САРЫ КОЛДОГУ АЛГАЧКЫ БОРБОРДУК МЕЧИТ

САРЫ КОЛДОГУ АЛГАЧКЫ БОРБОРДУК МЕЧИТ

Бир акылман "Мурдагы заманды жаман дегендин жүрөгү жок, азыркы заманды жаман дегендин башы жок" деп таамай аткан экен.


Союз мезгилинде элдин эркиндиги СССРдин Конституциясында жазылып эркин жашоого шарттар түзүлүп, элдин турмуш-тиричилиги жакшырып, билим маданияты жогорулап жаман болгонубуз жок. Ошондой болсо дагы дин жаатында айрым формалар, ыктар менен басмырланган, чектелген эркиндик болгонуна өзүбүз күбө болдук.


1991-жылдын август айындагы СССР дин таркалышы, 1991-жылдын 9-сентябрында Тажикистан Республикасынын Жогорку Советинин кезексиз (12-чакырылышынын) сессиясы Тажикистан Республикасынын эгемендүү, эркин республика деп мыйзам менен бекитилиши "Басмырланган, чектелген эркиндиктен биротоло ажыратып, чыныгы жан-дүйнөбүздү аруулап, руханий адеп-ахлакты калыптандыруучу дин эркиндигин калыптандырды. Эркин республикабызда жашаган элдин көзү ачылып, мурда бүдөмүк болуп жүргөн көрүнүш адаттарга толук түшүнүп, алысты жана бийиктикти көрө алышып, эргүү шык пайда болду. Эл эңсеп келген жаңы максаттар, үмүттөр пайда болуп жашоонун маңызын терең түшүнө башташты.


Эгемендүүлүк адамдардын аң-сезимине жана турмуш абалдарына орчундуу таасир тийгизип, жаңы көз-караштар пайда болуп, жаңы талаптар коюулду. Албетте, жаңы ыкма, жаңы шарттарды өздөштүрүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Мурда басмырланып келе жаткан руханий эркиндикке кеңири жол ачылды. Сары-Кол жергесинде да катар-катар мечиттер курулуп, мүмкүнчүлүгү бар мусулмандар ажылык зияратка чыгышып, жаштар диний жогорку жана орто билим берүүчү окуу жайларда окушуп, дин боюнча сабаттуулар көбөйдү.


Мындай мүмкүнчүлүктөргө Улттук биримдикти жана тынчтыкты негиздөөчү улут ажоосу мамлекеттин башчысы урматтуу Эмомали Рахмон кол коюп "Абийр эркиндиги жана диний бирикмелер" жөнүндөгү республиканын Олий Мажлиси кабыл алган 3-март 2009-жылдагы №1254 мыйзамы кеңири жол ачып, динге суусап калган Сары-Кол элинин мүдөөсүн толук канаатандырды. Бул мыйзам динге сыйынуунун эркиндигин ар тараптан камсыз кылып, ыңгайлуу шарттарды түзүп берди.


Чынын айтсак коммунистик идеяга сугарылган бир катар жердештерибиз бул көрүнүшкө дагы деле ишене албай, кылчактап, чын элеби деп ойлоно калганына күбө болдук.


Сары-Кол жергесинде кандайдыр бир белгисиз себептер менен мечит курулган эмес экен. Чыгыш Памирге келген саякатчылардын эскерүүлөрүндө да, Сары-Кол жөнүндө жазылган тарыхий, адабий булактарда да мечит жөнүндө эч кандай маалымат жок. Булжөнүндө мен сурамжылаган аксакалдар Баястанов Токтоахун (90 жашта), Маматбеков Орозо (85 жашта), Аматов Айсабек (83 жашта) "Биз да Сары-Колдо мечит болгон деп уккан эмесбиз жана биздин аталарыбыз да мечит болгонун айтышкан эмес" деп айтышты. Бирок өткөн улуу муундар мечитте намаз окууну ниеттенишип, эңсешип жүргөнүн төмөнкү маалыматтардан билсек болот:


- Эл отрукташкан жерлерде, көбүнчө жайлоолордо ыңгайлуу дөңсөө жерди тазалашып, кыбыланы аныкташып, тегерегин таш менен тизишип ушул жер мечит деп аташып, чогулуп жамаа менен намаз окушуп, аз болсо да мечитке болгон эңсөөсүн канаатандырып келген экен.

- Мечитте намаз окушуп арбын соопко ээ болууну каалаган жердештерибиз союз мезгилинде да мечит курууга аракет кылышканы белгилүү. Мисалы райондун борборундагы жана башка айылдагы аксакалдар мечит куруу боюнча жок дегенде даяр эле үйдү мечит деп атоо боюнча ошол учурдагы бийликтен сурап кайрылышкан экен. Бирок ошол учурдагы мыйзамга ылайык буга жол берилбептир.


Ошондой болсо дагы динге суусап мечитти эңсеген момун мусулмандар чогулуп намаз окуган үйлөрдү, бийлик тараптан текшерип келгендерге бул мечит эмес бул "Кызыл бур" "Үгүт насаат үйү" деп аташып, ошол учурдун мыйзам талаптарына ылайыкташтырып динге болгон мүдөөсүн аткарышып келишкен экен.


Совет доорунда мечит курууга мүмкүнчүлүк болбогондугу тууралуу улуу муундагы аксакалдар төмөнкүчө түшүндүрүшөт;


1. Жума намазын окууга ылайыктуу мечиттер өзгөчө каттоого алынып, ошол жердеги элдин саны өкмөт тарабынын белгиленген өлчөмгө жетиш керек болгон.


2. Түрдүү текшерүүлөрдөн өткөн, диний жогорку билими бар имам жана мечит куруу үчүн республикалык деңгээлдеги уюмдардан уруксат алуу керек болгон бул милдетти мойнуна алып киришкен кишилерге көрүнөө да көмсөө да жолдор менен тоскоолдуктар болгон.


Дагы бир орчундуу маселе союздун мыйзамында ким кандай динди карманганы өз эркинде деген жалпы жобо менен бирге коммунистер (КПССтин мүчөлөрү), мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана окуучуларга намаз окуп орозо тутууга тыюу салган расмий документтер болгон. Бул талаптарды аткарбагандар үчүн ар түрдүү чаралар колдонулган.


Жогоруда белгиленген иш-аракеттердин негизинде Сары_колдо мечит жоктугудан Курман айт, Орозо айт жана Жума намаздары окулбай айрым аксакалдар Ош шаарына барып айт намаздарын окуп келишкен учурлары болгон. Тактап айтсак Мургаб кыштагынын тургуну Кенжебаев Турду аксакал өзүнүн жоро-жолдоштору менен бирдикте Ош шаарына барып айт намаздарын окуп келишкенин Сары-Колдун жашоочулары билишет.


Мына ушинтип Сары-Кол элинин эңсеген, заарыгып көптөн күткөн тилеги эгемендүү мамлекетибиздин дин боюнча кабыл алынган мыйзамдары Ислам динин эңсеген элдин мүдөөсүн аткарып, ыңгайлуу шарттарды түзүп берди. Азыр шаарларда, айылдарда, иш кана жана коомдук жайларда деги эле намаз окуу үчүн баардык шарттар түзүлгөн.


Айрыкча "Абийир эркиндиги жана диний бирикмелер" жөнүндөгү мыйзам кабыл алынгандан кийин районубузда диний борборлор жума намазы окулуучу (соборный мечеть) бир мечит беш убак намаз окулуучу он беш мечит курулуп, дин туткандар эркин, эч кандай кысымы жок диний диний жөрөлгөлөрдү аткарышып, элди айрыкча жаштарды ыймануулукка тарбиялап руханий дүйнөсүн байытып, калыптандырып келе жатат.


Азыр мечитте намаз окуп жүрүшкөн жаштарды көрүп көзүң кубанып көңүлүң толот. Жума намазга келген момун мусулмандардын 70-80 пайызы жаштар. Бир убактарда жаназа болгон жерге барып, аза күткөндөргө Кураан окуп көңүл айтыш үчүн бир аксакал издеп жүргөнүбүз анык. Аны эстесек рухубуз уялат. Чынын айтсак ошол учурларда аят окуй алган жаштарыбыз жана ишке аралашып жүргөндөр да аят окуштан этият кылышкан.


Аллахка шүгүр бүгүнкү күндө 79 жердештерибиз ажылык сапарына барып пейил ниеттерин кулк мүнөздөрүн оңдоп жан дүйнөсүн аруулап мусулмандарга тийешелүү беш парздын бири болгон парздарын аткарып келишти.


Районубузда жогоруда аталган мыйзамдардын негизинде Мургаб жамаатынын базасында 1991-жылдын 1-октябрында жалпы район боюнча жыйын өткөрүү үчүчн өкүлдөр чакырылып, Ислам дининдеги мусулмандардын ыктыярдуу коому түзүлүп жана анын уставы кабыл алынды. Ушул эле жыйында ыктыярдуу коомдун мүчөлөрү жума намазы окулуучу мечитти курууга жер бөлүп берүүнү сурап, райондук бийликке кайрылышты. Ошондой эле ошол учурдагы райондук аткаруу комитетинин диний иштер боюнча өкүлү Айдекеев Бурхан мечит курууга жер бөлүп берүү жана уставын бекитүү иштерине зор салымын кошкон. Бул мусулмандардын турмушундагы өзгөчө жаңылык, кубанычтуу кабар "Мургаб коммунисти" гезитинин 20-октябрь 1991-жылдагы санына басылып, дин туткан элибиз гезиттен окушуп диний эркиндикти камсыз кылган Өкмөтүбүзго ыраазычылык билдиришти. Имамиятты уюштуруу жана анын усавын иштеп чыгууда, тийштүү чечим талаптарды тактап мыйзамга негиздеп айрым уюмдарга кайрылып Айдекеев Бурхан, Кудайбергенов Кубатбек жана Ниязбеков Камар аксакалдар астайдил киришип имамият уюмун түзүүгө чоң салым кошушкан. Бул аксакалдар ошол учурдагы билимдүү, түшүнүгү жогору алдыңкы катардагы кадрлар эле.


Ыктыйрдуу коомдун уставы бекиген соң мечит куруу иштери башталды. Мечит куруу иштери боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп анын башчылыгына мени дайындашты. Мечитти кайсы жерге куруу боюнча аксакалдар, молдолор акылдашып, бири Баш-кыштакка бири Жар-башыга дешип бир топтору кайсы жерге болсо деле мейли тезиреек курулса экен деп самап жүрүштү. Имамияттын кайрылуусунун негизинде бийлик тарабынан бөлүнүп берилген кээ бир жерлер копчүлүккө жаккан жок. 15-апрель 1992-жылда имамияттын чогулушу болуп молдолор аксакалдар районубузга таанылган жердештерибиз жана айыл активдери катышышып, райондук имам Ташбеков Сапарали таксырдын билдирүүсүн угуп Жакыпов Балтабай, Тойчиев Токон, Айдакеев Бурхан, Чоксариев Жусуп, Мустапалиев Эргешбай ж.б бир топ аксакалдар сөзгө чыгышып мечитти Мургаб дарыясынын оң жагындагы, баардык кыштактарга ортолук болгон сайлуу жерге курууну сунуш кылышып чечим кабыл алынды. Бул чогулуштун чечимин райондук аткаруу комитети 22-май 1992-жылы бекитип берди.


1992-жылдын май айынын акырында мечитти куруу иштери башталды. Бирок мечитти курууга ыктыярдуу коомдун акчасы, малы жана курулуш материялдары да жок эле.


Мечит куру иштери союз таркаганына эки жыл аяк салып, жаңы түзүлгөн мамлекеттик уюмдар толук кандуу иштей албай, тейлөөчү камсыздоочу уюмдар алсыз болушуп, коомчулукта тартышчылык башталган эле. Турмуштук өйдө-ылдый көрүнүштөргө, жаңы шарттарга көнүшө албай жүргөн адамдар ыргылжаң болушуп көчүп кетсекби деп, айрымдар көчүн баштаган учур эле. Ошону менен катар ошол жылы советтик рубльдын баасы төмөндөп 100 рубль 10 рубль эсебинде болуп калган эле. Районубуздагы жападан жалгыз Амонат банкта нак акча жетишсиз болуп, крулуш материалдары өз убагында алынбай убакыт текке кети жатты. Бирок кандай учур кандай шарт болсо да элдин мечит курабыз деген деми, умтулуусу чөккөн жок, кайрадан күчөп тезирек куралы деп алга сүрөп турушту. Мына ушинтип мечит куруу үчүн каражат топтоо зарылдыгы курулду. Амонат банкта эсеп учету ачылып районубуздун баардык жашоочуларына жана төмөнкү уюм мекемелерге кайрылуу каттары жөнөтүлдү.


Алардын катарында:

- ДЭУ-961 Г.Газыбеков

- ДЭУ-48 К.Айтманбеков

- Памир Токой чарбасы М.Маматназаровго

- Балчуг фирмасы К.Касиров

- 9820 аскер бөлүгү С.Ф. Антпенко

- Аскер курулуш отрядына

- Мургаб радио түйүнү А.Абдырахманов

- Ак-Суу ГЭСи Д.Асадбеков

- ПМК уюму З.Аблекеев

- Райондогу баардык жамааттар жана фермердик чарбалар


Бул кайрылууларда негизинен мечит куруу үчүн акча каражат, курулуш материалдары айрыкча цемент, бышык кыш, жыгач, арматура, күйүүчү майдан жардам берүү боюнча суранычтар бар эле. Кайрылууга ДЭУ-961 уюму жооб берип, мечит курууга жардамдашууга макул болуп, жумушчу топ менен келишим түзүлдү. Курулушту ишке ашыруу боюнча архитектор Т.Байназаров жана мастер болуп А.Аматов дайындалып, Мургаб кыштак совети менен имамият мечиттин курулушуна таш ташып берүү боюнча атайын график түзүп, анын аткарылышын көзөмөлдөп, иштин жүрүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп берип иш башында болушту.


Мечит курууну колдогон эл мал тапканы мал, акча тапканы акча беришип, график боюнча ишембиликке чыгышып астайдил иштеп турушту. Мечиттин курулушуна аялдар тобу тамак жасап ашар алып келип турушту. Бул багытта иштерди уюштурууда ар бир көчө комитеттери алгылыктуу иш алып барып салымдарын кошушту.


Бирок Амонат банкта накталай акча жок болгондугуна байланыштуу көптогон адамдар айлык акыларын, пенсияларын, счеттогу акчаларын имамияттын счетуна которуп беришти. Имамият да аткарылан иштер боюнча нарядтын негизинде ДЭУ-961 уюмунун эсеп учетуна которуп берип эсептешип турдук. Ошентип мечит куруу иштери кызуу башталды. (таш ташуу графиги тиркелет).


Атайын түндүк түштүктү аныктоочу приборлор колдонулуп Кыбла аныкталды. Мечиттин пайдубалын казуу ишинин башталышына карата ар бир жамааттардан молдолор, аксакалдар чакырылды. Ак-Суудан Кошубаков Бекмурат, Ыраң-Көлдон Жусупалиев Нурали, Көөнө-коргондон Шапиев Сайдилда чакырылып райондун борборунда жашаган молдолор жана аксакалдар Ташбеков Сапарали, Тойчиев Токон, Адинаев Абжал, Мамаюсупов Козубек, Тогузаков Камал, Айдакеев Бурхан, Сатаркулов Апанди, Мустапалиев Эргешбай, Маматосмонов Исран, Жундубаев Таабалды, Умаркулов Бокош, Жапаров Адахам, Алипбеков Жоробай, Чокоев Абдикарим, Аматов Айсабек, Чылпычов Токтомамбект, Халиков Абдулашим, Жакипов Балтабай, Мамасеитов Талип, Кудайбергенов Мамадияр, Маматов Жоро, Чалбаев Абдумамат, Казиев Султан, Атакулов Дүйшө, Гамбаров Тагай жана башкалар бар эле.


Кубанычтары койнуна батбаган аксакалдар биринчиден болуп күрөк кармап кол тийгизсек, пайдубалга биринчилерден болуп таш койсок деп умтулушуп шашылышып турушту. Жаш каары дебей баардыгы эзелтен эңсеген ыйык иштери башталып жатканына жан дүйнөлөрү толкундап, өзгөчө эргүү шык пайда болуп, жашоонун маңызына жол ачканга ашыгып жаткандай абалда болушту. Кубанычтан соккон жүрөктөрдүн дабыштары мага угулуп тургандай сезилди. Көңүлү көтөрүлгөн аксакалдар бир жагынан тамашага салып, бир жагыдан чындап "Ак жүргөндөр барбы, ак кийгендер барбы" пайдубалга ким биринчи таш койот деп суроо салып турушту. Акыры аппак селде оронгон чымкый ак чепкен кийген Кудайберген уулу Мамадияр аксакалга укук беришип, ал киши Алланын атын атап пайдубалга биринчи болуп таш койду. Эл мечит крууга катышышып сооп алууга дилгир экени байкалып турду. Булардын кубанычка толгон өңү түсүн Сапарали таксыр экөөбүз суктанып карап көңүлүбүз толкп кубанычыбыз койнубузга батпай турдук.


Кыштак совети тарабынан түзүлгөн график боюнча мекеме уюмдарда иштегендер көчөлөр менен бирдикте мечиттин курулушуна таш ташуу иши кызуу башталды. Кара-Көл, Ыраң-Көл, Ак-Суу, Көөнө-Коргон, Аличор жана Мургаб кыштагында жашаган элдер тапкандарын беришип Алланын үйүн куруудан эч нерсебизди аябайбыз дешип, мечит курууга көмөк көрөтүштү. Бул кишилерге Аллах ыраазы болсун. Ошол учурда районубузду башкарып турган Бердибаев Гожо, Абдырахманова Сайра эже кеп кеңещтерин беришип жетектеп турушту.


Ал эми жердештерибиз ошол учурда сельхоз техника уюмунун башчысы Садыков Турганбай, аскер бөлүгүнүн кызматкери Примбердиев Халил, жаратылышты коргоо уюмунун башчысы Ахмедшарипов Абдыразак, эларалык мергенчилик уюмунун башчысы Бекмуродов Атобек, ПМК уюмунун башчысы Кошубаков Зунун, ДЭУ-961 уюмудан Газыбеков Ганы, ДЭУ-48 уюмудан Айтманбеков Турсунбай, башкы инженер Тойчиев Бакир бул ыйык ишти маралдык жактан да материалдвк жактан да колдоп турушту.


Бул учурда өз айылдарында имамдык милдеттерди аткарып жүгөн Кошубаков Бекмурат, Акжолбеков Мамраим, Шапыев Сайдилда, Жусупалиев Нурали, Мустапалиев Эргешбай, Адинаев Абжал, Тойчиев Токон, Курмушиев Кулмамат, көчө комитеттерин башкарган Жакыпов Балтабай, Чылпычов Токтоммбет, Ысаков Таштемир, Ноорузбаев Орунбай ж.б ошондой эле Мургап кыштак советинин кызматкерлери Камаров Арзыбай, Азимкулов Таабалды, Белекбаев Кадыр мечитти куруу иштери башталгандан баштап аягына чейин катышып, чоң сооптук иштерди аткарышып мага жардам көрсөтүшүп турушту.


Мечиттин пайдубалы курулуш инженердик талабтарга ылайык курулуп, келишим боюнча ДЭУ-961 уюмунун курулушчулары усталары дубалды таш менен тизип тургузушту. Бирок мечиттин курулуш иштери толук бүткөнгө чейин ДЭУ-961 уюмунун областык жетекчилери уруксат бербегендиктен келишим бузулуп мечитке иштөө токтотулду. Мына ушуга байланыштуу жаңыдан уста жаңыдан күч топтоого туура келди. Албетте бул чоң көлөмдөгү имааратты курууда кыйнчылыктар, өйдө-төмөн сөздөр болбой койгон жок.


1992-жылы кыш эрте келип, кар көп жаап, мечиттин курулуш иштери токтоду. Мечитти курууга топтолгон курулуш материалдарын, аз да болсо мал жандыктарын сактоо боюнча кошумча иштер жана чыгымдар пайда болду. Ушул жоопкерчиликтер Сапарали таксыр экөөбүздүн милдетибизге жүктөлгөн эле. Мечитти толук бүтүрүү үчүн жаңыдан уютуруу иштери жүргүзүлүп мечиттин бүтпөй калган бөлүктөрүн бүткөрүү боюнча жаңы иш чаралар иштелип, ар бир кыштактын жашоочуларына жана уюм мекемелердин ишчилерине бекитилип берилди. Бул иште мечиттин сыртын кооздоо жана мунараларды куруу үчүн бышык кыш табылбай кыйнчылыктар болду. Ош шаарынын алып келүүгө өтө чоң суммадагы акча талап кылынды, андай өлчөмдөгү акча имамиятта жок эле. Ал кезде Душанбе-Көлмө жолу бүтө элек учур эле. Ушундай шарттарга байланыштуу бышык кышты Мургабтан табууга туура келди.


Бир нече кайрылуулардан кийин Бекмуродов Атобек өзүнүн бышык кыш менен курган үйүнүн дубалындагы ак кыштарды (силикат) сатууга макул болду. Цемент ылай менен тизилген бышык кышты алуу кыйын болсо да этияттап сындырбай алып келдик. Кыштардын чети сынып, дубал тизгенде жакшы көрк бере албады ошондой болсо да табылганына кубандык. Табылган кышты Кушмаматов Жамалидин аттуу уста алынын жетшиче көркөмдөп тизип берди.


Мечиттеги эки мунарага бышык кышты Мургаб дарыясынын өйүзүндөгү Кулчак участкасындагы аскер бөлүгүнүн пайдаланбай калган имааратын бузуп ташып келдик.


Бул бышык кыштарды аскер бөлүгүнөн алууга райондогу атуулдарыбыздын бири Шаджанов Ыдырыс уруксат алып берди. Мечиттин оң жагындагы мунарасын ошол учурда ДЭУ-48 уюмунун башкы инженери Тойчиев Бакир аталган уюмдун жумушчулары менен бирдикте астайдил иштеп жогорку чеберчиликте, ыңгайлуу тепкичтери менен жасап элдин ыраазычылыгына ээ болду. Экинчи мунараны Газыбеков Ганы баш болгон ДЭУ-961 жол куруу уюмунун усталары Алипбеков Арпидиндин жетекчилиги алдында бүткөрүштү.


Мунаралардын мечиттен алыс крулушунун себеи жер титирөө учурунда мунарларга зыян келбестин жолу деген адистердин сунуштарын колдодук. Мунаралардын курулушуна цементти элибиздеги атуулдардын бири Тажалиев Сайит ака камсыздап берди. Мечиттин куполун ПМК башчысы Кошубаков Зунун тургузуп кооздоп берди. Тышкы дубалдарын кооздоодо Бадиров Токур баш болгон жумушчу топ бүткөрүштү.


Келишимдин негизинде мечиттин ичиндеги устун, түркүк жана эшиктерди усталар Феденов Душанбе, Бодурбеков Ниёзмамад кооздоп көркөмдөп акыларын алышты.


Ошону менен катар мечиттин коргонунда медресеге ылайыкташтырылган бөлмө, мейманкана жана чарбалык уйлөр кошо курулуп бүттү.


Ошентип Сары-Кол элинин көптөн бери заарыгып күткөн Жума, Айт намаздарын эркин, кысынбай окуй турган мыйзам тарабынын уруксат берилген мечитти бүтүп ачылыш аземи да болду. Райондун айыл кыштактарынан молдолор аксакалдар эл журтка кадыры сиңген жердештерибиз чакырылып, райондун борборундагы жалпы жашоочулар катышышып мечитке деген белектерин астайдил алып келишип мечитке керектүү буюм түйүндөрдү толтуруп ташташты. Элдин баарынын жүзүндө кубаныч Алланын атын ооздорунан түшүрбөй айрым момун мусулмандардын, айрыкча аксакалдардын көздөрүндө кубанычтын жашы кылгырып турду. Бирини бири кызуу куттуктап "Мечитиң маарек болсун" деген кубаныч сөздөр айтылып жатты. Мечиттин ачылышында ошол учурдагы районубуздун төрагасы Гожо Бердибай уулу катышып жүрөк толкуткан таамай, таасирдүү сөздөрү менен жалпы элди куттуктап өзүнүн жанан үй бүлөөсүнүн атынан мечиттке арналган белектерин тапшырды.


Маарекеге катышкан эл мечитти кургандарга, мечитти курууга кол кабыш кылгадарга жана бул ыйык ишти жетектеп аягына чыгарган жумушчу тобтун башчылары Ташбеков Сапарали таксырга, Камчыбеков Көкөнбекке ак батааларын берип алкыштарын айтышты.


Ислам дининдеги ыктыярдуу коомунун имамияты мага мечиттин курулушна жетекчилик кылып, аны ийгиликтүү аяктаганым үчүн Ыйык Кураан китебин, жайнамаз менен сыйлашып чапан жаап калпак кийгизишти.


Бул сыйлык менин өмүр жолумдагы алган сыйлыктарымдын эң ыйыгы деп сезем. Сыйга алган жайнамазым эскиргенине карабастан ушул күнгө чейин намаз окуп жүрөм.


Мечиттин ачылыш аземине келген меймандарга сый тамактар берилип мечитке батаа беришти. Маарекеге келген момун мусулмандар биринчи жолу бейшим намазын жаңы мечитте окушуп ыраазы болуп кайтышты.


Ушул бейшим намазынын акырында Сары моголдон келген Сариев Жакып молдо хадиске негиздеп: "Бул ыйык мечитте Жума намазын окууга уруксат берилген. Эми Жума намазына толук катышуу парыз. Хадис боюнча Жума намазын бир жолу калтырса бир жумуртка садака бериш керек, экинчи жолу калтырса бир тоок садака, үчүнчү жолу калтырса бир кой садака бериш керек. Үч жолу себепсиз Жума намазын калтырган мусулман чоң күнөөгө батат деп элди Жума намазына үндөдү. Келген жалпы коноктор мейман болуп үйлөрүнө кайтышты. Мына ушинтип жаңы мечит ишини баштады.


Имамдыкка Айдакеев Бурхан ака, азанчыга Арзымамбетов Дияр ака, чарбалык иштерге Бадиров Токур дайындалды. Намаз окууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп беш убак намаз окула баштады.


2004-жылы мечитке Осмон уулу Нийза молдонун аты ыйгарылып уулу Абдыхалык ажы чоң маареке өткөрдү жана мечиттин кемчилитерин оңдоп түзөп элдин алкышын алды жана бүгүнкү күнгө чейин Абдыхалык ажы мечиттин керектөөлөрүнө жардам берип келе жатат.


Биздин Жума намазын окууга уруксат берилген мечитибизге башка райондордон жана башка мамлекеттерден келген момун мусулмандар намаз окуп ибадат кылып турушат.


2000-жылы Душанбе шаарынан келген республикалык Муфтияттын өкүлү ажы молдо Хабибулло Азимхон келип диний ишенимибизге ыраазы болуп ажылык сапарга жолдомо алып берүү багытына чоң көмөк көрсөттү. Бул ажы молдо биздин дин тутканыбыздын туурулугуна жана мечиттерибиздин ыйыктыгына жана элибиздин мейман достугуна ыраазы болуп кетти. Бул улуу адам менен суйлөшкөн молдолор, аксаалдардын айтуусуна караганда ал киши Сары Колго бирнчи жолу келип мында жашаган бир ууч кыргыз эли диний борборлордон алыс жашап Эшан халифалар аалымдардан таалим албаган болсо, диний ишеними кандай экен, башка секталарга ооп кеткен эмеспи деп ойлоп кыжаалат болуп жардам берейин деп келген экен.


Борбордук мечит курулгандан бери көп жердештерибиз имамдык милдеттерди аткарышып, мечитке ыйык Исламдын талабтарын аткарууга мусулмандарды чакырып, хадис салаават айтышып, жалпы эле момун мусулмандардын жүгүн көтөрүп келишти.


Урматтуу окурман борбордук мечит курулуп жаткан учур мындан 29 жыл мурда көп кырдуу жана чийелешкен учур болгон. Союздун таркашынан пайда болгон кыйынчылыктар жаңы эгемендүү республикабыздын экономикалык абалы турмуш тричилике өзүнүн оор таасирин тийгизип турган чагы эле. Тактап айтканда бирин тапсан бири жок, борбордук жайлардан (Душанбе жана Ош шаарлары) ошол учурдагы мамлекеттик чек аралардан өтүү каттоо татаалдашып турган учур кошумча кыйнчылыктарды пайда кылып турган.


Кандай болсо да Аллах колдоп мечит бүтүп борбордук Жума намазы окулуучу мечит деп аталып республикалык диний уюмдан расмий каттоодон өттү.


Жыйынтыктап айтарым мечитти курууга райондун баардык жашоочулары катышышып, атаган акча каражатын, малын, буюмдарын Алланын жолуна деп беришти. Тактап айтканда ким иштесе Алланын үйү болгон мечитке иштешти, ким мал пул жана буйум беришсе Алланын жолуна деп ихсан кылышты. Хадиске ылайык "Мечит курууга азбы көпбү салым кошкондор мечит курганга эсеп болуп, көзү өткөндөн кийин да соопко ээ болуп турушат экен".


Районубуздагы момун мусулмандардын ыйык борбору, жан дуйнобузду аруулап, агартуунун руханий байлыгы болгон борбордук мечитти курууга жетекчилик кылуу менин тагдырыма туш келгенине Аллахка чексиз шугур кыламын!


Алланы эстеп сооптон үмүт кылган Сары-Колчу жердештерибизге Аллах ыраазы болсун!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены