2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракесин өткөpүү боюнча иш чаралар белгиленген.
Ошолордун алгачкыларынан болуп Арчалы айылындагы генерал Султан Самсалиев атындагы мектепте атайын семинар өткөрүлгөн. Ага катышып келген “рыспайчы” журналист Бокенбай Боркеевдин маегиден үзүндү.
Бокенбай Боркеев: ...Андан кийинки эле республикадагы мекгептердин ичинен биринчи болуп мына бу Аламүдүн районунун генерал Султан Самсалиев атындагм Арчалы мектебинде өткөн семинар болду. Биз семинар десе эле керели-кечке лекция окуган жадатма иш чараны түшүнөбүз. Ал эми музыкантка байланышкан семинар дээрлик ыр менен өтөрү маалим. Аерде ошондой болду.
- Рыспай Абдыкадыровдун ырларын окуучулар эмес, чоң кишилер араң ырдашат, анан алардын колунан кантип келди десеңиз ?
Бокенбай Боркеев: - Ошону айтпайсыңбы! Анүчүн Рыспайды сүйүш керек. Ошондой күйөрмандардын бири - ошо мектептин Мамытова Мадузахан Токуровна деген музыка мугалими. Өзү Тажикстандын Мургаб районунда 1967-жылы төрөлүп, 1984-жылы Фрунзедеги Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогика инстигутунун музыка факультетине кирип, ошондон бери тагдырдын жазмышы менен Кыргызстанда калып калыптыр.
Ал эми Рыспайды сүйгөнү мындай: Рыспай 1969-жылы Давлетке үйлөнүп, 1976-жылы Мургаб райкомунуи экинчи катчьсы Гожо Бердибаеадин чакыруусу менен Мургабга барып, аерден керек-жарак коомунум бухгалтери Токур деген адамдын үйүнө түшүп, бир топ күн мургабдык кыргыздардын башын кошкон сыйлуу конок болуп калат. Арчалыда Рыспай мааракесин уюштурган мугалим Мадузахан ошол Токурдун кызы болуп атпайбы.
Дегеним, мен анын Мургабда бир жума кантип жүргөнүн "Рыспай" деген романымда майда - чуйдөсүнө чейин жазгам. Ошондо Мадузахан (биердегилер Эркайым дешет) жети жашта болот. Рыспай ырдаганда тирмийип тиктеп отургандардын бири экен. Бирок ошондо Рыспайдын мынчалык залкар экенин билбей туруп, апакай сезимдерине анын ырларынын керемет сырларын байкоостон сиңирип алган белем.
Ошол “Рыспай" деген оору аны мектепте “Жаш кыял" деген 56 баладан турган хор түзүүгө, саймедирете сайраган семинарларды ыр менен коштоп турууга, райондук сынактарда байгелүү орундарды алууга себепчи болуптур. Эми мындай “оорукчандарды" көрүп эле жүрөм. Бирок мектептеги жолугушууга барганда, Рыспай жөнүндөгү маалыматтарды менден артык эч ким чогулткан жок деп кудуңдап жүрсөм, айнанайын, мен билбеген, мен көрбөгөн сүрөттөрдү, маалыматтарды көрдүм. Чынын айтайын, Рыспайды менден артык ким сүйөт деп жүргөн жаным, бир аз кызгана түштүм. Ошондо түшүндүм. Рыспай менин “жеке менчигимден" эчак чыгып, элдик болул, минтип менсиз эле экинчи өмүрүн сүрүп, улуу ырдын уландысы болуп жатканын.
“Айкын Саясат” 2011-жыл
“Рыспайчы” журналист Бокенбай Боркеев
Маектешкен Жуман Алиев
Семинар учурундагы сүрөттөр
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены