Балдарды талаа жумушуна жалдап иштетип, эмгек акысын бербей койгон дыйкандын амалын «аңга» салган 36 жаштагы милициянын лейтенанты Анара Айтиева Чүйдүн Панфилов РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү. Анын жашоосу, өспүрүмдөр менен иштөөдөгү тажрыйбасы менен аймактык кабарчы таанышты.
«Өспүрүмдөр менен иштөө эмнегедир бөтөнчө. Алардын дүйнөсү таза, кыялкеч. Балдардын жашоосу менен таанышып, баарлаша келгенде көз алдыма балалык күндөрүм тартылат. Ооба, 1984-жылы Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районунда төрөлгөм. Ыраматылык атам Улжачиев Баястан райондо мурунку МАИнин жетекчиси эле. Апам Мавлюда райадминистрацияда иштечү. Ошол Мургабдагы күндөр эски тасмадай гана элес берет. Себеби, 6 жашка чейин гана ал жакта болгом. 1992-жылы ата-энем Чүйдүн Жайыл районундагы Новониколаевка айылына көчүп келишкен. Мен эки сиңдим менен Оштун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында таякем Акматалинин колунда убактылуу калганбыз. Ата-энем Жайылга келип отурукташкан соң, бизди алып келишти. Мектепти Новониколаевка гимназиясынан аяктадым. Ошентип, жаштайымдан Сары-Өзөн-Чүйдүн кызы болуп калгам. Эми келини да болуп, жолдошум Азамат экөөбүз 3 балабыз менен куттуу үйдүн бал жыттанган түтүнүн булатып келебиз. Жолдошум менен күзөт бөлүмүндө таанышкам. Анын так сүйлөгөн тайманбас мүнөзү чынчылдыгы жана жөнөкөйлүгү жүрөгүмдү ээлеп алган», - деди аймактык тескөөчү.
Погончон айым жолдошу, Жайыл райондук күзөт бөлүмүнүн взводунун командири, милициянын лейтенанты Азамат Кедейматов менен алгачкы таанышкан күндөрү жөнүндө эскерет: «Жайылдагы күзөт кызматында иштеп жаткам. Азамат да ушул жерде иштечү. Анда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин башкаруу жана бизнес институтун бүтүргөн учурум эле. Иш боюнча сүйлөшүп калганда анын мага болгон мамилеси өзгөчө экенин туйгам. Кыз жүрөгү назик, сезгич эмеспи. Ар нерсеге шылтоолоп күндөн-күнгө жакындай берди. Ошентсе да сыр билгизбей жүрө бергем. Акыры биздин жылуу мамилебиз сүйүүгө айланды. Ал мени жактырып жүргөнүн билдирди. Албетте, сунушун четке каккан жокмун. Анткени, мен да аны сезип жүргөм. Өзгөчө ишке болгон так мамилеси, адамгерчилик улуу сапаттары, чынчылдыгы жаккан. Ошентип, 2010-жылы баш коштук. Убакыт көз ирмем тура. Арадан 10 жыл өтүптүр. Нуржигит, Нурсейит жана Даткайым аттуу балдарыбыздын камкор атасы, менин сүйүктүү жолдошум. Окшош кийинип, эгиз козудай ээрчишип, жумушка жөнөйбүз. Мен Панфилов районундагы Чалдыбар аймагында эмгектенем. Ал жер Казакстан менен чектешет. «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү жайы бар. Бул аймакта көп улуттуу калк жашайт. Элдин социалдык-экономикалык, саясий-маданий турмушу бир аз өзгөчө. Сыртынан караганда жашоо турмушу кадимки абалда болгону менен өспүрүм балдар арасында бир топ көйгөйлүү түйүндөр бар. Тажикстандан көчүп келгендер да аралаш жашагандыктан турмуш шартка байланыштуу жаздан баштап талаа жумуштары күч алат», - деди аймактык тескөөчү.
Ал ошол аймактагы айрым балдардын жашоосу жөнүндө сөз козгоду.
«Күз мезгили эле. Күндөгүдөй эле жумуш ыргагында жүргөм. Бир ата-эне балдарын жалдап иштетип, эмгек акысын бербей койгон дыйкандын үстүнөн арызданып келди. Окуянын чоо-жайын толук түшүнгөн соң, дыйкандын үйүнө бардым. «Талаа жумушуна таңдан кечке иштетип, эмгегин бербей койгонуңуз кандай? Сиздин да балдарыңыз бар. Ошонун ордуна коюп көрбөйсүзбү? Маалыматым боюнча жетим бала да бар экен» деп уяткардым. Ал аял кишиден уялдыбы же милициянын кийиминен сүрдөдүбү, айтор кызарып, сөз таба албай, өзүн ыңгайсыз абалга калтырды. «Ооба, кызым бир топ жаш балдарды иштеткем. Эмгек акысына дарбыз бердим эле» деп мени алдай баштады. Качан гана мыйзам чегинде иш козгой баштаганда аргасыздан баарынын эмгек акысын толук төлөп берүү чечимин кабыл алды. Ошентип, балдардын ата-энелеринин алкоосун алгам.
Ырас, турмуш шарты начар ата-энелердин балдары бош убактысында талаа жумуштарында жалданып иштешет. Баары жашоо көйгөйүнөн келип чыккан тыянак. Бир аз тапканына күндөлүк азык-түлүк алышат. Учурда окуучулар дистанттык форматта окуп жатышат. Биз мектептердин соцпедагогдору менен окуучулардын үйлөрүнө барып, жашоосу менен таанышып турабыз. Оор турмушта жашагандарды жатак мектепке тапшырабыз. Ошондой учурда бир окуяга күбө болдук. Айыл ичинде велосипеддер жоголо баштаганы такталды. Көрсө, аны 11 жаштагы оорукчан бала эч кимге билгизбей жасап жүрүптүр. Ал велосипеди бар үйлөрдү билет экен. Үйдө эч ким жок экенин билип, ошол замат уурдап, тээп барып, каалаган жерине таштап кете берет. Биз ал үй-бүлө менен сүйлөштүк. Бала апасы экөө жашашат экен. Апасы ичимдикке берилип, баласын эстен чыгарган. Бала оорукчан болгондон улам ар кайсы жерде жүрө берүүнү адатка айланткан. Биз аны тийиштүү мекемеге тапшыруу боюнча иш кагаздарын даярдадык. Учурда бала ооруп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Буюрса, тийиштүү жайга жеткиребиз», - деди милициянын лейтенанты.
Ал бирге иштеген, өз кесибинин устаттары милициянын майору Жумгалбек Абиев, милициянын майору Элдар Билялов, Ислам Абрамзаев, милициянын ага лейтенанты Надежда Гальцова, Жаныбек Тумашев жана башкалар менен сыймыктанат. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Кыргыз коомунда кыздардын милиция кызматында иштөөсү, тарбия ишинде таасирдүү экенин өз иш тажрыйбасынан тастыктайт.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены