Жер планетасында жыл адатта он эки айга бөлүнөт. Кыргыз эли байыркы замандан бери жыл сүрүү, анын ичинде ай аталыштарын колдонуу боюнча өз алдынча системаны да пайдаланып, эл аралык тажрыйбаны да эске алып келген.
Кыргызча айлардын аттарын сыпаттап берүүдө Евразияда, анын ичинде Борбордук Азияда таркаган жыл эсебинин системаларын туура таразалоо керек. Биринчиден, Борбордук Азияда ар кыл түрдө жыл эсеби жүрүп келген. Бири күн жылнаамасына (календарына) негизделсе, экинчиси ай жылнаамасына таянган. Күн эсеби менен бир жыл 365 (366) күн болсо, ай эсеби менен 354 (355) күн болгон.
Этнограф Гродеков тарабынан жазылган айдын аттары араб тилиндеги күн эсеби менен жазылган айлардын аттары. Бул ай эсеби Борбордук Азияда, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индияда колдонулат. Арабча деп жазылган ай календарына негизделген ай аттары ислам дининин жыл эсеби болуп бардык мусулман өлкөлөрүндө колдонулат.
Кыргыздын ай аттарын иреттөө жана аларды азыркы европалык календарга салыштырма тогоштуруу академик, профессор Кусейин Карасаев тарабынан ишке ашырылып, пайдаланылып келет.
Айлардын кыргызча аталышы (Кусейин Карасаевдин вариантында):
- Жалган Куран - Март;
- Чын Куран - Апрель;
- Бугу - Май;
- Кулжа - Июнь;
- Теке - Июль;
- Баш Оона - Август;
- Аяк Оона - Сентябрь;
- Тогуздун айы - Октябрь;
- Жетинин айы - Ноябрь;
- Бештин айы - Декабрь;
- Үчтүн айы - Январь;
- Бирдин айы - Февраль.
Улуу Памирден Нарын жергесине келип, жашап жаткан 58 жаштагы Шарапат Абдыкалык кызы Памирде айлар кандай аталарын аймактык кабарчыга айтып берди.
- Ут - Январь;
- Амал - Февраль;
- Сабыри - Март;
- Жооза - Апрель;
- Саратан - Май;
- Асад - Июнь;
- Мизан - Июль;
- Сумбула - Август;
- Акырап - Сентябрь;
- Кавыз - Октябрь;
- Жадды - Ноябрь;
- Дальбы - Декабрь.
«Ал эми жылдардын аталышы силердикиндей. Болгону доңуз жылын кара кийик деп айтабыз», - дейт Шарапат Абдыкалык кызы.
--------------------------------------------------------------------
Талас шаарынын 64 жаштагы тургуну, билим берүүнүн отличниги, тарыхчы мугалим Акчал Атагулов ай аттарынын кыргызча аталышын жана тогоолдор жөнүндө иликтөө жүргүзгөн. Аймактык кабарчы агай менен баарлашып кайтты.
«Күндөлүк басма сөз жана интернет беттеринде ай аттарын кыргызча атоо жөнүндө макалалар байма-бай жарыяланып келе жатат. Ал тургай жыл сайын кыргызча аталыштагы календарлар да чыгарылууда. Бирок бир календарда январь айы бирдин айы, февраль айы жалган куран айы деп аталса, бир календарда январь үчтүн айы, февраль бирдин айы деп аталып, коомчулук дале бир пикирге келе электигин айгинелеп турат.
Менимче бул күн календары менен ай календарынын айырмачылыктарынан улам болсо керек. Анткени күн календарында күн эсеби 1 жылда 365-366 күндү түзсө, ай календарында 354-355 күндү түзөт. Демек ай календары менен күн календарынын бири-биринен 11 күн айырма бар. Мусулман өлкөлөрүндө ай календары боюнча эсептөөнүн башталышы хижранын 622-жылынын 16-июлуна туура келет. Бүгүнкү күндө көпчүлүк мусулман өлкөлөрү ушул календарды колдонушат. Египеттиктер, вавилондуктар жана кыргыздар байыркы мезгилде эле ай календарын колдонушкан», - деди А.Атагулов.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены