Сарыкол элинин, жеринин тарыхы да тереңге кетет эмеспи. Ал тарыхтын ичинде белгилүү адамдардын өмүрүндөгү казыктуу уламыштар.окуялар да бар. Ошолордун арасында Ыраң-көлдөгү үч күн аккан Ак эшандын дарыясы жөнүндөгү уламыш да бар.
Бул уламыш ар түрдүү вариянттарда айтылып жүрөт. Ошол уламыштардын бирөөсү эл ичинде мындайча айтылып жүрөт.
Илгери Ыраң-көлдө бай авабыз той берип, жер жерлерден конок чакырып, суу сууга чабармандарды жөнөтөт. Ошентип тойда башталып калат. Тойго чакырылган улуу, кичүү, мен деген жакшылар ар тараптан келе баштайт.
Алар өздөрү менен ондогон жан жөкөрлөрдү.акыл кошчуу кеңешчилерди, намыска жарачуу жигиттерди, бата алуучу күлүктөрдү.аларды чапчуу чабандестерди ала келишет.
Мындай калын топ коноктордун келүүсү менен Ыраң-көлдө суу менен камсыздоо маселеси оордойт. Тамак-аш, шорпо-шилең даярдоодон тартып, ат,күлүктөрдү сугаруу, ал гана эмес тойго союлган малдардын ичеги-карынын жууп тазалоо, адамдардын жүз чайкап жуунушуна чейин суу жетпей калат. Бул туурасында той башы, эл башы болгон бай ажыга да жетет. Ал улуу кичүү коноктордун алдында уйатка калбайын деп шылуун жигиттергек катуу тапшырып, жакынкы тоо булактарынан, кудуктардан күн түн дебей тынымсыз суу ташытып, келген мыймандарды күзөтө башташат. Бирок суу маселеси толук чечилбейт. Меймандардын арты суюлуп акыркылары келип жатышты.
Айыл адамдары бай аванын тоюн өткөрө чоң дайрдыктар көрүлүп, кол куушуруп, ийилип конокторду тосуп алып күзөтүп жатышты. Ал коноктордун арасында байлар менен бектер, дос тууган, кеңүл жакын жоро-жолдош ал жагы кытай., бу жагы ооганстан, бадахшан, тиги жагы Ош, Анжиян, Маргаланга сода жүргүзгөн кербенчилер, же жөн эле жолдон өткөн жолоочулар же зикир чалган дербиштер менен улама эшандар, чабандес менен күч сынашчуу балбандар эле.
Мына эртең той башталат деп турганда бай ажыга мындай бир сөз жетет: "Ыраң-көлгө келген жолоочу мыймандардын арасында бир окумал Ак эшан бар экен, анын окуган дубасынын кудурети чоң болуп, каалаганын аткарат экен дешет ”Кабатталган куш жаздыкта чыканактап алдына түрдүү даамдарды койдуруп ак байбиченин колунан чай ичип эртенки тойдун камын ойлонуп отурган бай авага бул сөз таасир эткенсип,бир азга көз ирмебей ойлоно калып, анан алаканына шак койду “Ляпай, бай ава!” -деп сырта турган олбурлуу жигит кол куушуруп кирип келди.
Бай ава токтолбостон буйра сүйлөдү: ”Тез барып Ак эшанды таптырып алдыма алып кел ! Заматта тапшырма орундалып ак сакалдуу Ак эшан бай аванын жанынан орун алып,мал жандын амандыгы,бул дүйнөнүн көйгөйлөруү турасында сөз жүрүп, чай сунулуп алдына түркүн даамдар койулуп отуруп калды.
Тамктар тартылып, чай ичилип дасторкон алынган соң бай ава мейманга сөздү тике баштап, ток этер жерини айтып калды:
- Улуу урматуу, конок, мен сизди эшан деп уктум. Эгерде ошол чын болсо,той өткөнчө Ыраң-көлдө суу агызып берер белеңиз. Ошого чакырттым эле. Айтылгандар аткарылса каалаган күлүктү, алтын-күмүштөн, баалуу каухарлардан аласың дейт.
Буга Ак эшан макул болбой, алланын жаратканын мен өзгөртө албайм деп туруп алат. Бай ава болсо өз сөзүнөн кайтпайт.
Акырында Ак эшан минтип сурайт:
- Мейли бай ава, сиз суранып калдьңыз. Жакшылык иш экен. Тойго келген түркүн киши экен алар да кыйналбасын. Мен макулмун, бирок сураңыз бай ава канча күнге агызайын?-деп калат.
Анда бай ава токтолбостон:
- Той өткөнчө-дейт
Ак эшан кайра сурайт:
- Той канча кунгө уланат?
- Үч кунгө! Үч күн агызып берсеңиз болгону-дейт бай ава.
Ак эшан ошондо бай аваны жалт карап: -Ээ, бай ава, чеки иш кылдыңыз! Суранычыңыз жакшы болбой калды. Кайыр. сиз айткандай болсун үч күн суу агып тойуңуз жакшы өтөт!-деп сыртка чыгып Ак эшанга деп көтөрүлгөн ак өргөөнү бет алат. Ак өргөгө келип даарат алып эки ирекет намазыны окуп болуп, шакиртине чегүнгө таза cyу алдырып, алдына койуп дуба окуй баштайт.
Түн жарымы болуп калганда чөгүндөгуү суу ысый баштайт. Ошондо Ак эшан шакиртине кайрылып:
- Сыртка чыгып кулак салып тыңшачы,суунун дабышы угулабы? -дейт.
Шакирти сыртка чыгып айлананы тьңшайт! Бирок жым жырт тынчтык. Аны устатына айтат. Ак эшан өз дубасын окуганды уланта берет. Суу уламдан улам ысый берет. Шакиртинен байагы эле суроосун сурап койот. Арадан убакыттар өтүп жатты. Чөгүндөгү суу ысыганда ысып. чызылдап барат. Ал эми Ак эшан өз дубасын окуй берет, шакирти болсо улам сыртка чыгып суунун дабышын тыңшап койот. Таң супа салып калганда, чөгүндөгү суу буркан-шаркан түшүп кайнай баштаганда сырттан шакирти чуркап кирди да:
- Оо, Ак эшаным сүйүнчү тиги жогорудан суунун шарылдап аккан шоокуму угулат-дейт. Ак эшан баш көтөрбөстөн дубасын окуп айагына чыкты да аллага шүгүр келтирип, дубасын окуп багымдат намазын бүтүргөндөн кийин шакиртине карап:
- Бол,жолго камын. Эртереек жолго чыгалы дейт.
Ак эшандын кетип жатканын уккан бай ава келип ырахмат, алкышыны айтип, кечиримин сурап, тойго каалусун өтүнөт. Бирок Ак эшан буга макул болбой, бай аванын берген тартуу белектерин албай жолго аттанып калат. Жөнөп жатып элдин, жердин амандыгын тилеп бетине бата тартып, андан соң бай авага кайрылды:
- Бай ава, сиз сураганьңызды алдьңыз! Ушул суунун түбөлүккө агып турушун сурабадьңыз да. Аман болуңуз! - деп жүрүп кетет.
Ошол күнү таң дан баштап айыл четинде мелмилдеген дарыя агып жатты. Андан дагы эки күн катары менен айыл ичи тойдун шаңына бөлөнүп таң тамашасына батып үч күн той уланып, үч күн тең суу дарыя болуп агып турду. Ошол кңндөрү дарыя боюнда күлүктөр байгеге чабылап,балбандар күрөшкө түшүп, улак тартылып, ырчылар ырдап, чечендер айтышып жаты. Даря жээгинде кылактап кыздар бийлеп, жаштар селкинчек тээп, доотмек ойноп, карыялар тамашага карк болуп кыскасы бары жыргап жатышты.
Бирок Ак эшан агызган даря үч эле күнгө суралганы эч кимдин капарынада келбеди.
2007
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены