Сары-Колдогу биринчи базардын тарыхыдан

Сары-Колдогу биринчи базардын тарыхыдан

“Өткөн күндүн белгиси жок” – деген макал сөз көп окуяны өз ичине камтыган мааниси терең сөз экен.

 

Аллага шүгүр, мына бүгүн Сары-Кол базарындагы тамак-ашка, кийим-кече, турмушка керектелүүчү буюм-түйүмдөргө баш айланат. Жашоонун бу- лагы болгон ун маселеси сарыколдо чечилген.

 

Жылдын кайсы мезгили болбосун жашылча, жер-жемиштер базарда сатылып турат. Эт базарындагы сарыгидир топоз этин, майлары ээрип турган кой этин көрүп туруп көңүлүң тоёт. Кыскасы базардан издегениң табылат. Бул молчулукту көрүп туруп көңүлүң көтөрлүп, курсан болуп, Тынчтык- тын жана биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун, Эгемендүү Тажикстан Мамлекетини, элдин турмуш-тиричилигин жакшыртуу боюнча туура саясатынын көз көрүнө ишке ашырып жатканына күбө болосуң. Мындан 29 жыл мурда союз таркап ар бир Республика суверендүүлүккө өтүүгө аракеттенип жаткан 1989-жылдары бийликке умтулган ар түрдүү топтор, партиялар пайда бо- луп, акыры өлкөнү адамзаттын үрөйүн учурган, тарыхта биртуугандар бири-бирин өлтүргөн согуш деп аталган граждандык согушка (1992-1997-жылдардагы) алып келип, жаш Республиканын экономикасына, элдин турмуш тиричилигине залакатын тийгизип, убактылуу кыйынчылыктарга дуушар болуп турган учурда мындай молчулукту эстей албай калган элек.

 

Союз убагында элди азык-түлүк, кийим-кече, отун менен камсыз кылып турган Мургаб райондук керек-жарак коому өз милдеттерин аткара албай банкрот абалыда калды. Райондук керек-жарак коомунун дүкөндөрүндө товар жок аңгырап бош калган, түрү элдин маанайын чөктүрдү. Аш-оокаттан баштап бардык турмушка керектүү зарылдыктар табылбай алыбыз кете баштады.

 

Биринчи эле ундун тартыштыгы башталды. Сапаты начар, даамы бар кара ундардын бир кабы бир баш соолук койго бааланып, кээде ун табылса эле болду деп калдык.

-туз тартыш болуп Аличор өрөөнүндөгү туз көлдүн татымы начар, таш аралашкан тузу базарда сатылып, аш-оокатка кошууга аргасыз болду. Раң-Көлдүн тузун базарга, алып келүүгө шарт болбоду;

-чай жок болуп эл мамыры, кумуру, бозноч деген табигий чөптөрдү чайдын ордуна пайдаландык;

-пияздын ордуна көбүргөн, сасыкдаананы пайдаландык;

-самын тартыш болуп эл самын таш деген ташты пайдалануу менен шакар чөптү кайнатышып самын кылышты;

-элди отун менен камсыздоо начар болуп, малдын кыгы, көбүнчө терскенди пайдаландык. Терскен өскөн талаалар жыпжылма какыр жерге айланып калды;

-машинага бензин жок жөө каттоого көнүп калдык. Жайлоодон, кыштоодон борборго жөө каттап, жайлоого, кыштоого унаа менен көчүп-конуп жүрдүк;

-аптека түп орду менен жок болуп, тез жардам көрсөтүү иштебей калды. Ким ооруса ооруканага өзүнүн эсебиден улоо таап барып жатты. Эл даары чөптөр, ромашка гүлүн, шыбак эрмен чөп, алтын тамыр сыяктуу даарылык касиети бар өсүмдүктөрдү пайдаланды;

-телефон байланышы иштебей калып, кат аркылуу кабарлашып калдык;

-райондук газета чыкпай калып, газета окууну унутуп эле калдык. Каттоо жоктугунун эсебинен башка жактан газета, журнал келбей калды;

-мектептерде окуу китептери, дептер, калем сап жана башка окуу куралдары жетишпей бир класска 1 гана китеп окулуп калган учур болду. Экинчи сменада окуган окуучулар жарык (свет) жок болуп 2-3 сааттан кийин окушпай калды. Бир топ окуучулар мектепке жете албай жайлоодо, кыштоодо үйлөрүндө калышты;

-балдардын кийимдери, айрыкча аяк кийимдери табылбай ата-энелер кыйналышты;

-райондогу ГЭС иштебей калып, үйдө солярка куюлган чырактарды пайдаландык. Чырактын шишеси сынса шише табылгыча “пилик чырак” менен отурган күндөр да болду;

-сигарет чеккендер 1 баш токтуга 5 пачка сигарет алып, табылбаса насвайга өтүштүлөр.

 

Мындай абал көбүнчө айыл кыштактарында болду. Райондун борборунда жашаган айрым үй-бүлөөлөр Ош-Хорог шаарларына каттоо кыйынчылык менен болсода өздөрүнө ылайык күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жетер-жетпес өлчөмдө алып келип турушту.

 

Ошол учулда 1990-1991- жылдарда совхоздордо 12100 баш ири мүйүздүү мал, 62800 баш майда малы, ал эми элдин колунда жеке менчик малдары да аз эмес эле. Союздун убагында 70 жыл жашап жыйган-тергенибиз, жогоруда көрсөтүлгөн малыбыз жана башка мүмкүнчүлүктөрүбүз бар туруп эмне үчүн мындай адамдардын үрөйүн учурган, элдин паанайын пастаткан, акыры элди көчүп кетүүргө аргасыз кылган шарттарга туш келдик?

 

Талдап көрсөк союз убагында камсыздоо пландуу түрдө болуп, кыштын камын да, жаздын камын да Мургаб райондук керек-жарак коому көрүп, биз даярын дүкөндөн сатып алып даярыга көнгөн экенбиз. Элдин оозундагы бир мисал сөз, мал багып жүрүп топоз саап, кой саап май кылбай, магазинден май сатып алган экенбиз.

 

Союз таркагандан кийин мамлекетибиздин экономикалык абалы убактылуу начардап, иштегендерге айлык акылары, пенсионерлердин пенсиясы бир нече айлап берилбей калды. Айрым учурларда да нак акча жок айлык акы натуралдык түрдө (кургатылган жер-жемиштер) берилген учуру болду. Кийинчерээк ар бир республиканын өзүнчө акчасы болуп, бири-бирине өтпөй, бир топ кыйынчылыкка, кымбатчылыкка кабылдык. Кыскасы алайын десең азык-түлүк да жок, берейин десең акча жок, жалаң мал иштетүүгө туура келди.

 

Эгемендүүлүктүн эсебинен ар бир мамлекет чекараларын аныктоо менен чекара тосмолорун уюштурушту.

 

Бизге камсыздоонун негизги мүмкүнчүлүгү болгон Ош-Душанбе шаарына барууга көп кыйынчылыктар болуп, эл капаста калган куштай абалга туш келди. Мургаб – Ош боюнча атайын автоунаалар каттабай калды. Ким Ош шаарына барса атайын автоунаа уюштуруп, бензин таап барышты.

 

Экинчиден Ош шаарына жеткенче чекара тосмосун уюштурган чекарачылар, таможня тосмосу, ветеринар тосмосу, наркотикага каршы тосмо, ав- тоунаалардын абалын, документтерин текшерүүчү тосмо, кээ бир шылуундар өз алдынча эле убактылуу тосмо уюштурушуп ээн талаада өзү шаа, өзү бий болушуп мыйзамдан тышкары өзүнчө тартип уюштуруп алышты. Мургабтан Ош шаарына 2-3 суткада араң жетип калдык. Бул тосмолордон өткөчө элдин убактысы да акчасы да жана чыдамы да кетип заарлап калышты. Ошко барбайын десе турмуш кыстап турат. Эл бул тосмолорду “то- номой тосмо” деп аташты. Ал эми Душанбе шаарына баруу Ош шаарына баруудан да кыйын болду. Себеби ал кезде Душанбеге, Сагыр-Таш аркылуу жазында гана барылган. Узакка созулган памирдин кышында бул жол жабык болуп, бир гана аба жолу менен катталган. Аба ырайынын начардыгы- дан самолёт бир айлап учалбай калган учурлар көп боолгон. Мындай абалга дуушар болуп, кыйналган эл канаты болсо учкудай болуп, буулугуп самаган жерлерине жете албай кимге кайрыларын, эмне кыларын билбей башы маң болуп терең үшкүрүп отуруп калышты.

 

Жогоруда белгиленген кыйынчылыктар элдин паанайын пастатып, жүрөгүн кысып, эртең эмне болот, балдарыбыз ачка калабы, келечектен үмүт кылса болобу деген толгон-токой суроолор менен эл кыжаалат болушту. Эми эмне кылсак болот, оңолуунун жолу барбы, эмне кылганы жатасыңар деп суроолуу карап, көздөрүнө жаш тегеренген аксакалдар, бала-чакалуу үй-бүлөө башчылары райондун жетекчилеринин жүрөгүн кысып, апкаратып турушту.

 

Мүмкүнчүлүгү бар айрым үй- бүлөөлөр Чүйгө, Худжантка көчө башташты. Районубузда дүкөн да, базар да жок болуп, турмушка керектелүүчү буюм-түйүмдөрдү бирибизден-бирибиз сурап алып, шартка ылайык турмуш өткөрүп турганыбызда ошол кездеги Мургаб райондук өкмөттүн төрагасы Гожо Бердибаев өкмөттүн кеңешмесин өткөрүп, бул шарттан чыгуу боюнча райондо базар уюштуруу боюнча демилге көтөрүп, өкмөттүн атайын чечимин кабыл алды. Бул 1993-жылы июль айы эле. Базарды Мургаб жамаатыннын базасында уюштуруп, аны уюштуруу боюнча жамааттын төрагасына тапшырып, райөкмөттүн экономика бөлүмүнө ар тараптуу жардам берүүнү дайындады. Ушундай абалда райондо биринчи базарды уюштуруу иши башталды. Аксакалдардын айтуусу боюнча Сары-Колдо алды-кийин базар болгон эмес экен. Өкмөттүн аталган чечиминин негизинде райондук керек-жарак коому (төрагасы З.Касымов) чайхананын сырткы бөлүгүн (верандасын) базар үчүн бошотуп берди. Бул оорунду оңдоп, түздөп базарчыларга шарт түздүк. Бирок бул базарга эч ким келбей, тартынып туруп алышты.

 

Ошул учурда коңушу Кыргызстан, областарыбыздын райондорудан келген комерсанттар бар эле. Кимдин үйүндө жашашса ошол үйдө соода-сатык жүргүзүшүп, товардын баасын өзү билгендей баалашып, кымбатчылыкка жол ачып турушкан учур эле. Ошондуктан комерсанттарды базарга тартуу, базарда соода кылууга көндүрүү зарылчылыгы пайда болду.

 

Ошол кездеги кыштак советинин депутаттарынан, жооптуу кызматчылардан жана көчө комитеттеринен турган беш топ түзүп, комерсанттар турган 30 үйгө барып, алар менен жекече сүйлөшүп, базарга чыгууга үндөдүк жана базарга тийиштүү шарттарды түзүп беребиз деп убада бердик. Ба- зардын ишин жандандыруу боюнча атайын уюштурган топ комерсанттар жашаган үйлөргө дагы бир нече жолу барышып, бул ишке комерсанттар жа- шаган үйдүн ээсин да кошууга туура келди. Мына ушундай иштерден кийин комерсанттар бирден, экиден болуп базарга чыга башташты. Базардын иштегенин көрүшүп, базар демилге берип жергиликтүү жашоочулар да базарга өз товарларын алып чыга башташты. Товарларын сатып акча та- бышып, комерцияны улантууга аракет кылуу менен өздөрүнө иш орун таап, жаңы үмүттөр менен көңүлдүү жашай башташты. Жергиликтүүлөрдөн базарга биринчи болуп Жумабаева Шазада, Ажимаматова Зайнап. Көкүлова Сары, Баястанова Бүсайра, Гапарова Аширбүбү жана башка жердештерибиз чыгышып, базарды жандандырышты. Комерсанттардын саны көбөйгөндөн кийин бул базарыбыз тардык кылып калды. Экинчинен базарыбыз тескей тарапта болгонддуктан суук болуп, базарды Ленин көчөсүндөгү райондук китепкана менен клубтун ортосундагы аянтка көчүрдүм. Базарыбызга Оштон, Алайдан, Ванч, Рушан райондорунан, Хорог шаарынан комерсанттар көбөйүп келе беришти. Базаркомдукка жамааттын активи Чоксариев Жусуп акани дайындадым.

 

Кээ бир учурда мал өлүмү болуп калса этин коңушу-колоң, тууган-уруктарга бөлүп беришкен. Себеби эт сатууга базар жок, экинчинен “сатынып” деп айың көрүшкөн. Мына ушинтип базардын жандуу иштей башташы элдин турмуш-тиричилигине көз көрүнө эле оң таасирин тийгизип, турмуш-тиричиликтин мындан ары оңолушуна ишеним пайда кылды. Кимде кандай сатууга ылайык товары, аш-оокаты болсо базарга алып чыгышып, сатып акча таап турушту. Айрыкча эт сатуу жанданып, элдин этке болгон муктаждыгын базар чече алды. Бул сөздү баса белгилегенимдин себеби бир убактарда районубуз мал чарбасын өстүргөнүнө карабай дүкөндөрдө майрамдан майрамга чейин эт сатылган эмес. Базардын элдин турмушка өтө орчундуу тийгизген дагы бир таасири базарда ундун киллограмдап сатышы болду. Бул элдин маанайын көтөрүп, ундун эсебинен башка жактарга көчүп кетүүгө аргасыз болгон кожолуктардын көчпөй жашап калышына шарт түздү. Бир убактарда ун кабы менен сатылып, бир кап унга акчасы жетпегендер уну жок кыйналышкан учурлары көп болгон. Мурда базар көрбөгөн элибиз бир кап ундун киллограмына баа коюп, киллогармдап сатууну билген эмес экенбиз. Күн өтүп базардагы комерсанттардын саны, базардагы товарлардын түрү көбөйүп бул базарыбыз тардык кылып, экинчинен райондун эл көп жашаган борборунда кыштактын арасында жайгашкандыктан сатуучулардын иштерине ыңгайсыз болуп, арыз-даттар, нараазычылыктар көбөйө башташты.

 

Ушундай себептердин негизинде 1997-жылдын июнь айында райондук Өкмөттүн кезектеги кеңешмесинде ошол учурдагы Мургаб районук өкмөтүнүн төрагасы И. Шаджановдун сунушу менен базар Ош көчөсүндөгү аянтка жылдырып, базарга жер бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алынып, базарды көчүрүү жана базарга ыңгайлуу шарт түзүү Мургаб жамаатынын төрагасына тапшырылды. Жаңы базарды ишке киргизүүдө бир топ уюштуруу иштерин аткарууга туура келди.

 

Жаңы базар курулуп бүткөндөн кийин ачылыш салтанаты болуп, чогулуш өткөрүлүп, базардын атын “Сары-Кол” базары деп атап, базардын символикалык ачкычын Мургаб районук өкмөттүн төрагасы И.Шаджанов Мургаб жамаатынын төрагасы мага тапшырды. Ошол жылдардан бери “Сары-Кол” базары элдин муктаждыгын камсыз кыла алган, элди иш менен камсыз кылган ишкана болуп калды. Бүгүн базарда жүзгө жакын комерсанттар патент менен иштеп, бир жылдык обороту 1.171880миң сомонини түзөт. Салыштырмалуу айтканда биздин базар областагы Хорог шаарындагы базарындан кийинки чоң базар болуп калды. Базардагы товарлардын, азык-түлүктөрдүн жана аш-оокаттардын сапатына эл дагы, келген меймандар дагы ыраазы болуп турушат. Тажикстан Өкмөтүнүн базар экономикасынын өнүктүрүү жана элди камсыздоо боюнча расмий документтеринин талабын колдоп бир топ жашоочуларыбыз Жороев, Галбаев, Козубеков, Тажалиев, Ибраевдердин үй бүлөөлөрү жана Савримо, Курбондордун үй бүлөөсү сыяктуу коммерсанттарыбыз бир сумка товар алып келгенден баштап азыр коңушу Кыргызстан, Кытай мамлекеттеринен тонналап товар алып келип, элибиздин муктаждыктарын камсыз кылып жатышат. Жогоруда белгиленгендей адамдын көңүлүн чөгөрүп, жан дүйнөсүн кыйнаган кыйынчылыктар болуп турган учурда Сары-Кол эли мөгдөп калган жок. Өздөрүнүн сабырдуулугунун, чыдамкайлыгынын жана талыкпаган аракеттеринин эсебинен, бири-бирин колдоп-жөлөгөн адамгерчилигинин эсебинен, ата-бабаларыбыздын салт-санаатарын колдоп баштарын эгиз көтөрүү менен бул бир топ жылдарга созулган турмуштук кыйынчылыктарды жеңип чыга алышты. Кандай учур, кандай шарт болуп турса дагы алына жараша тою-тойдой, аш-маарекеси салттагыдай өтүп турду.

 

Элдин мүдөөсүн ойлогон башчыларыбыз, башыдан далай кыйынчылыктарды өткөрүп, турмуштук тажирибага ээ болгон аксакалдарыбыз кандай кыйынчылыктар болсо да аны жеңүүгө бел байлаган эр жигиттерибиз, жокту бардай кылып, дасторконун байыткан эже карындаштарыбыз бул башыбызга келген мүшкүл-кыйынчылыктарды жеңүүнүн жолун таап элди эл кылып, касиеттүү Сарыколдо жашап калышты. Ошондой эле базар жаңы башталганда жүк ташыган автоунаанын үстүндө (кузовунда) Ошко барып бир корзинке жүк алып келип иш баштап соода ишине негиз салып, базарды гүлдөтүп элдин ажаатындан чыгып сооптук иш кылган комерсанттарга ыраазы болбой коё албайсың. Алкыш сага коммерсант!

 

Ошол учурда Мургабтан Ошко 2-3 күндө араң жетип, ызгаарсуука, ак-кар, көк музга карабай, автоунаанын 4-6 дөңгөлөктөрүн чачып, кайра жыйнап, колу башын үшүккө чөөлатип базарга товар, азык-түлүк ташып келген айдоочулардын кайратына тан берип, ырахмат айтууга, алкоого татыктуу экени анык. Сарыколдогу бир боор элибизге керегибиз тийсин деп жол азабына,жол кырсыгына карабай бизге азык-оокат, керектүү товарларды алып келип, элдин ажаатынан чыгып келген коңшу Кыргызстандан келип, соода ишинин жол жобосун көрсөтүп салым кошкон коммерсант эжелерге ыраазычылык билдиребиз.

 

Мен базар иши башталгандан баштап базар калыптанып иштегенге чейин бул ишти жетектедим. Колуңуздардагы кыска маалыматта базар боюнча өрчүндүү гана маселелер жазылды. Уюштуруу иштериндеги толгон-токой чиелешкен маселелер элдиндагы, коммерсантардындагы эсинде бар. Базардын ишин өнүктүүрүдө, базарды өзүнчө уюм катары калыбына келтирүүдө, коммерсанттардын талабын талашып, базардагы коммерсанттарга негизсиз чыгымдарына жол бербей коп жыл базарком болуп иштеген Жамботоев Камполоттун эмгегида чоң. Элдин турмуштук мүдөөсүн аткарууга жетише алган, Сарыколдогу биринчи базар “Сарыкол” базарына ак жол сага!

 

sary-koldogu-birinchi-bazardyn-tarykhydan-2Камчыбеков Көкөнбек- персеналдык пенсионер, “Дусти” ордени менен сыйланган. Мургаб жамаатын көп жылдар бою жетектеп, районубуздагы биринчи борбордук мечитти жана биринчи базарды уюштуруу иштерин жетектеген.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены