Кыргыздардын салттуу киймдерди талдоого алууда Мургабдык кыргыздардын келек баш кийимине колдонулган ырым-жырымдары кызыгууну жаратты. Алгач келектин комплекстери тууралуу маалымат берсек. Туулга түрүндө башка ылайык бычылып тигилген баш кийим чач кеп деп аталган. Аны даярдоодо ар бир кыз-келин катышып ар кыл кооз саймаларды сайышкан. Баш кийимди алгач көргөндө эле көздүн жоосун алган өтө көркөм, ары татаал саймалары, асыл буюмдар карматылып жасалышы таң калтырат. Мындай баш кийим көчмөн элдин турмушунда абдан ылайыктуу болгон.
Кыргыздардын көчмөн турмушунда ар бир аялзаты кол өнөрчүлүктү мыкты өздөштүргөн. Ар бир эне кызын секелек кезинде эле бычмачы-тикмечиликке, саймачылыкка үйрөтүшкөн. Чач кептеги түркүн түстүү бири-бирине окшобогон кайталангыс саймалардан, кыргыздардын кыз- келиндери кол өнөрчүлүктү мыкты өздөштүргөндүгү байкалат. Башты айланта жаап турган бөлүгү ак бөз кездемесинен даярдалган. Бул тууралуу маалымат К.И.Антипинанын эмгегинде белгиленген [Антипина, 1962: 253:18]. Төбө бөлүгү биригип тигилбестен, чогултулган түрүндө жыйрылып, койдун жүнүнөн ичке ийрилип жасалган жип аркылуу байланат. Байланган жеринен кездеменин учу бир карыш сыртка чыгып турат. Өзүнчө чыгып турган бөлүкчөсүнүн өзгөчө мааниси, ал сыртынан оролгон элечектин жылышпай бир жерде кармап туруусуна шарт түзөт.
Чач кептин башка кийилген бөлүгүнүн жээктери көпчүлүк учурда кызыл түстөгү жибек аралашкан жиптеринен бир эли өлчөмүндө чырашталып тигилген. Мындай түс менен тигилишине дагы өзүнчө мани берилген. Тигилген бөлүгү эле чек оролгондо астында калып көрүнбөй калган. Ар кандай майрамдык салтанаттарда жаш келиндер, орто курактагы аялдар, улгайган байбичелер эле чексиз барышкан эмес. Элечектин астында калган кымтылуу кызыл түс жаман көздөн, суук сөздөн коргоп турат деген элдик ырым-жырымдар сакталып келген. Баш кийимдин эки кулакчасы кулакты жаап, моюн бөлүгүнө чейин түшүп турган. Ал эми куйрукча бөлүгү чачты бекемдеп, басып туру кызматын аткарган. Куйрукчанын узундугу аялдын чачына жараша болгон. Ар бир чач кепти даярдаган уз аял өзүнүн ички дүйнөсүндөгү дүйнө таанымын, кыялдануусун саймалар аркылуу түшүрө билген. Баш кийимдеги сайылган саймалар геометриялык, зооморфтук, жаратылыштык мүнөзгө ээ болгон.
Чач кептин түрлөрүн азыркы күндө экспонат катарында тарых музейлеринен кездештиребиз. Ал эми колдон-колго өтүп, сакталып калгандыгын Мургабдык кыргыздардан арбын кездештирүүгө болот. Тажик Республикасы, Жергетал, Мургаб районунда жашаган кыргыздар чач кепти кийишкендиги тууралуу Ю.А. Шибаеванын илимий чыгармасында кездешет [Шибаева, 1956: 97:206]. Ар бир баш кийимдин кулакчасы, артына уланган куйрукчасынын саймаланышы боюнча бири-бирине таптакыр үндөшпөйт. Баш кийимдеги тагылган кооздуктарга күмүш тыйындар, седеп топчулар, маржан шурулар жана арбын түрдө майда же чоң көлөмдөгү тоголок баргектер кирет. Мындай кооздуктардын көпчүлүгү соода-сатыкта сатылып алынып, күмүштөн жасалган ар кыл формадагы жасалгалар кыргыз, өзбек, тажик зергер өнөрчүлүгүндө пайда болгон. Биз талдоо жүргүзүп жаткан баш кийимдин кулакчасына түшүрүлгөн сайма ыкмасын «илме», «илмедос», «терскайык», ал эми саймаларын «карга тырмак», «кочкорек», «бадам», «жалбырак», «ийрек», «иткуйрук», «казтаман» деп аташкан.
М.В.Рындин, С.М.Абрамзондун илимий эмгектеринде кыргыз элинин жашоо тиричилигиндеги көркөм кол өнөрчүлүгү өркүндөп, өнүгүп кереметтүү оюмдарды жараткандыгы белгиленет. Алар буюмдарга көркөм кооздукту гана бербестен, баштарынан өткөргөн бир окуяны маалымдап тургансыйт деген пикирлер жазылат [Рындин, 1943: 143:177 Абрамзон, 1946: 31:3].
Чынында эле кийимдеги саймалар аркылуу кыргыздардын кайсыл аймакта жашагандыгы, жүргүзгөн чарбасын баамдасак болот. Мургабдык кыргыздарда келектин оролушу бир кыйла айырмаланып турат. Кыргызстандын аймагында кийилген элечек оролуу ыкмасында даярдалса бул аймакта чалуу ыкмасы таралган. Азыркы кезде да мурда кийилип келген келекти кыз узатуу салтында колдонушат.
Мургаб районунун жергиликтүү тургуну 1938-жылы туулган Казакбаева Мейиз байбиче келек ороп, ал тууралуу маалымат берди. Анын колунда чач кеп, бет жапкыч, дурия жоолук сакталып келет. Чач кептин шуруларына шакектерди өткөргөн. Шакектердин саны канча кызы болсо ошого жараша тагылган. Турмушка чыгып жатканда чач кепти кийгизип, сыртынан келек ороп, манжасына шакектен тагып узатышкан. Баш кийим Мейиз байбичеге апасынан калган экен.
Аны ушул мезгилде да кызды узатып жатканда кийгизишет. Кыз барган жерине келин болгондон кийин чач кепти апасына кайтарып берген. Себеби кийинки кыздары да кийишкен. Салт катарында муундан-муунга кызмат кылып келген.
Келектин оролушун жана ага байланышкан ырым-жырымдарын ушул жердин тургуну Ырысбү байбиче толук айтып берди. Алгач кийе турган аялды олтургузуп эски сакталып келген чач кепти кийгизет. Андан кийин кездемесин төрткө бүктөп даярдап алганды чач кептин үстүнөн орой баштайт. Келектин бир учу артында калып астыңкы маңдайына чалып олтурат. Улам оромду биринин үстүнөнбирин башты жапкандай айланта берет. Мындай ыкмада жасалган келек бачым эле оролот. Мында келектин оромунун астына улам кездеменин кесиндисин бүктөп салып олтурат. Мындай ыкма менен калектин төбөсүн өйдөлөтүп жасашат. Баш кийим башты жылуу кармаган, сулуулукту берген, ошондой эле келин экендигин билгизип турган. Жайында күндүн ысыгын кышкысын суук өткөрбөй абдан ылайыктуу болгон. Келек оролуп бүткөндөн кийин кызыл тартмасы тагылып сыртынан дурия жоолук салышат. Келин кыбыланы карап үч жолу салам берет. Атасы кызын узатып жатканда жоолук менен белин бекем бууп, тандырда бышкан эки тоголок нанды ошол жоолукка бекитет. Мындай ырым барган жеринде ток болсун дегенди билдирген. Бир жагынан кыздын ата-энеси колунда бар адамдардан деген маанини да билдирип турган. Кызын узатып жатканда көп балалуу башы бүтүн күйөөсү менен өмүр бою жашаган улуу курактагы байбичеге келекти оротушкан. Мындай ырым ушул мезгилде да сакталып келет. Анткени бардык эле ата-эне кызын барган жеринен бакыт айтып, бактылуу болуп жашаганын каалайт. Ошондуктан баш кийимди ар кимге эле орото берген эмес. Келекке кездеменин жеңил, жумшак түрү керектелген. Ага негизинен соодагерлерден алынган ак түстөгү ыстамбул, ак сурп кеңири колдонулган. Айрыкча колунда бар үй-бүлөдөгү аялдар чоң көлөмдүү кылып орошкон. Аныноролуусу эреже катарында артынан алдыга карай башталат. Мындай баш кийим көчмөн турмушунта чоң мааниге ээ болгон. Көчүп конуу мезгилинде ысык-сууктан, шамалдан сактап, жолдо кырсыктап калганда кездеме катарында пайдаланып, адам каза болуп калса кепиндин кызматын аткарган. Тартиби катарында турмушка чыга элек кыздар кийишкен эмес. Башка үй-бүлөөгө бүлө болгондон тарып кийип баштаган. Келек бир тартипте ак түстөгү кездемелерден даярдалган. Ошол мезгилдеги соода-сатык жолдору менен келген кездемелердин сапаты жакшы болгон. Алар күнүмдүк турмушта дайыма кийилип келсе да көп мезгилге чейин саргайып өңүн жоготкон эмес. Андагы кездемелер табигый жолдор менен алынгандыктан абдан бышык келген. Аза күтүү салтында келектин сыртынан кара жоолук жабышып каралуу аял дешкен. Мындай ырымды ашын бергенге чейин колдонушкан. Ашын бергенден кийин карасын алып кайрадан ак кездемеден келек ороп беришкен. Анын алдынансалынган жоолуктун ээгин бош таштап коюшкан. Бул болсо башы бош дегенди билгизген. Жолдошу барлары жоолуктун ээгин дайыма байлап жүрүшкөн. Мындай ырым Кыргызстандын аймагында да жасалып элечектин кыргагы алынып ордуна кара кездемеден тартма тартышкан.
Келектин дагы бир комплекси болгон дурия аталышындагы жоолук Мургабдык кыргыздарда кеңири тараган. Анын жасалышы башка жоолуктардан айырмаланып, өтө чоң көлөмдө. Жоолукту жука ак сурп, ыстамбул, шайы кездемелеринен бирдей төрт бурчтук формасында кесип даярдашкан. Жоолуктун таралышынанкыргыздар өзбек, тажик элдери менен этно-маданий, соода-сатык мамилелерди жасагандыгы байкалып турат. Салт катарында турмушка чыккандан тартып колдонуп баштаган. Мындай аталыштагы баш кийим тартиби катары келектин сыртынан салынат. Анын бир учу гана кооздолуп саймаланат. Ошондуктан кооз жерин астына келтирип жабышкан. Ал баш кийимге көркөмдүктү берип турган. Салттуу чач кеп сыяктуу эле жасалышы абдан кооз болгон. Ар бир жоолуктагы сайма өзүнчөлүккө ээ. Жоолукка керектелген кездеме жумшак, үлбүрөк болгондуктан, ага түшүрүлүүчү саймаларга керектелген жиптер дагы ыраатталып тандалат. Саймалар көлөмдүү, жыш сайылгандыктан көзгө көркөм көрүнгөн. Түстүү жибек жиптеринин саймалардагы айкалышы өзүнчө бир кызыгууну жаратат. Көчөттөрдүн айкын, ачык, көркөм берилгендигинен, кыргыздардын мыкты чеберчиликте сайма өнөрүн өздөштүргөндүгү байкалат. Чач кептеги саймалар майдаланып берилсе, дурия жоолугунда көлөмдүү берилет. Түшүрүлгөн саймаларды баамдаганда жалпысынан өсүмдүктөр стили басымдуулук кылат. Мөмө берүүчү майда бадал түрүндөгү дарактын гүлдөрү, жалбырактары, мөмөсү даана көрүнөт. Саймасына керектелүүчү жиптер табигый түрдө алынган, ыраңын жоготпогон кызыл, сары, жашыл түстө болгон. Басымдуулук кылган үч түс көркөмдүктү жаратууда айрыкча айкалыштарга ээ.
Жоолук саймалардан сырткары, күмүштөн жалпак, тегерек түрүндө жасалган кооздук, маржан шуру, майда күмүш тыйынчалар менен кооздолот. Саймаланган бөлүгүнө гана айланта кооздуктар бекилет. Мындай көркөмдүк чач кептеги кооздук үлгүлөрүн кайталайт. Этек бөлүгү шарттуу түрдө торчолордон бекилип, ошону менен бирге жоолукка көркөмдүк жагын камсыз кылат. Бир канча түрдөгү дурия жоолугунун жасалышына талдоо жүргүзгөнүбүздө, этегиндеги торчолор көпчүлүк түрдө көк түстү алып жүргөн. Мындай түстүн басымдуу тарашынан өзбек, тажик элдеринин тийгизген таасирлери байкалат. Кээ бир жоолуктагы торчонун жиптери маржан шурулар менен жыш өткөрүлүп чыккан.
Маржан шурулардын кыйгач бурчтук түрүндө өткөрүлүп жасалышы жоолукка көркөмдүктү берип, баасын жогорулаткан. Андан кийин түйүлгөн түйүндүктөрүнө тоголок формада жасалган баргектер катарлатып тагылат. Алар адаттагыдай күмүш тыйындардан даярдалат. Жоолуктун айрымдарында чоң көлөмдө тегеректелип, жалпак түрүндө жасалган күмүш кооздук, сайманын жогорку ак кездемесине бекилет. Ушул түрдөгү кооздук жоолукта сейрек кездешип, бирден үч даанага чейин болгон. Жоолуктун жасалышынан салынып жүргөн аялдын социалдык абалы байкалат. Жаш курактагылары жоолукту салынганда чекесин жаап тургандай кылып, эки учун моюнуна бир катар ороп, артынан байлап далысына түшүрүп койгон. Улгайган байбичелер элечектин сыртынан дурия жоолукту бош түрүндө жабып жүрүшкөн. Мургаб аймагында жашаган кыргыздардын салттуу кийимдерин талдоого алууда алардын ичинен баш кийим келек жогору бааланган. Анын комплекстери болгон чачкеп, дурия жоолугун изилдөөдө, кооздолуп жасалышынан ошол мезгилде өкүм сүргөн чарбалык мүнөзү, башка коңшу жашаган элдер менен жүргүзгөн этно-маданий, соода-сатык, мамилелери байкалат.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены