Адам затынын тарыхында олчойгон орду бар кыргыз элинин соңку тарыхында 1916-жылы өз мекенинин түндүгүндө кыргыз эли үчүн каргашалуу Үркүн окуясы болсо, 1922-жылы Кыргызстандын эң түштүк чеги болгон Чоң-Алай өрөөнүндө да өзүнчө үркүн окуясы болуп, көптөгөн эл тарыхый өз жеринин бир бөлүгү болгон Памирге качышканы маалым. Эзелтен эле Памир өрөөнүн кыргыздар жалпысынан Нуркап (Мургап), Сары-Кол жана Бадахшан деп атап келишкен. Нуркапта катагандан Кан Кошой баштаган, Байдын уулу Бакай, Акбалтанын уулу Чубак, Эламандын уулу Эр Төштүк, Көкөтөйдүн уулу Бокмурун туулган кайнар булактуу Медиян (Зулпукаар Сапановдун изилдөөсү боюнча. “Аалам Кыргыздары” журналы) деген да кыргыздын касиеттүү жери бар. Мына ошол Нуркаптын Медиянындагы Тамчы-Жар деген кыштоосунда дүйнөнү дүңгүрөткөн Рахманкул хан төрөлүп, кыргыздын акыркы ханы катары атагы калды. Биз муну сыймык менен айта жүрүүгө, урпактарга сактоого милдеттүүбүз.
Айта кетсек, Түркиянын жарандары Рахманкул хандын перзенттери Акбар, Мусаддык, Малик Кутлулар, ошондой эле Касым Варол жана кыргыз элинин патриот кызы, тарыхчы Жаманкулова Айымкандын кыргыз мамлекетинин жетекчилерине кайрылууларынын негизинде «Ооган кыргыздарынын саясый жана аскер ишмери Рахманкул хан Жапаркул уулунун 100 жылдык мааракесине арналган иш чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында» Кыргыз өкмөтүнүн премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин 2013-жылдын 5-апрелинде №117б буйругу чыккан. Буйрукка ылайык, вице-премьер министр Талиева баш болгон 17 жооптуу кишиден турган комиссия түзүлүп, бул буйруктун аткарылышын контролдоо КРнын өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлгөн эле. Тилекке каршы, жылдын жарымы өттү, иште алгылыктуу жылыш жок туру.
Бирок, мамлекеттин шалаакылыгына моюн сунуп, баш коюп алакан жайбастан, ата-бабанын алгылыктуу ишин аздектөөгө тийишпиз деп ойлойм. Дегеним, кыргыздын каймагы жаралган Памирди унутуп, көңүл сыртында калтырып, убагында дүйнөлүк монстрга айланган Англия, Кытай, Россиянын баскынчы саясаты үчкө бөлгөн Сары-Колду ойлой турган маал келди го дейм. Памирдин орустарга тийген шыбагасын да кыргыздарга ыйгарбай, Тажикстанга берип койгону бүгүн кабыргабызды кайыштырып туру. 1924-жылга чейин Кыргызстандын курамында турган Мургап менен Жерге-Тал бүгүн Тажиктердин таман алдында басылып, жер аттары өзгөртүлүп, тажиктештирүү процесси күчтүү жүрүп жатканы байма-бай айтылса да, биздин бийлик былк этпей, бут серпей койду. Кыргыздар кызматтан айдалып, кесилип, соттолуп, тепкиленип, өлтүрүлүп жатканы айтылууда. Кейиштүүсү, муну иликтеген эч ким жок.
Кеп төркүнүнө келсек, Рахманкул ханды айтканда Памирди, Памирди эстегенде сарыколчу кыргыздарды айтканга туура келет. Ошол себептен азын-оолак болсо да, алыста жаткан боордошторду эстегенге туура келди. Айтканым, 1916-жылдагы Үркүндөн үрөйү учкан Чоң-Алайдын эли да, анын ичинде биздин да туугандар толугу менен толкуган экен. Бабам Орозмамбеттин бир уулу Эгемкулдун баласы Очубектен тарагандар азыр Кыргызстанда жашап калганыбыз менен, Кудайкулунан тарагандар Рахманкул хандын тобу менен азап-тозокторду бирге тартып, акырында Кудайдын буйругу менен Түркиянын Улуу Памир деген жерин жердеп калышыптыр. Ошол себептеп, кыргыздын түпкү тегинин негизги бир бөлүгүн түзгөн Памирдеги кыргыздардын жана алардын ханы Рахманкул хан жөнүндө маалыматтарды балалык кезибизден көп угуп, Памир жерин жердеп, анда чоңоюп, эр жетип, жалпы Памир өрөөнүнө башы таанылган атам Очубектен узун сабак кеп угуп чоңойгонбуз. Азыр ошолорду ойго тизмектесек, Рахманкул хан өтө бийик инсан болгону, мекенчил адам болгону көзгө тартылат.
Рахманкул хан жөнүндөгү кеңири маалыматтарды такай изилдеп жүргөн жана жалпы кыргыз коомчулугуна биринчилерден болуп тааныштырган белгилүү жазуучу жана журналист, журналисттер союзунун Ош областтык бөлүмүнүн төрагасы, “Ош Жаңырыгы” газетасынын башкы редакторунун биринчи орун басары, тарых изилдөөчү, кыргыз элинин патриот уулдарынын бири Алмаз Нурдиновдун «Ооган кыргыздары» деген эки бөлүктөн турган, «Рахманкул хан - акыркы хан» деген 3-чү китептеринен, ал киши менен көптөгөн маектерден, ошондой эле Чүй университетинин ректору, академик Сулайман Кайыповдун «Рахманкул хан - Орто Азиянын эң акыркы ханы» деген «Заман Кыргызстан» газетасынын 2001-жыл 3-августундагы санына чыккан көлөмдүү макаласынан, «Жылга бергис жарым күн» деген китебинен алса болот. Мен дагы ошолорго таяндым. Өзүм да 2012-жылы июнь, июль айларында туугандарымдан кабар алууга Түркияга барып, бир ай жүрүп, кыргыз боордошторум менен баарлашкандан кийин, Рахманкул хан жөнүндө өзгөчө ойлор пайда болду.
Рахманкул хан өз элинин патриот уулдарынын бири катарында кыргыз элинин бир бөлүгүн шүмшүк бериялык жазалоо компаниясынан аман алып калган эр жүрөк, чыныгы демократ, элинин тилин, динин, дилин бекем сактап, алардын келечегин ойлоп, аракет кылган Рахманкул Ханды кыргыз элинин баатыры катары эсептеп калдым. «Орто Азиянын акыркы ханы» жана Ооган Памириндеги кыргыздардын ханы – Рахманкул Хан жөнүндө кыскача маалыматтар жана кээ бир таң калаарлык окшоштуктар менен кыргыз коомчулугун тааныштыруу иретинде ушул маалыматтарды айтып коюуну эп көрдүм. Көрсө, баардык жакшылыктары август айында болуптур.
Рахманкул Хан 1913-жылы саратанда (август айында) азыркы Тажикстандын Памириндеги Мургап районунун Тамчы-Жар кыштоосунда туулган.
1942-жылы августта Рахманкул менен атасы Жапаркул миң башыга Советтик чек-арачылар Памирде уу ичиришкен.
1943-жылы саратанда (августта) атасы ошол уудан жапа чегип өлгөн.
1948-жылы саратанда (августта) Советтик чекарачылардын, чекисттердин кысымынан Кытайга качкан.
1950-жылы саратандын (августтун) аягында Ооганистандын президенти Закир Шахтын чакыруусу менен Кичи Памирге кайткан жана элдин өтүнүчү менен кайрадан Кариядар (Эл Башчы) болуп дайындалган.
1960-жылы августтун аягында Памирде кыргыз түрктөрү аймактагы дагы көптөгөн башка улуттардын башчылары жана өкүлдөрү катышкан чоң жыйында Рахманкулду Ак кийизге отургузуп, Хандыктын жол жобосу боюнча ХАН көтөрүшкөн.
Рахманкул Хан 1990-жылдын 6-августунда Түркиянын Арзурум шаарынын ооруканасында түнкү саат экиде көз жумган. Ал 8-августта түш чендерде Түркиянын Ван областындагы Эржиш районунун Улуу-Памир айылындагы мүрзөгө коюлган. Тажиясы 5 күнгө созулган.
Рахманкул Хан 4 аял алган. 1-аялы Мургаптын Шаймак айылынан болгон. Балалуу боло электе ажырашып кетишкен. 2-аялы төрт балалуу болгондон кийин Кичи Памирде ооруп өлгөн. 3-жана 4-аялдары азыр Түркияда жашап жатышат. Кийинки үч аялынан 9 уул 2 кыздуу болгон (11 бала).
Бир тууган иниси Субанкул менен бир тууган карындашы Мария Түркияда каза болушуп, Рахманкул хандын жанына коюлушкан. Ошондой эле чоң уулу Абдивакил жана үчүнчү уулу Малик да ооруп каза болушуп атасынын жанына коюлган.
Рахманкул хан керээзин мындай деп жазыптыр:
«Элим, силерди Ооганстандан Пакистанга өтөөрүмдө койгула, калгыла (!) дедим. Силер сенден калбайбыз деп ээрчип алдыңар. Силердин мага болгон ишеничиңерди, урматыңарды тиги дүйнөгө өзүм менен кошо ала кетем. Мен силердин ишеничиңерди актай алдымбы, жокпу билбейм. Ага өзүңөр күбөсүңөр. Эми тиги дүйнөгө бараар алдында силерге айтаар сөзүм бар. Мындар ары да диниңерди, дилиңерди, улутуңарды -- кыргыз экениңерди сактай билгиле. Намазыңарды өз убагында окугула. Менден катачылык кетсе кечирип койгула. Түбөлүккө кайраттуу болгула! Кош болгула, бир боорлорум! 1990-жыл. 25-июль».
Кыргыз мамлекети соңку тарыхында кайрадан өзүнүн туусуна ээ болуп, дүйнөгө эркин мамлекет болуп тааныла электе эле аны элибизден чыккан Чынгыз Айтматовдой жана Рахманкул хандай чыгаан эр жигиттер дүйнөгө таанытты. Бул боюнча дагы өзүнчө көп сөз болоор. А чынында кыргыз эли өзүнүн тарыхын жана санжырасын кыргыздын өзүнүн көзү менен көрүп, кыргыздын өзүнүн акылы менен калчап баа берип, тактай турган мезгил келип жетти. Жакынкы келечекте биздин мамлекет да бутуна туруп, элим-жерим деп зар какшап, бизден үмүттөнүп, мекенибизден сыртта жүргөн бир боорлорубузга жеринде жардам берип, же Манас бабабыздай болуп койнубузга батырып алабыз (!) деген үмүттөмүн. Ал эми Рахманкул хандын тарыхын, басып өткөн жолун окуп билип, тарыхтын чыныгы чындыгын ордуна коюп, сактап калуу максатында көп иш-чараларды жүргүзүү керектиги айтпаса да түшүнүктүүдүр. Анын атынан чоң-чоң шаарларда көчөлөрдүн атын атап, мектептерге наам берсек жакшы болоор эле кымбаттуу боордошторум. Бул сиздердин чечимиңиздер болмок, урматтуу мекендештерим!
Булак: "Азия Ньюс"(М.Э)
Комментарий
ДАВУТ эгемкулов.
Ооба Рахманкул хан официалдуу хан аталгандардан Орто Азиянын акыркы ханы. Ал статусун Туркияда да омурунун акырына чейин алып жургон. Бир ченгел элин канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбашка аракет кылган калыс хан болгон.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены