Тажикстанда он күндүн ичинде эле коронавирус менен катталгандардын саны 600дөн ашты. Кыргыздар көп жашаган Жерге-Тал, Мургаб райондорунда да илдетти жугузуп алгандар болгон.
Кыргыз улутундагы жарандар аталган аймактарда тамак-аш, дары-дармек тартыш экенин билдирип, коронавирустун алдын-алуу үчүн журтташтардан көмөк сурап жатышат.
Тажикстандан Кыргызстанга журт которуп келген жазуучу Аким Кожоевдин тууган-уругу Жерге-Талда. Ал райондун борборунда карантин киргизилгенин, вирустан бир киши каза тапканын, бир нече жашоочу аны жугузуп алганын билдирди.
«Карантинге бир эле район борбору болгон Жерге-Тал айылы алыныптыр. Башкаларда карантин жок. Башкалаа Дүйшөмбүгө таксилер каттайт экен. Борбор менен байланыш бар дешти. Сактануучу каражаттар, антисептик, дары-дармек жок экенин айтып атышат. Өздөрү беткап тигип алып колдонуп жатышыптыр».
Ушу тушта Кыргызстанда жүргөн Рамис аттуу жаран да Тажикстандын Мургаб районунда калган жакындары менен күндө кат-кабар алышып турат. Ага туугандары, айылдаштары азык-түлүк, дары-дармек жана вирустан коргонуучу каражаттар тартыш, дээрлик жок деп маалымдашкан.
«Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунда турабыз. Биздин айылга да дүрбөлөң жетиптир. Ал жакта абал оор эле. Бирок дагы деле жашырып жатышат. Медициналык мекемелердин кызматкерлери толугу менен маалымат беришпейт. Канча киши кандай оору менен жатканын айтышпайт. Сурасаң эле пневмония же сасык тумоо деп коюшат. Мен реанимацияда бир нече киши оор абалда жатканын эшиттим. Алардын арасында Дүйшөмбүдөн келген студенттер бар. ИВЛ (Ред: дем алдыруучу жабдуулар), дарылар жок десе болот. Мурда дарылар Оштон ташылып келчү. Вирусту аныктоочу тест тууралуу айтпай эле коелу».
Тажикстандык кыргыздардын кайрылуусуна Кыргызстандан азырынча расмий жооп боло элек. Коомчулукта коңшу өлкөнүн ички ишине Кыргызстан кийлигише албайт дегендер да бар.
Бирок Жерге-Талда туулган журналист Жолдош Турдубаев Тажикстандын ички ишине киришпей эле жардам бере турган ыкмаларды колдонууга чакырды.
«Тажикстанда кырдаал чын эле оор болуп жатат окшойт. Карантин жарыялабай, убакыт өткөрүп ийишпедиби. Кыргызстан тараптан аз болсо да жардам берилиши керек деп эсептейм. Кошуна республикага, андагы улуттук азчылык болгон кыргыздарга көӊүл буруп, колдон келишинче зарыл каражаттарды камдап, жок дегенде 3-4 вирусологду жиберсе, алар тияктагы догдурларга эӊ зарыл нерселерди үйрөтүп, кеп-кеӊеш берип, жардамды жеткирип келсе, коңшулук мамилени жакшыртуу үчүн да, ал өлкөдөгү кыргыз боордошторубуздун көӊүлү үчүн да абдан жакшы иш болмок. Жеке жактар да салым кошо алат деп ойлойм».
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов да Кыргызстан шартына карап чет жактагы кыргыздарга гуманитардык жардам берсе болот деп эсептейт.
«Өкмөт дагы, биздеги бай адамдар да кол сунса көйгөй чечилмек деген ойдомун».
Ушу тушта карантинден улам ондогон тажикстандык кыргыздар үйүнө кете албай жүрүшөт. Теги жергеталдык жазуучу Аким Кожоев 200дөй киши жазгы талаа иштеринен кеч калбоо жана үй-жайына баруу үчүн кыргыз бийлигинен жардам сурап жатканын билдирди.
Тажик президенти Эмомали Рахмон 8-майда Жеңиш күнүнө карата тараткан куттуктоосунда коронавирус боюнча абалга кайрылып, бийлик дартка каршы күрөштө болгон аракетин көрүп жатканын жана жакын арада эл аны жеңип чыгаарына ишенерин белгиледи. Ал медицина кызматкерлерине ыраазылык билдирип, кризистен кийинки жагдайга да көңүл бурууга чакырды.
«Коронавирусту көзөмөлгө алгандан кийин дүйнө оор финансылык-экономикалык кризиске, жумушсуздукка, азык түлүк жетишсиздигине жана кымбатчылыкка туш келет. Ошон үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, ресурстарыбызды ырааттуу жана акыл-эстүүлүк менен колдонуп, айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүп, базарды азык-түлүк менен камсыз кылууга күч жумшашыбыз керек», - деди тажик президенти.
Расмий Дүйшөмбү өлкөдө COVID-19 дарты менен ооругандар бар экенин 30-апрелде гана моюнга алган. Ага чейин коронавирус жок деп ишендирип келген. Ошентип, өлкөдө расмий маалымат боюнча коронавируска чалдыккандар бир жума аралыгында 612га жетип, кайтыш болгондор 14 кишиге жетти.
Илдет жуктургандардын 18и Мургаб району караган Тоолуу Бадахшан автоном облусунда, 83ү Жерге-Тал кирген райондорунда экени маалым болду.
Ошол эле кезде тажик коомчулугу иш жүзүндө мамлекеттин аймагында коронавируска чалдыккандар мартта эле пайда болгон жана алардын саны мындан алда канча арбын деген пикирди карманышат.
Тажикстандагы Жерге-Тал районунда калктын 70 пайызын кыргыз улутундагылар түзөт. Ал эми Мургабда алардын саны мындан бир топ көп. Жалпысынан Тажикстандагы кыргыздар алтымыш миңге чамалайт.
Айта кетүүчү жагдай, Жерге-Тал району 2016-жылы Лахш, ал эми 2008-жылы райондун ушундай эле аталыштагы борбору Вахдат кыштагы болуп өзгөртүлгөн.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены