Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусу менен жазылган Манас баянында Манастын ата-бабасы Сары-Колду (Памирди) жердеген. Дегеним, Манасты Ошпур койчусунан алып келатканда Жакып минтет:
Чоң атаң аты Ногой деп,
Каратып турду Кашкарды,
Кара-Шаарга жеткенче
Хан атаң Ногой башкарды.
Санатын алган Сары-Колду,
Ага самаган душман сап болду.
Ордо кылган Ополду,
Даң-Дуң тоонун оюна
Далай журтун которду.
Соонар көлдү бойлогон
Балам, баба Ногой тушунда
Согушкандар сойлогон,
Лоп жакасын жердеген,
Ойротко намыс бербеген.
XIX-кылымдын аягы, ХХ-кылымдын башында жыйырма жыл Памирди башкарып, Сары-Кол кыргыздарынын чачылып-тозушуна жол бербей, Дүйнөнүн чокусундагы кыргыздарды аман сактап калган - КОКОНБЕК миңбашы үй-бүлөсү менен.
Коконбек миңбашыдан мурун Памирди башкарып, кыргызга Опол тоодой эмгек кылган - Токур миңбашы. Ушул эки адам сыйга татыктуу! Анткени, Памирдик кыргыздарды сактап калышкан. Ал эми башка Сары-Колдун тыңчыкмалары кыргыздарды тозутуп, тентитип, кырдырышкан! Аттиң, дүйнөнүн кемдиги, биз ушундай инсандарды даңазалап, жаштарга үлгү кылып, урматтай албай келебиз...
Памирлик кыздар бүгүн
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены