Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу бөлүгү Тажикстанда.
Совет доорунда ага чейин тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн көчмөндөр күч менен отурукташтырылган.
Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
|
|
|
Деңиз деңгээлинен 4,250 метр бийиктикте турган Корумду жайлоосу Тажикстандын аймагына кирген Памир тоолорунда жайгашкан. Баш-аягы 15 кишиден турган үй бүлө эки айдай жайлоого чыгып, топоз багып, четтен келген туристтерди тосушат. |
|
Аккан суудан аттай чуркаган кыз топоз тоскону баратат. Топоз жергиликтүү элдин негизги байлыгы, аны сатып же керектүү нерсеге алмаштырса болот. Бир топозго баасы 300 доллардай турган боз үй келет. |
|
|
|
Taгайбек Турдукулов неберелери менен, ал совет доорунда комсомолдук жетекчи, 1990-жылдары колхоздун топозу менен коюн элге таратканда жооптуу болгон. |
|
Таң эртеден тарта түн бир оокумга чейин аялдын үйдөгү түйшүгү бүтпөйт. Тамак жасап, бала баккандан башка күнүгө эки маал топоз саап, отко жакканга терскен, куурай чогултат. |
|
|
|
Көчмөндөрдүн дасторкону. Аксакалдар жаштарга "Дасторконго береке, дайым жакшылыкка жайылсын" деп бата беришет. |
|
Боз үйдөгү болгон кызык - балдар өзбек сериалдарды көрүшөт. Интернет байланыш абдан солгун, андыктан балдар дискке жаздырылган видеолорду көрүшөт. |
|
|
|
Корумду жайлоосуна бараткан жолдогу үй. Кең өрөөндү өрдөгөн жердеги бул үйдө Зилал менен Тажикбай Чоңбагышевдер небере кызы менен турушат. Алардын балдарынын көбү Кыргызстанга көчүп кетишкен. |
|
Зилал апа топоздун сүтүнүн сүзмөсүнөн курут жайып кургатат. Кышында аны сууга эзип, ысык сорпого катыктап ичишет. |
|
|
|
Жайлоодо күндүн көбү тышта өтөт. Боз үйгө болсо тамак ичкенде, анан жатканда эле киришет. Мындай бийик жерде абанын басымы төмөн үчүн тамак жай бышат. |
|
Көчмөндөр туристтерге топоздорду даярдашууда. Жумуш жок жерде туризм тыйын табуунун жалгыз жолу. |
|
|
|
Ыдырыс туристтерге топоз мингизип, жер көрсөтөт. Топоз жылкыга караганда тоо-ташта тың жүрүп, колду карабай, өз тамагын өзү таап жейт. |
|
Камыр жайып жаткан кыз. Ун башка көп азык-түлүктөй эле сырттан ташылат. Бул жерде көбүнчө эт менен сүт азыктарын жешет. |
|
|
|
Чабаты нан. Нандын аты айтып тургандай эле памирликтердин Пакистан, Индия менен маданий алакасы болгонун көрсөтөт. Кыргызстанда мындай нанды калама дешет. |
|
Ниндзянын бет кабын кийген жигит. Тамашадан сырткары көпчүлүк учурда мындай бет капты ачуу тийген күндүн нурунан сактануу үчүн кийишет. |
|
|
|
Жайлоодон терскен жүктөп кыштакка келаткан машине. Бир машинени толтуруу үчүн терскен терүүгө эки күн кетет. |
|
Аличор айылы. |
Комментарий
Sopuev
Ой Жаныл эже Аличордун жашоо тиричилигин эн жакшы жазыпсыз.Бизде жашоо оор дагы,женил дагы,..
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены