Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти,
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Отунбаева Роза Исаковнага
Чүй облусунда жашаган этникалык кыргыздардан
Өтүнүч кат
Урматтуу Роза Исаковна, ушундай кыйын кырдаал мезгилде Сиздин өлкө башкарууга бел байлаганыңыз бизди көптөн үмүттөндүрөт. Сиз депутат болуп турганыңызда да тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын таламын талашып жүргөнүңүз бизге маалым.
Өзүңүзгө белгилүү, мурдагы Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик Комитетинин алдында Миграциялык фонд этникалык кыргыздар менен иш алып барчу. Чындыгында эле бул фонд барда биз өзүбүздү кандайдыр бир камкордуктун кучагында сезчүбүз. Анткени виза ачууда, аны узартууда, жарандык алыша элек адамдар ооруп калса Миграциялык фонддун колдоосу абдан эле сезилип турчу. Керектүү инстанцияларга биздин абалыбызды түшүндүрүп каттарды жөнөтүп, маселенин биз үчүн оң чечилишин камсыз кылып турчу. Мындан тышкары Эл аралык уюмдарга кайрылып канчалаган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө материалдык жардамдарды көрсөтчү. Ал гана эмес чет өлкөдө жашаган кыргыздардан кабар алып, аларга гуманитардык жардам берүүдө да Миграциялык фонддун жасаган иши чоң эле. Ушуларды ишке ашырууда анын директору Салтанат Бараканованын эмгеги зор.
Тилекке каршы, мурдагы бийлик мезгилинде бул фонд жоюлуп, анын ордуна бөлүм болуп калды. Ушуга каниет кылып отурсак, эми бул бөлүм да жоюлуп калганы кандай. Деги эле Миграциялык фондду жоюунун эмне зарылчылыгы бар эле. Же сырткы миграция маселеси чечилип бүттүбү, же сыртта жашаган этникалык кыргыздардын маселеси такыр жокпу? Биздин маалыматыбызга караганда, Афганистан, Таджикистан, Турция, Кытайда жашаган боордошторубуздун көбү эле тарыхый мекенибизге көчүп келсек дегенде ак эткенден так этишип жүрүшөт. Ал эми өлкөбүздө акыркы мезгилде болуп жаткан кырдаалда Өзбекстандан туугандарыбыз көптөп эле бул жакка келе башташты, андан да көп келип калышы мүмкүн.
Ушундай учурда Миграциялык фонддун иштеп турушу максатка ылайыктуу эле деп ойлойбуз. Деги эле азыркы күндө Кыргызстанда жашап жаткан этникалык кыргыздардын деле көйгөйү аз эмес. Айрым үй-бүлөлөрдө алды 20 жашка чыгып калган балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, көбүнүн сабаты жок, үй-жайы жок, сатып алганга каражаты жок. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар берилиш керек эле. Алардын укугун сөзсүз түрдө мамлекеттик атайын бир орган колдобосо ар кайсы ишкана мекемеде отурган бюрократ чиновниктер алардын муң зарын укмак түгүл эшигине жолотпойт. Алардын муңун уккан жалгыз гана Миграциялык фонд болчу, эми аларды ким угат да, ким колдойт?
Турциядан, Кытайдан жана башка жактардан келип билим алган студенттерге да укуктук жардам керек. Деги эле чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүүдө атайын орган керек. Бул дүйнөлүк практика көрсөткөндөй өлкөбүздүн аброюна, кадыр баркына оң таасирин тийгизмек. Мисалга алсак Арменияда чет өлкөдөгү боордошторун колдоо Министрлиги болсо, Эстонияда Миграциялык фонду бар. өзүбүздүн эле кошуна өлкө Казакстан "Оролман" программасынын алкагында кандай иштерди жасап жатканы айтпасак да маалым. Биз келечекте өнүккөн демократиялык мамлекет курсак, сыртта чет өлкөнүн жараны болуп жүргөн боордошторубузга колдоо көрсөтө албасак, колунда бар боордоштордун жардамын ала албасак кандай болот. Ошондуктан, бул жагдайларды эске алып, Өкмүттүн алдында тарыхый мекенине кайтып келген жана чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды колдоо боюнча агенттик түзүп берүүңүздү суранабыз. Мындай орган иштеп турса, чачылганыбыз жыйналмак, ансыз деле кыргыз көп калк эмеспиз го.
Сизди терең урматтап,
Чүй областында жашаган тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын тобу.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены