Тажик туугандар кыргыздарды кыйнай берсе, аягы эмне менен бүтөт? Тажикстандагы этникалык кыргыздарга карата тымызын куугунтук жасалып, аргасыздан көчүүгө мажбур болгондор көбөйүп, кыргыз коомчулугуна коңгуроо катары кагылып келет. Айрыкча, Жерге-Тал районунда тажиктештирүү иш чарасы ыкчам жүрүп, кыргыздын духун сындыруу үчүн "туугандарыбыз" дүйнөдө болуп көрбөгөн жоболоңдуу жорукту башташып, кыргызча жер аталыштарын тажикчеге өзгөртүп жатканына күбө болуудабыз. Тилекке каршы, бийлик болсо баягысындай, бүжүрөп үн катпайт. Ал эми кыргыздын чыдамы күн өткөн сайын чыңалууда. Бирок, боордош кыргыздардын кейиштүү тагдырына кайдыгер карай албаган адамдар баш көтөрүп, так ушул маселе боюнча И.Арабаев атындагы университетте тегерек үстөлгө чогулушту. Ошол жерде болгон сөздөрдүн орчундуусун, каймагын сунуштайбыз. Ылгап көрүңүз окурман.
Түгөлбай Казаков, коомдук ишмер:
-Мен талкууланып жаткан маселе боюнча эки-үч сунуш айтайын. Биринчиси, эл аралык конвенциялар боюнча кайсы бир улуттун жери, кайсы бир мамлекетке өтүп кеткен болсо, аны 200 жыл өткөнгө чейин маселе көтөрсө болот. Эгерде кайсы бир мамлекет ошол жерди 200 жыл ээлесе, карамагындагы жер ошол мамлекетке өтөт. Бул, албетте, Американы басып алгандар өздөрүн легитимдештириш үчүн ойлоп тапкан закондору. Бирок, азыр эл аралык норма катары иштеп жатат. 1960-жылдары Цинзяндагы уйгурлардын көтөрүлгөнү да ошондон улам болгон. Кытайлар 1765-жылдар аралыгында басып алышкандыктан, 200 жыл толо элегинде кутулабыз (!) деп, конвенцияны бетке кармап көтөрүлүшкөн. Муну мен эмнеге айтып жатам? Жерге-Тал, Мургаб, Памир аймагы 1924-жылы СССРдин аткаруу комитетинин чечими менен эле Тажикстан, Ооганстанга карап калган. Дегеним, 200 жыл өтө элек, денонсация кылганга болот. Бул бир маселе. Экинчиси, Жерге-Талдагы улуттар аралык, тил жана жер аталыштарын өзгөртүү маселелерин райондун акими чечип калган болсо, мамлекет бул маселени билбесе, анда бул Тажикстандын бийлиги үчүн уят иш. Чындыкты карайлычы, акыркы 200, 300 жылдан бери эч бир элдин жери Кыргызстанга өткөн жок, алакандай жерин ээлеп алган да жок, жалаң кыргыздардын жери кетип жатат. Мына жакында эле Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Токмоктун тегереги, андан мурдарак Шаамерден, Сох деген жерлерибиз, 1924-жылы Жерге-Тал, Мургаб, Памир кетти. Коркоктугубуздан, ар кимдин этегине намаз окугандыгыбыздан кыргыздын жеринин баардыгы кетип жатат. Ошол жерлердин ар биринде ата-бабалардын каны төгүлгөн, сөөктөрү көмүлгөн. Биз саясатты жүргүзгөндө дагы ошондой намыс менен жүргүзүшүбүз керек. Бу маселени Жогорку Кеңешке сунуштайлы, парламент аралык комиссия түзсүн. Тажикстандын парламенти менен биздин депутаттар жолуксун! Америкадагы балдарын көргөнү саякаттай бербей, мамлекеттин, улуттун маселесин чечкенди үйрөнсүн. Беш-он депутат Тажикстанга барып, же аларды чакырып, ушул көйгөйдү чечип берсин. Таптакыр маселе чечилбесе, Тажикстандагы жер-суу аттарын өзгөртүү токтобой турган болсо, анда биз ТИМ аркылуу, же болбосо коомчулук аркылуу Тажикстандын президентине, мажлисине ж.б. органдарына кайрылуу жиберели. Эгерде анда дагы бул саясат токтобой турган болсо, улутташтыруу, унификация улана берсе, анда Кыргызстанда дагы адекваттуу иштерди баштайлы. Бул жакты дагы тажикче жер аттарын кыргыздаштырышыбыз керек. Анда жанагы тажик мектептериндеги программалардын баарын которуп, мектептеги жазуулардын баарын кыргызчага которолу. Биз ушундай маселени көтөрсөк эле согуш чыга тургандай коркобуз. Кытай Россияга территориялдык дооматын койду эле, Россия менен согушуп кеттиби, жок. Ал боюнча комиссия түзүлөт, талашат-тытышат, акыры чечилет. Бул корко турган маселе эмес. Биз да ошондой маселени чечкенди, сүйлөшкөндү үйрөнүшүбүз керек. Биздин дооматыбыз көп. Биздин дооматыбыз бир эле Тажикстанга эмес, Өзбекстанга, Кытайга, Казакстанга да бар, биз аны унутпашыбыз керек.
Акылбек Атабаев, "Манас-Ата" этникалык кыргыздарды колдоо фондунун жетекчиси:
-Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал, Гиссар жана Исфана райондорунда кыргыздар жашайт. Учурда төрт райондо жашаган кыргыздардын жашоо шарты, мүмкүнчүлүгү төрт башка болуп жатат. Алардын ичинен Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздардын жашоосу, улут болуп сакталуу жагдайы чындыгында эле оор болууда. "Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген" акимдин кылык-жоругунан улам, ал жердеги кыргыздар өтө жапа чегүүдө. Тажик бийлиги Жерге-Талдын акимин көзөмөлгө албагандыктан, "бөрк ал десе баш алып" жатканы, мындай конференцияларды өткөрүүгө аргасыз кылып жатканы чын. Негизин ала турган болсок, тажиктер ал жердеги кыргыздарга кысым көрсөтмөк турсун, ыраазычылык билдириши керек. Себеби, 1925-жылы Тажикстанды Өзбекстандын курамынан бөлүп чыкканда, Мургаб менен Жерге-Тал районун кыргыздар берген. Эгерде кыргыздар ошол эки районду бербегенде, Каракалпак автономиялуу облусундай болуп, тажиктер Өзбекстанда калып кетмек. Буга рахмат айтыштын ордуна, жер-суу аттарын өзгөртүшүүдө. Дегеним, ошол учурда тажиктерге кылган жакшылыгыбызга, мындай жооп алып отурабыз. Бул өтө уят иш. Тарыхын сыйлабагандык. Экинчиси, 1995-жылдары Тажикстанда улут аралык согуш болгондо, Өзбекстан чек арасын жаап таштаган. Бир гана Кыргызстан жолдорун ачык коюп, колунан келген жардамын көрсөтпөдү беле? Кыргызстан менен каттап, жардамдардын баарын биздин өлкө менен алышканын эмне үчүн унутушат? Мына ушул нерселерди баса белгилеп туруп, биздин жетекчилер тажик парламентине, президентине кат жөнөтүшү керек. Эгер анда дагы токтобосо, мен Түгөлбай Казаковдун сөзүнө толугу менен кошулам. Бул маселелерди дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, сот аркылуу денонсациялашыбыз кажет.
Байас Турал, тарыхчы:
-Мен төрт жылдай Душанбе шаарында иштеп, тажиктер менен кыргыздардын бир топ окшоштугун байкагам. Экөө тең тоолук эл экендигине ынанып, ошондо тажиктердин кыргыздарга карата жаман оюн байкаган эмесмин. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө тажик мамлекетинин кыргыздарга карата жасап жаткан мамилесин угуп, туура эмес көрүп жатам. Балким, улутташтырууга берилип кеткен өңдөнөт. Албетте, азыр кыргыз алсыз мамлекет болуп турат. Дүйнөлүк глобализация деген ат менен жүрүп жаткан согуш Кыргызстанда 20 жылдан бери талкалап, кыргыз улутун жок кылуу саясаты жүрүп жаткан кези. Аны биз кыргыздар, кыргыз интеллигенциясы толук мойнубузга ала элекпиз. Эми биздин улуттук аң сезим калыптанып, ойгонуп жаткан учурда бизге коңшу турган, тууган болгон элдин мындай мамиле жасаганы туура эмес. Муну тажик элчилиги жетекчисине жеткирип, кыргыздарга карата жасалып жаткан нерсени, тажиктештирүү саясатын токтотсо. Себеби, кыргыздар учурда силкинүү доорунун алдына турат. Эртең кыргыз күч аларына мен толук ишенем. Ошол маалда, улуттук аң-сезим күчөгөндө, коңшулар азыр жасап жаткан мамилелерине жооп берип калышы мүмкүн. Бул эки элдин ортосундагы жараканы пайда кылат. Анткени, Тажикстандагы атуулдук согуш маалында Шаартуз аймагында жашаган кыргыздар кордук көрүп, баардыгы ушул жакка жер которгонго аргасыз болушкан. Эми тынччылык маалында этникалык азчылыктарга, анын ичинде кыргыздарга кысмак жасатып, аларды көчүрүүгө аргасыз кылса, кыргыз улуту жакшы түшүнбөй каларын айтып коюшубуз кажет. Биз согуш мезгилинде көчүп келген кыргыздарды айласыздан келди деп ойлойбуз. Бирок, мен ошол мезгилде барганымда, тажиктер атайын кыргыздарды коркутуп-үркүтүп, "көчкүлө" деп куугунтуктаганын көрүп, угуп келгем. Ошондуктан, биз ал жерде кыргыздардын турушуна камкордук көрүп, жардам беришибиз зарыл. Бизге көчүрүп келүү оор деле эмес. Бирок, биз үчүн кыргыздардын ал жерде турганы маанилүү. Анткени, ошол жерлерди биздин ата-бабалар мекендеген. Ал жерлерде кыргыздын каны төгүлгөн, бабаларыбыздын сөөгү жатат.
"Учур"-пресс
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены