Улуу Жеңиштин 75 - жылдыгын эскерүү

uluu-zhe-ishtin-75-zhyldygyn-esker 4Күн чатырап тийип, чак түшкө жакындап калган учур, күздүн жаңы гана башталышы, айылдагы элдер баягы көр тиригилик менен алек, жашоо өз нугунда, албетте СССР мамлекетинде караан күн каптаган согуш тынчын албаса бул бийик тоого курчалган тоо текеси менен жарышып жашаган элдин жашоосу тынч.

 

Өз иши менен алек болгон Гожомкул ава жетимдиктин көп эле азабын тартып чоңойгон, ал жаңы эле 16 - жаштын босогосун аттаган чырпыктай жаш кези. Согуш эмне экенин али жакшы баамдап түшүнө элек бул жигиттин колуна согушка чакыруу кагазы келип түшөт. Эне сүтү оозудан таркай элек жаш жигит тайманбастан согушка аттанат. Бул кандуу согуш жаш - кары, бай – кедей, жарды жетим дебей баарын бир катарга чогултуп колуна мылтык карматып душманга тик каратканго чиркин.!

 

1941–жыл 19-сентябр күз айы, Сары–Кол жергесинен ошол убакта 23-жаш кыраан жигиттер Ата–Мекендик согушка аттанат, аларды алгач Өзбекстандын 54 запчастык аткычтар полкуна алып барышат алардын арасында кенжеси Гожомкул ава дагы жолдоштору менен чогу барышат.

 

Гожомкул аванын эскерүүсүндө мындай деп айтылат, ал жерден эки кыргыз баланы Москва шаарына алып барып 15–двизияга койгон, ал жерде 1944–жылгай чейин болгонбуз, кийин бизди Иванова деген шаарга 35 чакты солдатты артиллериялык двизияга кошот. Гожомкул ава андан кийин Беларус фронтуна которулуп, аткычтар полкунда кызмат өтөйт, ал жерде өзүнү мыкты аткыч катары көрсөтө алат.

 

Гожомкул ава эң кайгылуу кандуу жылдарда, тагыраагы согуш учурунда окопто солдаттар менен курчоодо калат, суу жок аябай кыйналышып душман тарапка жакын жердеги сууга барышат, ошол убакта дзоттун командири

 

- Сууга ким барат ? деп кыйкырат,

- Мен деп арадан бир солдат жөнөйт ал байкуш сууга жетпей окко учуп мерт кетет, кайрадан командирдин үнү жанырат,

- Сууга ким барат ? деген бул окуя эки жолу кайталанып эки солдатынан айрылган соң сууга баруу милдети Гожомкул авага жүктөлөт.

 

uluu-zhe-ishtin-75-zhyldygyn-esker 2
uluu-zhe-ishtin-75-zhyldygyn-esker 3


Мына ушул убакта эрдик көрсөтүп сууну алып кайтканда жакын жерден душмандардын минасы жарылып эс ушун билбей калат. Өзүмө келсем госпиталда экем, көзүм көрбөй калыптыр деп эскерет бул кандуу окуяны биздин каараман. Ата–Мекендик согушта элди, жерди коргоо үчүн, эртенки жаркын келечек үчүн жан аябай салгылашты.


Таштанбеков Гожомкул 1925–жылы Чоң–Алай районунда жарык дүйнөгө келет. Ата энеси кийинчерек жер которуп Улуу Сары–Кол жергесинин Ыраң–Көл айылына көчүп келишет. Гожомкул аванын бала кези боз адырдуу Ыраң–Көл айылында өтөт.


1946–жылы Таштанбеков Гожомкул ава кандуу согуштан өз элине, жерине, мекенине Ыраң–Көл айылына кайтып келет. Согуштан келеген соң “Ленин Жолу” совхозунда айдоочу болуп эмгектенип баштайт. Кийин СССР таркап Таджикистан өз алдынча мамлекет болгондон кийин Тоолу Бадахшан Автономиялуу облусунун экинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланат.


Таштанбеков Гожомкул “Германияны жеңгендиги үчүн” “Будапештти алгандыгы үчүн” “Минскийнин боштондугу үчүн” “Ата–Мекендик согуш” ордени жаны башка көптөгөн медаль, диплом, ардак грамоталар менен сыйланган, кийинчереек Тынчтык күндөрдө районго кошкон зор салымы үчүн“ Лениндин 100 жылдыгы ”юблейлик медалы менен сыйланган.


Гожомкул ава жубайы экөө төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.

Ал эми өзү 2005–жылы 5–июнда оорунун айынан мезгилсиз дүйнө менен кош айтышкан.

Таштанбеков Гожомкул аванын ысымы Ыраң–Көл айылынын көчөсүнө ыйгарылган.


Мына бүгүн биз майрамдап жаткан 9-май Улуу Жеңиш майрамына 75–жыл толуп олтурат, бул кубанычтуу майрамды бизге тартуулоо үчүн канчалаган жаш улан-кыздардын, аталардын каны төгүлдү, канчалаган жаш балдар жетим калышты, канчалаган адамдар үй–бүлөсүз болушту, канчалаган жылдар королду, эң өкүнүчтүүсү бизге жеңишти тартуулаган аталардын саны күн санап азайууда.


Оо кагылайын аталар силерге таазим..!

9–май Улуу Жеңиш майрамыныздар менен !

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены