Сарыколдук кыргыздар

Сарыколдук кыргыздар

Сарыкол жергесиндеги кыргыздардын бул жакта көптөгөн кылымдардан бери жашап келгендигин күмөнсүз айтууга болот. Анын бир далили болул, англиялык саясатчылар 1837-38 жылдары Памирди басып өткөндө Мургабдан, Вахамдан кыргыздарды жолуктургандыгын жазышкан.

 

Экинчиден, Шугнан (бадахшандык), Вахандын (оогандык) чыгышында жашаган кыргыздардын ошол аймактагы топонимикалык аттары даана баяндап турат. Сарыколдук кыргыздар Совет доору орногонго чейин эле Шугнан, Вахандын чыгыш жагындагы Заалайдан, Гималай, Гикдикуш тоо кыркаларын бойлой уруу-уруу болуп, көчмөн көчүп-конуп жүрүшкөн жана башка элдер менен байланышта болушкан.

 

Сарыкол тоо этегиндеги Аксуулук, Раңкөлдүк кыргыздар оогандык кыргыздар жана кытайлык кыргыздар менен, кашкарлыктар (уйгурлар) менен Аличор, Мургаб өрөөнүндөгү кыргыздар Рушан, Шагдара, Вахан, Шугнан тэжиктери менем Каракөл кыргыэдары Алай, Оштук кыргыз, өзбектер менен катташта болуп келишкен. Мургабда жашаган кыргыздар уруучулук бөлүштүрүүдөн эки топко бөлүнүп айтылып келинген:

1. Сарыколчулар

2. Анжиянчылар

 

Демек, сарыколдуктар илгертеден жашап келишкен б. а. туруктуу элдер десе да болот. Алар тейт, кесек уруулары. Анжияндыктар кийинчерээк келишкен элдер. Алар: найман, кыпчак уруулары. Далил катары илимпоз Жээнбай Муканбаев, сарыколдуктар 300 жыл илгери келгендигин жана анжияндыктар 1860-жылдары Кокон хандыгынын толкунуна байланыштуу 1000 түтүнгө жакын кыргыз (кыпчак, найман) а дегенде Кызылартка андан соң Памирдин ар кайсы жерлерине тарап кетишкен дел жазган. Демек, бир канча жылдардан бери жашап келишкен Сарыколдук кыргыз элин Памир жергесинин туруктуу эли болул эселтелет. Ошол себептен «Сарыколдук кыргыздар» дел аталып келет. Анын үрп-адат, салт-санаты да өзгөчөлөнөт.


Сарыкол кыргыздарынын ханы Рахманкулхан да туруктуу Сарыколдук болуп эсептелет. Чоң уруусу теит, кичи уруусу кочкор. Теит уруусуна кирген майда уруулардан Ак-Суу жергесинде алапа, шайим. кочкор. бука илгертеден эле жашап келген. Рахманкулхан кочкор уруусунан, атасы Жапаркул ушул аймакта миң башы болуп келгени белгилүү, ал Токурбек миң башынын тукумунан. Сарыкол эли эзелтен эле өз салтын бекем кармап, тилин, динин, үрп-адатын, макал-лакап, тамаша ырларын, табышмак, жомокторун айтышып, той-тамашада ашыктык ырларын, кошок, айтыш ырларын ушул убака чейин сактап келет.


Ошол Рахманкул хандын уруулаш тууганы, Ак-Суу өрөөнүндө бала кезинде Жапаркул миң башы менен айылдаш отуруп Рахманкул хан менен балалык күндөрүн Акташтын (азыр Шаймак) астында өткөргөндүгүн эскерет - Сабизов Султанбай аксакал 80 жаштан ашкан мезгилде да акылы даана, сөзгө чебер, макал-лакап кошуп сөз кылар эле. Ар бир сөзүн көркөмдөп тамашалап сүйлөөчү. Жигит кезинде аялы менен баш кошкондо ашыктык ырын ырдап бергени эсимде. Аялынын аты Толук болчу, өзүнүн уруусуна байланыштырып тамаша ыры экен:

Мен Султанбай, сен Толук,

Мен кочкор, сен соопук,

Бирге жатып бой кошуп,

Таң атканча ойнойлук, -дел ыр менен кайрылып, көңүлүн алганмын деп калчу.


Мергенчиликке да кызыккан адам болгон, бирок өтө көп жөтөлчү экен, курбу достору “жарым өпкө Султанбай” деп мазакташчу. Бир жолу мергенчиликке чыгып жакшы аталбай ызаланып:

Жарым өпкө Султанбай,

Жаралыга жете албай,

Жетсе да жакшы аталбай,

Болбосо дурус ит албай.


Ошол мезгилде аң улоого жакшы иттерди алып чыкчу экен, ал иттер кийиктерди мергенчиге жакындатып кууп келчү. Кошунасынын итин сурап аны жетекке бастыра албай ага карал айтканы:

Жем куйган ээң Асылжан,

Жетигип өлгөн касалдан.

Баккан ээң Чылпычбай,

Баса бер эми тырышбай.


Аксакал өтө чыйрак, баскан-турганы жетик эле. Көп жылдар мал багып, чабандык кесипти аркалаган, мал ээсин тартканын кара дылдырап деп, короодогу коюна кайрылып:

Карабоз кой дылдырым,

Бутуңду алга жылдырың.

Бутуң алга жылбаса,

Өлүп жанды тындырың. - деген экен.


Ушул сыяктуу тамаша-чыны аралаш өтө көп ырларды, кошокторду көп айтчу. Өзүнүн жаш кезинде “Көркөмүм” аттуу ырын айтып бергенде 86 жашта эле: (1914-2001- ж.ж.)

 

Акташка карай көч болду,

Аңдыган душман өч болду.

Каракөл карай көч болду,

Кастаган душман көп болду.

Кабырга тууган өч болду,

Ак таш деген жеринде.

Алапа-шайим элинде,

Али наамы бар экен.

Ахиде кылып ойносоң,

Ахиреттик дары экен.

Атадан жалгыз бала экен,

Эки жалгыз бала экен.

Эки жалгыз муңдашып,

Эрмектешип сүйлөшүп.

Хадирландин көркөмү,

Хандардан көрдүм зияда.

Медет момун көркөмүм,

Бектерден көрдүм зияда,

Бодо минип бел ашып,

Бектер менен жанашып,

Кара минип жол ашып,

Хандар менен жанашып.

Карабоз менен суу кечсең,

Тулку болсун көркөмүм.

Хан алдында сүйлөсөң,

Мартабаң эгиз баарынан.

Улук болсун көркөмүм.

Беде минип суу кечсең.

Тулку болсун көркөмүм.

Бек алдында сүйлөсөң,

Периштең эгиз баарынан.

Улук го болсун көркөмүм.

Алтын го кандай, пул кандай,

Ай асманда жылгандай.

Акимдериң көргөндөй,

Көркөмүң кетип калгандай.

Күмүш го айнек жез, калай,

Күн асманда жылгандай.

Акимдериң көргөн го,

Күйдүргүм кетип калгандай.

Айылда бардыр миң киши,

Айылдын көркү бир киши.

Короодо бардыр миң киши,

Короонун көркү бир киши.

Айылда көркү болбосо,

Күн бүркөөдөй көрүнөт.

Короодо көркү болбосо,

Ай караңгы көрүнөт.

Эшигиң алды дүүдүрүң,

Айылда абат көркөмүм.

Эки бирдей буурул ат,

Тердеп чабат көркөмүм.

Ак ыргайдай белиңе,

Кур жарашат көркөмүм.

Жеткизип улак таштаган,

Жетимиш элүү атка кашка.

Гез жагыдай белиңе,

Кур жарашат көркөмүм.

Каттагандан бир дуба,

Айталбадым көркөмүм.

Мен Булуңкөл барганда,

Кайталбадым көркөмүм.

Бурулгандан бир дуба,

Айталбадым көркөмүм.

Каракөл жолу Кой-Тезек,

Каттарга жолу өтө узак.

Каттагандан бир дуба,

Айталбадым көркөмүм.

Шайимдан чыккан сен сулуу,

Даражаң элде көп улуу.

Ашыклыктын дардини,

Айта албадым көркөмүм.

Хан шайимдин тукуму,

Кымча белдүү сен сулуу.

Элиңде мартабаң көп улуу

Ашыклыктын дардини,

Айталбадым көркөмүм...


“Аалам кыргыздары”

Небреходжаев Койчубай

Мургаб району Токтомуш айылы

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены