Тарбагатай кыргыздары (фоторепортаж)

Тарбагатай кыргыздары (фоторепортаж)

Жамбы Жусубалиева Тарбагатай кыргыздарынын тарыйкасына токтолду (фоторепортаж)

 

Тарбагатай кыргыздары тууралуу маалымат жокко эсе. Тарыхчы-окумуштуу Жамбы Жусубалиева өткөн жылы июнь айында Американын Борбор Азиядагы изилдөө институтунун экспедиция алкагында Кытай жергесинде бир айдан ашык болуп, ал жактагы кыргыздардын жашоосу менен жакындан таанышып келген. Тарбагатай монгол тилинен которгондо – суурлар өрөөнү. Бул туурасында Жамбы Жусубалиева «24.kg» МА окурмандары үчүн атайы сөз куруп берди.

 

- Жамбы эже, адегенде экспедиция максаты тууралуу айтып берсеңиз?

- Биздин экспедиция былтыр июль айында Кытай жеринде бир ай болдук. Негизинен кыргыздар жашаган Синьзянь регионундагы Ак-Тоо, Кызыл-Суу, Ак-Чий аймактарында болдук. Мындан тышкары, эң аз изилденген Алтайдан бир нече кылым мурда көчүп келген Фую районундагы Хэйлунцзян провинциясындагы кыргыздарга бардык. Алардын ичинен Тарбагатай кыргыздарынын жашоосу абдан кызык болду. Тарбагатай түндүк чыгышынан Алтайга жакындап, ал эми батышынан Казакстан менен чектешет.

 

 

Тарбагатай делинип Алтай тоолорундагы тоо кыркаларынын атынан калса керек, ал тоо кыркалары Казакстан, Орусия жана Кытайдын ортосунда жайгашкан. Ал Тачен, Эминь, Карамай деген уезддерге бөлүнөт. Андагы эң чоң шаар Тачен, ал кыргыз тилине чөйчөк деп которулат. Ал жердеги калктын көбүн казактар түзсө да, кыргыздар да аз эмес. Бизди алар абдан жакшы тосуп алышты, абдан мейман дос болушат экен. Жолдон машинабыз бузулуп кеч жеткенибизге карабай, бизге татыктуу сый көргөзүштү.

 

- Жергиликтүү калктын канчасы кыргыздар экен?

- Тарбагатайдагы жергиликтүү калк көбүнчө кытай эли, андан кийин казак улутундагылар көп, алардан кийин эле моңголдор жана уйгурлар. Кыргыздар абдан аз экен, расмий каттоодо 3 миң кыргыз жашайт деп белгилениптир. Бирок жергиликтүү окумуштуулардын айтымында, кыргыздар 8-10 миңден ашык. Көрсө ал жердеги кыргыздар Будда динин тутуп, өзүлөрүн монгол деп жаздырып алышыптыр. Көбүнчөсү Чөйчөк шаарында, майда айылдарда жана Оргочор, Ой-Жайлоо, Ламаджу деген майда шаарларда жашашат.

 

- Ал жактагы кыргыздар кайсы динди карманышат?

- Тарбагатайда кыргыздардын 80 пайызы буддизмди тутушат, бирок алардын ичинде ислам динин туткандар менен буддистер арасында карама-каршылыктар байкалат. Анткени кээси кыргыздар башынан эле ислам динин тутушкан десе, калганы будда динине ыктап кетишиптир. Муну түшүндүрүү кыйын...

 

- Кандай майрамдарды белгилешет?



- Ал жерде негизги дин Будда эсептелгендиктен алар динге байланыштуу майрамдарды сөзсүз белгилешет. Алардын үйлөрүндө Панчин Ламанын сүрөтү илинип турат. Буддизм – тибеттиктер туткан дин. Алардын кээ бир майрамдары кыргыздын майрамдарына да окшош. Мисалы, Будданын туулган күнү кытайдын Жаңы жылына ылайык келген күн, анан Ноорузга туура келген күндөр майрамдалат экен. Кыргыздарда экибуддамолдосу бар. Бирөөсүжаш. Анынаты – Жаркын, өзү Сарбагыш уруусунан.Ал болгону 20 жашта, бирок өзүн профессионал Лама эсептейт. 13 жашынан тартып Гансу провинциясынан буддалык мектепке окууган. Бирок анын буддалык да аты бар. Беш жылдык окууну бүтүрүп келиптир. Будда чиркөөсүн курсам деген максаты бар экен.

 

- Тарбагатай кыргыздары ал жерге кайсы кылымдарда, кайсы жерден көчүп барышкан?

- Негизи Тарбагатай кыргыздарынын тарыхы жакшы изилденген эмес, алардын ал жерге баруусунун бир нече жоромолдору бар. Алардын биринде Эмин уездинен 400 жыл мурун келишкен деп айтылат, ал эми экинчиси: кыргыздар Эне-Сайдан XIV кылымда жунгарлар, калмактар менен согуш учурунда келип, Оргочор, Кызыл-Суу, Или, Хэйлунцзянга отурукташып калышкан деп айтылат.

 

- Урууларга бөлүнөт деп айтып кетпедиңизби, ал жерде кайсы уруулар бар экен?

- Көбүнчөсү ал жердеги кыргыздар гана урууларга бөлүнөт экен. Алар аты-жөнү менен бирге уруусун да айтышат. Мисалы, Жаркын Сарбагыш. Негизинен Тарбагатайда алты уруунун өкүлдөрү жашашат. Алар Сарбагыш, Мундуз, Найман, Баарын же Бугу-Баарын, Кытай, Сарт уруулары. Бул ичара бөлүнүү да эмес, идентификациялоонун элементи катары каралат. Анткени Тарбагатай кыргыздары ассимилиация процессинде да өздөрүн кыргызбыз деп тарыхын, маданиятын сактап калуу биринчи орунда турган жана уруу ичинде үйлөнүүгө тыйуу салынган. Оролбек Манжин аттуу адам жергиликтүү кыргыз коомчулугунун жетекчиси. Ал акын, жазуучу, тарыхчы, мурда бокс менен машыккан экен. Ал кыргыздардын бул жерге көчүп келишин, тарыхын, азыркы күндөгү абалы тууралуу сөз кылып берди. Ал адам кыргыздардын турмушуна кейий турганын билдирди. Оролбектин кыргыз тилдүү мектеп ачсам деген ою бар экен.

 

- Алар кыргыз тилин билешеби?

- Алар казак жана кыргыз тилдерин аралаштырып сүйлөшөт. Бирок кайсы сөз казакча, кайсы сөз кыргызча экендигин жакшы айырмалашат. Тарбагатай кыргыздары өздөрүнүн кыргыз экендиги менен сыймыктанып, салттарын сактап, тарыхын билишет.

 

- А жашоо шарттары кандай?

- Тамак-аштары биздин Кыргызстандагы тамактарга эле окшош. Жашаган үйлөрү эски, мурунку үйлөр. Үйлөрдүн чатырлары саман,топурактанжасалган. Бирок мамлекетколдоо көрсөтүп, пландуу түрдөжаңы үйлөр курулуп атыптыр. Мамлекет өз баасына курулуш материалдарын сатат экен. Жергиликтүү эл мал чарбачылыгы, кой-эчки, уй багып, жер иштетүү менен жан багышат. Колунда барлары чоң шаарларга кетип билим алууга арекеттенишет.

 

- Каада-салт жагынан эмне окшоштуктары бар?

- Бозүйлөр менен жайкысын жайлоолорго көчүшөт, сүттөн айран, каймак, курут жасашат. Алардын куруттары жалпак формада келет. Ал эми Манас боюнча Кызыл-Суу кыргыздарынын маалыматтарынан билишет, бирок алардын баатырлар жөнүндө көптөгөн легенда, уламыштары бар. Аны өзүнчө изилдөөнүн объектиси катары караса болот. Үйлөнүү, бала төрөлгөндөгү тойлору биздикине окшош. Үрп-адат, салт-санааларынын баары эле биздегидей. Бирок дини башка болуп, кээ бир элементтери да айырмаланат. Тарбагатай кыргыздарынын арасында билим көздөп, чоң шаарларга барып жогорку билим алууга умтулгандары аз эмес. Кээси шаарларда отурукташып калыптыр. Өкүнүчтүүсү, кыргыз мектептери жок болгондуктан, балдары кытай тилинде билим алышат. Айрымдары араб тамгалары менен кыргызча жазганды билишет. Алар бири-бири менен абыдан ынтымактуу. 60-жылдары казактар массалык түрдө качып кетишиптир. Алардын бош калган үйлөрүн мамлекет кыргыздарга бериптир. Кытай тарап кыргыздар менен сый мамиледе экен. Эми болсо бул жерлерди Кытай өкмөтү жаратылыш аймагы кылып, экологиялык туризмди жайылтканы жатыптыр.

 

Негизи мени бул сапарда Тарбагатай жана Кызыл-Суу кыргыздары кыйынчылыктарга карабай өз тарыхына, маданиятына кылган мамилеси таңгалтырды. Мындан тышкары, алар кайсы динди тутпасын, мейли, теңирчиликпи, буддизмби же исламбы, айтор динге ички жандүйнөлөрү менен берилип мамиле жасагандары байкалды. Менимче, бул касиет бүгүнкү күндө нравалык эпоха сынып, багытыбыздан адашып турган кезде эң маанилүү!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены