Үстүбүздөгү жылдын 1-февраль күнү Мургабда тажик улутунун "Сада" майрамы белгиленди.
Расмий түрдө “Сада” майрамы Тажикстанда 2018-жылдан бери белгиленип келет, бирок ал орто кылымдарга чейин эле белгилүү болгон. Кыш менен коштошууну жана жазды кубанычтуу күтүүнүн символу. Ал “Навруз” майрамынан туура 50 күн мурун белгиленип отко арналган.
Ошондой эле майрамда Мургаб районунун жамаатар арасында “Дасторкон” сынагынын биринчи этабы болуп ага бардык айылдык жамааттар катышып, элдик кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштар, улуттук оюндар тартууланды.
“Дасторкон” сынагынын жыйынтыгында 1-орунду Саламаттыкты сактоо жамааты, 2-орунду Кызыл-Рабат жамаатынын Шаймак айылынын тургундары, 3-орунду МТМУ №1 ээледи.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены