Мына, жашоо керемет демекчи, Сары-колдо мал менен алектенип жашоо уланууда. Жайында жайлоолоп айран, курут, сарымай, каймак ичип, кыштын да камын кылабыз. Эч нерсе өспөсөда, Сары-колдо береке бар.
Дейре жайлоосунда мына минтип, кар жааганга чейин малын карап отурган жердешим бир эле мисал, буга окшогон эр жүрөк малчылар канча. Суугуна, ыссыгына кайыл болуп жашоо кечирип келеттер.
Шаардын кыйма-чийме машиналары, завод, фабрикасыдан ыраак таза аба, салкын жерде жашаган кандай керемет. Эми жылуу жумшак кыштоонун конушуна барып алып малды карап жата бериш. Мына Сары-колдун жашоосу кандай керемет.
Убайдылда Шайымов
Кара-Балта
sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены