Кыялдарым Жалганы көп жашоодо жанчыламын, Караан туткан үмүтүм шам чырагым. Үзүлгөндү жеткирип улай албай, Көлөмү көл аккан тер тамчыларым. Тирүүлүктүн түйшүгү эргүү бербейт, Кыялдарым куюндап шамал желдейт. Илең салаң илээшпей изи жокко, Ырга айланып калсам деп көңүл дегдейт. Өмүр өтүп саатым жоголууда, Өкүндүрүп күндөрүм королууда. Тагдыр жибин тарс үзүп салалбаймын, Мезгил таккан жүгөнүм тоголуу да. -//- Улуу элде нарк болгон, Уңгусу түптүү калк болгон. Санаты бар салт болгон, Саламы бар калк болгон. Түндүккө жел боо байлаган, Төрт түлүк малын айдаган. Кийик от өскөн тоолорду, Жайында барып жайлаган. Сары-Кол өрөөн кең болгон, Булагы дары эм болгон. Береке дөөлөт себилген, Жыл бою малы семирген . Ийилип айтам саламды, Алыскы Сары-Кол жеримден. |
Памир тоо Табышмактуу терең сырлар жашырган, Памир тоолор сен жомоксуң жашынган . Мен да өзүңдүң бир бурчуңда күн күтүп , Мен да өзүңдүн көлөкөңө жашынгам. Кокту колот кум-шагылдуу жолуң да, Кулач мүйүз кулжа качат жонуңда. Көркөмүңө көзүм канбай көп жүрдүм , Булут сүйгөн ак-мөңгүлүү койнуңда. Дабаныңда дамыктым да күйүктүм, Далай жедим даамдуу этин кийиктин . Мен өзүңө ыр арнаймын Памир тоо, Сен бийиксиң демек мен да бийикмин . Дабаныңда дамыктым да күйүктүм, Оо Памир тоо сен дүйнөдө бийиксиң. -//- Кызыл сай көк кум Маркан-Суу, Кызыгы бүтпөс дархан суу. Кылымдын кыйыр учунда , Кыбырап жетпей калгансыйм. Түз барбай кыйгач көп өттүм, Тагдырлар балким себепкер. Аркарың эстеп сагынып , (Аттиң) Алыстан ырлар жөнөттүм . Кайберен чыйыр жолдорум, Кат жазып бир ыр жолдодум. Түшүмдө жөнөйм миң ирет, Түңүлбөй ошол жолдомун. Аркарың эстеп сагынып , Азыр да ошол жолдомун. |
Ө.Бердибаев
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү