“Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” деген кыргыздын таамай айтылган сөзү төмөнкү биз окуй турган макалага тийиштүү десем жаңылбайм. Анда кеп башынан болсун.
Памир башкача айтканда Тоолуу Бадахшан автономиялык облусу, Таджик Республикасынын чыгыш жагында жайгашкан. Мына ошол өрөөндү кыргыздар жердеп келет, тээ илгерки кылымдан бери, бул жерди кыргыздар Сары-Кол өрөөнү деп да аташат.
Менин атым Адахам-Жусуп ошол жердин тагыраак айтканда Ыраң-Көл айылынын кулуну болом. Кереметтүү жердин суусун ичип, тоо аркарларынын этин жеп кандай гана жакшы күндөргө бөлөнүп чоңойдук. Убакыт өтүп билимимди жогорлотуу үчүн университетке тапшырдым.
Мен Кыргыз Республикасынын ордолуу Ош шаарында окуп калдым, ушинтип университетти да бүтүп Ош шаарында иштеп калдым.
Бир күнү Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ деген айылына командировкага бөлүнүп калдым. Оштон ошол айылдын мектеп директору Кубанычбек Курманбаев агайга байланыштым, ал мени райондун борборунан тосуп алуусун айтты. Биз райондон жолуктук, агай мени айылына алып жөнөдү. Жолдо адатынча ал жай сураштык, ал менин жердигимди сурады мен Сары-Колдук экенимди айттым, агай унчукпай турду да менин атам ошол жакта иштеген союз убагында, сени атама үйгө алып барам деди, менда аксакалды көрүүгө ашыктым.
Кубанычбек Курманбаев | Сары-Колдон алып келген топоздун кийизи |
Биз айылга барган соң аксакал кичүү уулунун үйүндө экен, мен аксакалга бардым өзүнүн боюн түз кармап, салабаттуу карыя мени отурган жайынан туруп саламымды алик алып тосуп алды. Менин Мургаптык тууганым келиптир деп уктум эле сен окшойсун. Мен Мургаптын Ыраң-Көл деген кыштагында иштегем, сен кайсы айылдансын деп аксакал алгачкы суроосун узатты. Мен да ошол Ыраң-Көлдүкмүн дедим. Анда атаңды тааныбасам керек чоң атаңды айтчы деп суроо берди. Чоң атам Шаджан деген киши тааныйт белеңиз деп суроосуна жооп берип карыяны суроолу карадым. Аа балам Шаджан деген чоң фермер болгон, Алай, Чоң-Алайга чейин келип иштеген деп жооп берди.
Биз көпкө сүйлөшүп олтурдук аксакалдын аты Камилжан экен. Сөөган, Шаджан, Аблеч, Максут, Полот, Акжол, Эрдөөлөт, Апенди, Белекбай, Айымпааша жана көптөгөн адамдарды таанырын айтты. Аблеч менен Белекбай досторум болчуу аларды өтө сонун билем, Ыраң-Көл айылында Киров мектебинде 1953-жылдан 1956-жылдары иштегем. Киров деген колхозда бар эле ошол кезде, айлык акыбыз 80 рубл болчуу, 60 окуучу 5 мугалим бар элек. Кара Турук, Туз деген жайлоолорго баргам, кийиктин этин жеп, ууга чыкчуубуз, айылда терскен деген отун казып, кудуктан суу иччүүбүз. Ошол жактагы боордоштор өтөк-өтөк болуп ордо, көк бөрү (улак) ойношчуу. Азыр мен көргөн, тааныган, адамдардын баарынын көзү өтүп кеткен турбайбы деп аксакал өзүнүн айылда жүргөн үйлөнө элек жаш кезин эстеп көзүгө жаш алып да алды.
Эң кызыгы Камилжан ата Чырак таш барбы деп олуттуу сурады, эң керемет ошол Чырак таш тоосу болчу деп эскерет. Чечекти, Аличор, Баш-Күмбөз жана Хорог деген жерлерин көргөм дейт карыя өз сөзүндө. 87 жаштагы Камилжан аксакал айылдан кайтарында топоздун жүнүнөн жасалган кийиз алып келгем деп катып койгон кийизин көргөздү. Чоң атанын сөзүн көпкө тыншап олтуруп мен билбеген, көрбөгөн айылымдын керемет инсандары жөнүндө маалымат алдым.
Камилжан Курманбаев 1932-жылы Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында туулган. Кесиби тил-адабият, “Мыкты мугалим”, “Эл агартуунун отиличниги” жана көптөгөн сыйлыктардын ээси. Жубайы Камбарова Нүсакан апа дагы химбиолог мугалими, ал эми баласы Кубанычбек Курманбаев музыка мугалими Сары-Бээ айылынын мектебинде 19-жылдан бери директорлук кызматта үзүрлүү эмгектенүүдө.
Мугалимдер үй-бүлөсүнөн көптөгөн тарбия, үлгү алууга болот, убакыт учкан куш экен, менин сапарым каарып шаарга кайтарымда дагы бир жолу Камилжан аксакалга барып батаасын алып жылуу коштошуп чоң атамды көргөндөй эле болуп уйгө кайттым....
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены