Памирдик кыргыздардын ооз комуз күүлөрү

Памирдик кыргыздардын ооз комуз күүлөрү

Памирдик кыргыздарда комуз күүлөрү менен катар ооз комуз күүлөрү да кеңири тараган. Мурунку феодалдык доордун көп кырдуу эзүүсүнүн натыйжасында келип чыккан аялдардын муң-зары, кайгы-капалары элестетилет.

 

Күүлөрдө: эзүүчү таптын ар түрдүү кылык- жоруктарын айбанаттарга салыштырып шылдыңдоо, карикатуралоо ошону менен катар сүйүү, арман күүлерү да кеңири орун алган. Ооз комуз күүлөрүн атайын жыйындарда эркектер какпаган. Бирин-экин кызыгып үйрөнгөндөр гана болгон. Эркектердин ооз комуз кагышы айын (уят) деп эсептелинген.

 

Аялдардын ооз комузду чогулуп бир жерде кагулары кээде гана айрым тойлордо, кийиз ашарларында, жайлоолордо, мурун жайлоого 5-10 үйлүү болуп жайлап, ар түрдүү оюндар ойнолгон. Аялдар бир үйгө чогулушуп комуз кагышкан кагууга мүмкүндүктөрү болушкан.

 

Памирдик кыргыздарда кеңири тараган ооз комуз күүлөрү ар кыл.

Мисалы: "Байкуке Солтон, Байкар Солтон", "Эселбай", "Бөдөнө бечел, кыргоол чечен" сыяктуу эзүүчү тапты шылдындоо, эл массасын даңазалоо күүлөрү.

"Оягыма кел-кел, быягыма кел-кел" чакыруу түрүндө, "Дэрди өттү", "Кеттиден кетти", "Сагынды", "Бүргөндүр" ж.б. ар кыл темадагы сүйүү күүлөрү саналат.

 

Көбүнчө Эселбайдын акылсыздык жагын "Эсел-Эсел, Эселбай эки өтүгүн чече албай" деп шылдыңдайт.

"Бөдөнө бечел, кыргоол чечен" Кыргоол чеченге салыштырып, барган бир жериң маргоол чечен адам катары сүрөтөлөт.

"Сагынды" - кадим бир катуу кагылыш болот.

 

Ал кагылышта бир кыз ата-энесинен адашып кеч менен Сарыкол тарапка келген экен.

Ошондо:

"Атакем ондо биз мунда,
Ардак ботоң сагынды.
Эненен ондо биз мунда,
Эрке ботоң сагынды" деп арман менен ооз комузга күү кылып каккан дейт.

 

Памирдик кыргыздарга тараган кеңири күүлөрдүн бири "Шырдакбектин боз жорго". Шырдакбек деген бир атактуу байдын, даңкы далайга кеткен. Боз жоргосу бар экен. Боз жорго бир күнү катуу ооруп, таңга жуук өлөт. Ошондо Шырдакбектин келини: - Кайнатам бул атты өтө жакшы көрчү эле, түз айтсам «Кагып койбосун» - деп, "Боз жоргонун өлгөнүн ооз комуз менен мындай деп угузат:

 

"Шырдакбекти боз жорго,
Башында манат боз торбо.
Ачкан көзүн жумбаптыр,
Сунган бутун жыйбаптыр"

 

Шырдакбек бул күүнүн манисине түшүнүп, келинине аябай ыраазы болгон экен.

 

"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ" (2003)

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены