Сары-кол урпактарына...

Сары-кол урпактарына...

Памирдик кыргыздар жалпы кыргыз эл массасынан бөлүнүп, Памирде жашап турганына негизинен V-VI кылым болсо дагы, өздөрүнүн оозеки адабиятын, салт-санаасын, маданиятын жоготуп жибербей сактап келген.

 

Памирдин табигый катаал шарттары, оор климаты, жашаган калкты бир жагынан көңүлдөрүн чөгөрсө, экинчи жагынан дан-эгин өспөгөн, дыйканчылыгы болбогон, жалаң гана мал чарбачылыгы менен тиричилик кылган элдин турмуш-абалынын бар болушу адабий мурастарынын, маданиятынын көпчүлүгү өткөн өксүк доорлордо унутулуп, жоголуп, өзгөрүүлөргө учураган.

 

 

100Өткөн Советтик мезгил Памир элинин окуп-билим алышына, башка шаар калктары менен өз ара илимий, маданий мамилелердин байланышын өнүктүрүүгө, экономикасынын өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Элдин турмуш-шарты оңолду.

 

Мына ушундай абалга карабастан Памирде жашаган калктын кыргыз улут катары мурунку тарыхын, оозеки чыгармалары, кылымдар бою басып өткөн жолу, эл арасынан азыркы күнгө чейин жыйналбай, (өзүндө билимдүү адамдары болсо даты) өзүбүздүн адабий мурастарыбызга кош көңүл мамиле кылып келдик.

 

 

 

Мурунку жашап өткөн аксакал, санжыра билген карыяларыбыз, ырчы-куудулдарыбыз, ата салтын туу туткан, ар намыс менен кыргызын башка душмандардан коргоп, сактап келген эр азамат баатырларыбыз бул ааламдан өтүп кетти.

 

Бул дүйнөдө канча кылымдар бою жаратып келген эл кенчин азыркы урпакларыбыз качан жыйнап, баба салтын улап, иретке келтирип аларын, мезгил карап турбайт экен. Мезгил, доор, кылымдар алмашып отуруп, көптөгөн маданий көрөңгөлөр жок болуп кетпедиби. Мына ушундай шартта биз биринчи өзүбүздүн тарыхыбызды адабий мурастарыбызды, маданий тиричилигибизди билбей туруп, кайсы элдин, кайсы улуттун кандай экенин кантип биле алабыз.

 

Ушундай кеңебестиктен жана жете түшүнбөстүктөн качан кутулуп, турмуштаты күндөлүк көйгөйдүн сазынан качан чыгып, оолак болобуз. Азыркы учурда элибиздеги адабий көркөм мурастарды башка Англис, Франсуз; саякатчылары сыяктуу чет элдиктер, боордош Кыргызыстандын айрым илим жагындагы аалымдары тийди-качты илектеп, атайы жыйнап кетип, уккандарын илимий эмгектерин пайдаланып, макалаларды жазып келишти.

 

Бирок Сары-Кол элинин билимдүү адистери, жаштары эч нерсе көрбөгөн-билбеген сыяктуу, башка элдин адабияттарынан маашырланышып кеп уруп, канча мезгилди башыбыздан өткөрдүк...

 

Мына ушундай тайкылыкка барбай, өзүбүздүн адабий мурастарыбызга кайрылып ким экенибизге көңүл буралы. Жалпы эле жарык дүйнөдө жашаган кыргыз эл катары, анын ичинен Чыгыш Памирде (Сарыколдо) жашаган кыргыз эли катары өзүбүздүн жашоодогу ордубузду аныктап баалайлы. Өз тарыхыбыздын, адабий чыгырмаларыбыздын түптөлүшүнө баш отубуз менен киришсек, Памирде жашап өткөн ата-бабаларыбызга чоң кызмат кылган болуп, жазылбай калган нерселерибизди элибизге белек кылып тартуулаган болор элек.

 

Айдарали Сапарбаев

Раң-Көл айылы

"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ"

Комментарий

Давут

Четверг, 23 Июня 2016 20:03

Азаматсыз Айдарали ава. Сары-Кол менен Чон-Алай элинин тарых санжырасы, туп тамыры бир эл эмеспи. Чон-Алайда да сиздердей эле акыбал. Тарых, санжыраны билген аксакалдардын кобунун козу отуп кетип коп нерсени жазып калбай аттин деп арман кылып отурабыз. Анча мынча угуп калгандарыбызды жарма журма кылып кагаз бетине тушуруп жатабыз. Менин атам Эгемкулов Очубек да 1932-жылдан 1950-жылга чейин Ран-Колдо жашап иштеген аябай куйма кулак киши эле раматылык. Ото коп нерсени билчу. Биз бала кезибизде уйубуз акскалдардын очогу болчу. Уйубуздо ал жагы Сары-Колдон, Алай, Ош Анжияндан киши коп келип нарктуу, барктуу создор коп болчу. Тан агарып кетчу. Эми да болсо да уккан коргондорду кагаз бетине тушуруу керек экен. Сиз Нурбек Туран жазган Тейит китебине ото чон салым кошконсуз. Чон рахмат. Дагы да калеминиз курчуй берсин. Сиз азыркы аксакалдардын коч башындасыз. Нукура кыргызсыз. Бар болунуз. Аман журунуз. Чон-Алайдын Кашка-Суу айылында чонойгон Кызыл Баш ининиз Давут Очубек уулу.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены