Мадиян тарапка чейин малын жайлатып, кыштатып чыгып эми төл алуучу конушуна көчүүнү ойлонуп турган кези.
Колу берешен, сураган нерсеге жок дебейт, бирде бирөөгө жардам керек болсо аябайт.
- Умаркул жылгадан келдиби? -Элчибай чыканагына коюлган жаздыктан өйдө боло берип, үйге кирген Кенжебайга карады.
- Келе жатат.
- Аа, жакшы, айтчы, шамдан кийин мага бир келсин-деди Элчибай очоктун жанындагы кумганды ала, чепкенин желбегей жамынып сыртка дааратка чыгып баратып.
- Майли аке! -Кенжебай дагы агасынын артынан кошо чыкты.
Элчибай даарат алганча кардын какаары суу тийген бети башын үшүтүп жиберди. Кумганды кармаганча үйгө кирип, белиндеги куруна колун, жүзүн аарчып, желбегей салынган чепкенин кийип, жүктүн үстүнөн жайнамазын алып намазга турду.
- Аяш, ата, чакырган экенсиз? -Умаркул үйдүн эшигин ачып баш бакты.
- Кел, кел бери кир, -Элчибай Умаркулга карап жанынан орун көрсөттү- мында отур, экөөбүз сүйлөшө турган кеп бар.
Умаркул Элчибай менен кол алыша учурашып жанына жакын отурду.
- Чайыңар болсо алып келгиле-деп Элчибай кемпирине ээк ата карады. Чачбактарын шалдырата аялы алардын алдына дасторкон жайды, да очоктогу чайдөштөн чай куюп, оболу Элчибайга сунду.
- Бияка бер, -деди Элчибай Умаркулдун алдын көрсөтө.
- Жок, жок ала келиң-Умаркул да аяш атасына карады.
- Ал, тартынба, мен эми эле ичип отурдум. -Элчибай ууртунан жылмая Умаркулга алаканын тосуп койду.
- Умаркул, бу Ак-Суу тарапка кар көп түшүп калды, айрыкча мына биз отурган Кур-Ыстык кар кабы, жер - деп сөзүн баштады. Элчибай - эртең даярданып, бүрскүнү Ак-Иймекке көчүп алалы, ал жакта кар аз дешет, болбосо бул жерде отура берип, төлдөн кол жуубайлы. Умаркул башын ийкеп, колундагы чынысын дастарконго коюп:
- Мен да ошону, ойлодум эле, аяш ата, анын үстүнө малдар да этин таштап жатат-деди.
- Ап, бали, сен бизге жардамдашып малды Ак-Иймекке чейин өзуң айдап бар. А, биз үй-жайды алпарып жайгаштырып турабыз.
Элчибай бай Умаркул менен масилетин бүткөзүп, көчтүн майда-чүйдөсүнө чейин дагы бир топко чейин сүйлөшүп отурушту.
Бир күн өткөрүп, Элчибай ат, өгүзгө, төөгө жүктөрүн артып, Умаркулга малды биздин чыйырдан адашпай айдай бар деп жылга өйдө көчтү баштап, саар намаздан жанып, ичине ысык суу өткөрүп эле жөнөп кеткен.
Кар Кур-Ыстыктагыдан азыраак болгону менен, баары бир журт тазалап үй тиккенге өтө эле көп убакыт кетти. Отко жакканга эч нерсе көрүнбөйт, терскен, куртка дегендер кар алдында калыптыр. Элчибай өзү баш болуп, короонун бир аз жерин тазалашып, жарым каптай койдун корголун чогултушуп, очокко үйүп от жагышты, анын коруна чөөгүндү коюп өзөк жалгап, чай ичип, артта келе жаткан малды күтүп калышты.
Алыстан малдын карааны көрүнөрү менен инилери Кенжебай менен Түкүнү жөнөттү. Алар Умаркулга жардамдашып малды үйдүн жанына айдап келишти.
Кой артынан келген Умаркулдун жонунда көтөргөн чоң тең терскени бар. Ал аны алып келип үйдүн тушуна жөлөп койду. Муну көргөн Элчибай ага ыраазы боло:
- Абдан жакшы кылыпсың, отун ала келип, биз коргол чогултуп от жагып отурдук эле. Эми кирип дем ал, эртең короону тазалайбыз, бир күн мал кардын үстүндө калса кудай албайт - деди. Үйгө кирип бир чыны ысык чай ичкен Умаркул жанындагы жаздыкка чыканактай үргүлөп кетти. Көзүн ачса күн кечтеп калгандай. Ал ордунан тура түз эле кар баскан короонун ордуна барып, каламага жөлөнүп коюлган калакты алып тазалап кирди. Шамга жакын ошол көп мал баткандай орунду тазалап койду. Дааратка чыккан Элчибай муну көрүп, Умаркулга экинчи жолу ичинен ыраазы болду.
Элчибай бай үй-бүлөөсү, койчулары менен мал төлдөтүүнүн кызуусуна аралашып кетти. Сыртта кой, эчки маарайт. Түйшүк көп. Көтөрүп жүрүп козу салышат. Жээрик койлорду түбөйлөп алындырат.
Мал жалпы төлдөп бүтүп калганда, кар ала-телек болуп, кичине от алып калган. Тоолордун этектери дале кар. Ошентсе дагы күн мурдагыдан эрте, кеч эле суук болбосо, күндүз чыдашка болот.
Кечкурун короодогу койлорду бир катар түгөлдөп жүргөн Умаркулду Элчибай чакырып калды. Үйгө кирип жайгашып отургандан соң;
-Умаркул, аяш балам, сага абдан ыраазымын, ушунча жыл сен мага жардамдаштың. Ырахмат балам - деп сөзүн баштады Элчибай. Эми жай алды менен Кашкардан, Таш-Коргондон кербен тарткан соодагерлер келет, алар менен соода жүргүзөсүң. Малды өзүң билгендей соодага алмаштыр, акың ошонун ичинде, мен сага ишенем.
Умаркул чочулап, бирде кызарып, бирде бозоруп;
- Ошого жарар бекенмин бай, жөн эле тиричилигимди өткөрсөм бекен - деп баратканда.
- Жарайсың, жарабагыдай сен жаш бала белең - Элчибай сөздү чорт токтотту.
Ошондон бери жыл өттү. Умаркул ал ишке да каныгып калды. Тээ Беиктен ашып, тиягы Ишкашимге, Орошонго чейин биягы Ош, Ферганага соода тарткан соодагерлерден малга айрыбаштап азык-түлүк, кийим кечек алат, ар бир учурда бирден, экиден жандык калат, алынган соодаларды Элчибай байдын алдына алпарып, эсебин берет. Аларды Элчибай малын багып жаткан койчу, топозчуларына, төө баккандарга, анан дагы айылдагыларга, тууган урукка бөлүп берет, өзү алат.
***
Жайдын аптабы, жайлоодогу тигилген боз үйлөр. Бул Элчибай байдын айылы. Элчибай өзү ак жегдечен, башына жашыл баркыт топусун кийип, айыл аралай өткөн кичинекей суунун боюндагы шиберде, Умаркул экөө сүйлөшүп олтурду.
- Умаркул, балам, сен мына бир жыл бою, жакшы иштерди кылдың. Элге пайдаң тийди. Өзуң эмне пайда таптың? Жыйган малың канча болуп калды?- деп суpan калды Элчибай.
- Билбейм бай, санаган жокмун, өз алынча болду да - деди маасысынын учун чукулаган Умаркул баш көтөрбөй.
- Жок, андай болбойт. Бүгүн кечинде малыңды санап бөлүп ал, сенин акың ак эмгегиң. Ошондон кийин сага айтар өзгөчө кебим бар - деди Элчибай Умаркулдун мүрүсүнө колун коюп. Ичи уйгу туйгу болгон, Умаркул байдын бул кебин ар нерсеге жоруп көрдү, бирок эмне экенин баамдап биле албады. Күн уясына батууга жакындап калган. Айылдагы жаш балдар, дагы башкалары болуп ортого топтолгон койлорду тегеректеп тосуп жүрүшөт. Умаркул менен кошо эки сомодой жигит чек салынган койлорду улам, тайгарактата сүйрөп аркы дөңсөө тарапка короодон обочолоп бөлүп жатышат. Арыраакта тегерек тебетейин кийип, колуна таяк кармап, Элчибай турат. Бир убакытта бөлүнгөн койлорду дөңсөөгө жайылып кеткендерин эңкейтип айдаган бала:
- Болдуңарбы,- деп үн сала боордон кыйкырды.
- Болду, болду, Умаркулдун койлору баары чыкты - короодогулардан бирөө жооп берди. Элчибай акырын басып барып каламанын оозуна барды. Аны утурулап чыга калган Умаркулга:
- Канча баш болуптур - деди
- Миң экен, бай, - деди Умаркулдан озуна анын жанындагы сомодой жигит.
- Аа, жакшы, жакшы, ак эмгектен баар табат деген ушу - Элчибай каткыра Умаркулдун жонуна таптады
- Жүр эми үйгө, экөөбүз отуруп бир жакшы сүйлөшөлү! Анан малыңды эми өзуң ийгерип аласың.
- Умаркул Элчибайдын артынан ээрчий үйгө кирип, капшыттан орун алды.
- Оо, кокуй, жогору менин жаныма кел, балам, эми сен деле байлардын катарына кошулдуң - Элчибай жайдары күлүп жанынан орун берди. Алдыларына дасторкон жайылды, айран, каймак коюлду, Элчибай башына жашыл топусун кийип, жамбаштай бутун сунуп Умаркулга сөз баштады:
- Билсең керек, быйыл кышта тиги өзүмдүн эле тууганым Кудайберген миң башы менен уруша кеткенде аны миң башылыктан тиги Шажан конуштагы ак падышанын адамы Ион мырзага айтып чыгартып таштаганмын. Ал орус анын ордуна бирөөнү табасың деген. Үч, төрт айда жооп берейин деп убада бердим эле. Мына эми күзгө жуук миң башы дайындалат. Ион паашага сени алып барып миң башы койдурайын, буга кандай дейсиң?- деп Элчибай Умаркулга суроолуу тигилди.
- Оо, коюңуз, аяш ата, мен ага бара албайм. Өзүм эми араң тиричилигимди жолго салайын деп жүрөм. Мага миң башылыкты ким коюптур - деп Умаркул селт этти.
- Оо башың өскүр десе, миң башы сендей эле киши болот, тиги Эшанкулдан кемсиңби? Сен болбосоң, анан кимди табабыз, кана айтчы, барбы бирөө? - Элчибай ордунан обдула Умаркулга тигиле карады - сен билсең айт!
Умаркул бир аз мукактана түшүп, анан тамагын кыра:
- Аяш ата, эгерде макул болсоңуз бир адамды айтайын - деди
- Ии, айтчы кана
- Тээ Чеш-Дөбөдө туугандарымдын колунда иним бар, мага караганда алда канча өткүр, сөзмөр, беттегенин бербейт. Ошону бир алпарып көрбөйсүзбү?!
- Аты ким?
- Жапаркул
- Анда айттырып жибер эмки аптадан калбай келсин. Келбей койбосун, оруска калпычы кылбагыла мени.
- Болуптур айттырайын, келет - деп Умаркул бир оор жүктөн кутулуп жеңилдей түшкөнсүдү. Ошол эле күнү каттагандардан Жапаркулга кабар кетирди.
Бир жумага жетпей эле Жапаркул да келип, агасы Умаркулдун үйүнө түштү. Анын келишин эле күтүп турган Умаркул Жапаркулду Элчибай байдын алдына ээрчитип барды. Кыраакы Элчибай Жапаркулду көрөрү менен эле, чындыгында андан бир нерсе чыгарын баамдады.
Эртеси эле экөө эки атка минип, Шакаракты басып өтүп, Зоо-Таштан ашып, кечке жуук Ак-Суу дарыясынын боюндагы Шажан конуштагы орус чек арачылардын коргонуна түшүштү. Элчибайды жакшы тааныган полковник Ионов, ээрчите келген Жапаркул экөөсүн тең жакшы кабыл алып, коноктоп жаткырат. Элчибай келген максатын айтып, Жапаркулду тааныштырат. Бул сүйлөшүүгө Ионовдун тилмечи да катышат. Элчибай Ионовко ала келген белектерин тартуулайт. Жыйынтыгын күтүүгө бир ай мөөнөт берилет.
Бир ай өткөндөн кийин Жапаркулга буйрук келиптир деген кабар элге таралды. Ошентип Элчибай байдын колдосу менен Жапаркул Ак-Суу, Чеш- Дөбө, Мадиянга чейин өрөөнгө миң башы болуп калды. Жашы жыйырма бештерге таяп калганы менен Жапаркул али үйлөнө элек эле. Бул аймакка бийлик жүргүзүү укугуна ээ болгон Жапаркул Шажан конуштан кайра туугандарынын айылына, өзүнө өзү батпай кубанып кайтты. Ал жердеги туугандары куттукташып, тосуп алып, кой союп ага ишине ак жол каалап батасын беришти. Ошондо айылдагы аксакалдардын бири:
- Жапаркул, Элчибай мынча кылыптыр эми дагы бир ишке жарап, эми сени үйлөндүрсүн, өзүң барып ага масилет сал - деди.
Бул сөзгө ынанган Жапаркул убакытты кечендетпей, Элчибайдын айылына келип, түз эле анын үйүнө түштү. Алдыдан тосо Элчибай чыкты:
- Ии кел, миң башы. Кандай?- деп утурлай жөнөдү
- Ассалому алейкум бай аба, дениңиз таза турдуңузбу? - Жапаркул кош колдоп көрүштү. Экөө үйгө киришти. Бир аз чайлашып отургандан кийин Жапаркул сөз баштады:
- Бай, сизге кулдугум бар. Канча ырахмат айтсам да аздык кылат го - деп колун төшүнө ала - эми, миң башы болуп алып бойдок жүргөн жарашпайт го.
- Жүйөлүү сөз экен, туура. Анан өзүң дит коюп алайын деп жүргөн кыздар барбы? - деди Элчибай Жапаркулду башынан бутуна көз жүгүртө карай.
- Эми бай, миңбашы болуп туруп бир тектүү жердин кызын албаса болбос бекен. Эл эмне дейт? - деди Жапаркул.
Анын маанилүү сөзүндө терең маани жаткандыгын ой тизмегинен өткөргөн Элчибай бир топтон кийин:
- Андай болсо, кана кимди айтасьң, тартынба, азыр колдо барда жуучуга барып, башын байлайлы - деди Элчибай
- Ачыгын айтайын, бай Ыраң-Көлдөгү Кудайберген байдын, Апида деген кызы бар дешет, ошого бир сөз салып көрбөйсүзбү - деди Жапаркул мыйыгынан жылмайып.
- Аа, болду, болду, Кудайберген байга өзүм барам, - Элчибай дагы жылмая Жапаркулду карады.
Бөрүлүк жайлоосу. Кудайберген байдын айылы. Шиберде аркандалган бирин экин ат. Айыл арасында курут кайнатып, сүт бышырып жаткандар. Таар согуп отурган аялдар көзгө учурайт. Мандайдагы боордо жайылган козу улак.
Тээ Ыраң-Көл тараптан төрт-беш атчан Бөрүлүктү карай келе жатты. Алдыраакта обочо бир атчан, кебетеси баштап келе жатканга окшойт. Калгандары анын артында катарлаша келе жатышат.
Сыртта шиберде, эс алып отурган Кудайберген бай колун бешенесине коюп серепчилей атчандарга көз жүгүрттү.
- Кимдер болду экен? - деди жанында ийик ийрип отурган байбичеси.
Кимдер болмок эле өзүмдүн эле туугандарым окшойт. Аларды ат үстүндө да тааныйым - Кудайберген бай кайра колун серепчилей карады да,
- Айтпадымбы тиги үчөө Карасарт эшан, молдо Токбай, Гаип, алдыдагы Кенжекул окшойт. Бирөөсүн гана тааныбадым жат бирөөгө - деди.
- Анда коноктордун камын көрөйүн - деп, байбийчеси ийигин көтөрө үйгө кирип кетти. Атчандар бута атым келгенде Кудайберген чоочун атчанды Чеш-Дөбөдөгү Элчибай бай экенин жазбай тааныды. Булар неге келишти деп Кудайберген бай ой чаптырганча атчандар жете келишти.
- Ой, балдар, аттарды алгыла - Кудайберген бай арыда курут кайнаткандарга от жагып жаткан тестиер балдарга кайрылды. Алар тызылдап чуркап аттарды алып желедеги казыктарга байлашты.
- Ассаламу алейкум бай аба. Тынч отурасызбы, шаксызбы, бала-бакыра, эл журт, мал жан аманбы? - алдыда келген Элчибай бай кучак жая Кудайберген бай менен көрүштү. Анын артынан калгандары көрүшүшүп амандык сурап жатышты.
- Кана коноктор үйгө жүргүлө, төргө өткүлө - Кудайберген бай келгендерди үйгө чакырды. Ошол күнү союш союлуп, Элчибай бай, аны менен чогуу келишкен адамдарга конок камы көрүлүп дасторкон жайылды. Очоктогу казанда эт кайнап жатты. Айылдагы балдар, кызмат кылып эт бышырып, отун алып келип жатса, келин кыздар, меймандарга тамак жасоонун аракетинде.
Элчибай бай Жапаркулга айткан сөзүн аткармакка Кудайберген байга келип отурганы. Байдын айылына келеерден алдын Кудайберген байдын сөзү өтүмдүү туугандарын да Ыраң- Көлдөн алып алган эле.
Эт бышканча айран, каймак, май, анан аркардын куурмасынан жеп, өткөн кеткенди кеп салып отурушту. Бир кезде Кудайберген бай:
- Элчибай бай, бу биз тарапка анча көп келбейт элеңиз, кандай себеп болуп келип калдыңыз. Билсек болобу? - деп колундагы чыныны тегерете Элчибайга карады.
- Бай, узун сөздү кыска айткан жакшы. Кымыздуу үй менен кыздуу үйгө ким барбайт. Элден келген элчимин, журттан келген жуучумун. Кызыңыз Апиданын башы бош экен деп угуп, колун сурап келдим.
- Элчибай башын артка чалкалата жүккө сөйөп Кудайберген байга тике карады - ошону уксун деп бул туугандарыңызды ала келдим.
- Ии, жакшы, кимге? - Кудайберген бай да суроолуу тигилди.
- Баягы Чеш - Дөбөдөгү туугандарынын колунда чоңойгон Жапаркул деген жигит миң башы болгонун уккандырсыз бай, ошого кызыңызды бериңиз.
Кудайберген бай бир топко ойлонуп, үстүндөгү жашыл нооту чепкенинин этегин кармалап отурду. Кабагы бир аз түшүп, ичинде бир нерсени чечип жаткансып эриндери билинер билинбес кыбырап турду да, бир оокумда:
- Элчибай бай, келгениңизге ырахмат, кыздын барар жери күйөө деген. Күйөөгө берем да. Сиз менен кудаалашсам жакшы, мен да ошону каалайм. Бирок...Эгер өзүңуздүн тамырлаш бирөө болгондо берет элем - деди.
Отургандардын арасында жым жырттык өкүм сүрдү. Дагы бир жолу айтып, көрөйүн, балким ынанаар деген ойдо Элчибай:
- Туура айттыңыз бай. Кызы бардын назы бар, аны түшүнөм. Бирок жетим да жетилет деген эмеспи. Мына ошол жетим эл башыга жарап калды. Чоң кызыңызды тээ Чоң-Алайда Гамбар казыга да бердиңиз го. А, бул бала Сары-Колдо эле - деп Кудайберген байдын ырайына көз жүгүрттү.
- Жок, байым, мени кыйнаба, анте албаймын. Үйдөн аттанып чыккан кыздын жолу эки ача болот. Ыйлаар жерге барабы, жыргаар жерге барабы ким билет, аны сиз да айта албайсыз. Бере албайм - Кудайберген бай кара күчкө кыт-кыт күлө жооп берди. Бул сөз ошону менен токтоду. Шагы сына түшкөн Элчибай "Шашпа кызыңды бергениңди өзүң туйбай каласын" - деп купуя ойлонуп, сыр бербей жымыйды. Коноктор ал күнү эт жеп мейман болуп түнөштү.
Элчибай бай эртең менен, аны ээрчий келген Кудайберген байдын туугандары менен жолго чыгышты. Ээрчигендер жолдо Ыраң-Көлдө калышат. Элчибай атын жорттуруп жүрүп отуруп Шажан конуштагы орустун коргонуна келип, тилмеч аркылуу Ионовго бардык болгон ишти түшүндүрөт. Бардыгын толук түшүнгөн Ионов, бир айча өткөндөн соң эки аскердин жана тилмечтин коштоосунда Бөрүлүккө чыгып барат. Келген конокту ар дайым өзүнүн ак өргөөсүндө тосуп алган Кудайберген бай аны да урматтап, сыйлап тосуп алат, үч күн кой союп коноктойт, бирок ал келген максатын айтпайт.
- Ион паша, кандай максат менен келиптир - деп, Кудайберген бай тилмечке кайрылды, тилмеч аны которуп берди
- Максатым, байдан бир буюм сурап келдим, эгерде берем десе айтамын - деди, Ионов тилмечке карай, башын бай тарапка ийкеп, котор дегендей белги берип. Тилмеч токтоосуз которуп Кудайбергенге түшүндүрдү.
- Аа, болсо эле берейин, ак паашадан эмнебизди аямак элек, айт-деди Кудайберген бай.
- Эгерде чындап бере турган болсо элин, тууган уругун топтосун, ошолордун алдында айтам - деди Ионов жамбаштай бутун сунуп Кудайберген бай жакты карап.
- Ал эмне буюм экен, андай эле, жөн эле сурабайбы? - деди Кудайберген бай, Ионов башын чайкап койду. Демек ансыз болбой турганын түшүндү Кудайберген.
Төртүнчү күн дегенде Кудайберген байдын ак өргөсүнө тууган уруктары бүт чогулду. Буга да кой союлуп, боорсок бышырылып, келгендер ар үйдө конок болушту. Ошондо Кудайберген бай туугандарына кайрылып:
- Бу орус пашанын, адамы Ион мырза үч күндөн бери, мендеги буюмду сурап келиптир, ал эмне экенин айтпайт, силердин алдыңарда айтам, дейт - деп үйдүн ичиндегилерди тегерете карады - менде ошол болсо эле берейин кандай дейсиңер.
- Бериңиз, бериңиз, бар болсо аябаңыз - деди отургандардын бирөөсү, калгандары аны коштоп кетишти
- Болду, берем айткан нерсеңизди - Ионовко карай сүйлөдү Кудайберген бай. Элдин ортосунда отурган Ионов шарт туруп, Кудайберген байды колдон алды да:
- Сөз бир болсун бай, - деди, тилмеч которду. Кудайберген бай баш ийкеди.
- Анда эмесе, мындай, бай, кызыңыз Апиданы Жапаркул миң башыга бериңиз, жуучусу менмин! - деди Ионов, тилмеч которду. Муну уккан Кудайберген бай шалдая түштү. Оюнда: "А, атандын этин жеген Элчибай. Иштин баарын бүтүргөн экен да, кысталак" - деп өттү.
- Болуптур анда бердим! - деди Кудайберген бай, айласы түгөнгөндөй. Ошондо Ионов ордунан туруп эки колун бооруна алып эки жолу жүгүндү. "Кулдук уруп жатат, бай" - деген үндөр чыкты отургандардан.
- Анда орус болсо дагы, мүрүсүнө урпак сееп койгула, ырымыны кылып - деп Кудайберген бай айланасына карады. Байбийчеси бир ууч унду Ионовдун погонуна себелеп, калганын тилмечтин мүрүсүнө себеледи.
Ошондон көп өтпөй Сары-Колдогу атагы алыска кеткен чоң той берилип, Жапаркул миңбашы Кудайберген байдын кызы Апида менен баш кошот. Андан кийин көп өтпөй эле 1913 - жылы Жапаркул менен Апиданын дүйнөгө атагы чыккан уулу Памир кыргыздарынын ханы Рахманкул төрөлгөн.
(Ж.Ташбеков менен Ы.Таировдун материалдары боюнча даярдаган С. Парманов)
"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"
ТБАО Мургаб району
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены