"Сарыкол легендалары" китебиден үзүндү.
Нуркап
Бул, азыр Мургаб жайгашкан жердин илгерки аталышы. Бул жер күнгө жакын болгондуктан дайыма күн тийип, өтө жаркырап тургандыктан нурдун кабы, же Нуркап деп аталган экен.
Аличор
Апичордун аталышы жөнүндө кыргыздардын бул өрөөнгө келген тарыхынан да мурда болгон бир окуя жөнүндө мындайча баяндалат. Бул баян «Бабаравшан» деген өзбекче жазылган арабдардын чыгармасында ушул Аличор жөнүндө айтылган.
Арабстанда, пайгамбарыбыз Мухаммед Салиаллаху васаламдын Равшан деген сахабасы болгон экен. Ал сахаба жөөттөрдөн көп акча алып аны кайра пайызы менен төлөй албай карыз болуп калат.
Ага жөөттөр айтышат: «Сен биздин динге киресиң, же кызыңды бизге бересиң, ушул шарттарды сен аткарасаң».
Ошондо сахаба Равшан пайгамбар Мухаммед Салиаллаху васаламдын алдына ыйлап кирип: «мен көп карыз болуп калдым жардам берсеңиз!» деп сураныч кылат.
Ошондо пайгамбар Мухаммед Салиаллаху васалам өз сахабаларын чогултуп минтип сурайт «Ким Буга жардам берет?». Ошондо азрети Али бир аз ойлонуп туруп: «Мен бул кишиге акча таап жардам берем» дейт. Пайгамбар анын сунушун кабыл алат дагы макулдук берет. Ошондо азрети Али Арабстандан Равшанды Бадахшанга алып келет. Анткендигин себеби бул жакта Кааха деген бир падыша Ишкашим өрөөнүн башкарып турган эле. Азрети Али Равшанды алып келип Каахага болгон окуяны түшүндүрөт. Анда Кааха алардын сөзүн угуп төмөнкүдөй шарттарды койот: «Бизде бир суу бар ошону бешке бөлүп тосуп берсин бул бир, экинчиси бир чоң ажыдаар жылан бар ошону өлтүрүп берсин. Ошондо мен силерге жардам беремин»-дейт.
Ошондо азрети Али айтылган шарттарды аткаруу үчүн өзүн Бабаравшандын кулумун деп жарыялап ал сууну бешке бөлүп, баягы жыланды өлтүрүп берип көп аскерлери менен Аличор өрөөнүнө келет. Ал жерде азрети Али кайда барарын билбей адашып калат да, көп кыйнчылыктарга учурайт. Бул кыйынчылыктарга айрым аскерлери чыдабастан кача башташат. Ошондо ал качкан аскерлеринин башын алып көп кыргын кылат. Ошондон соң ал минтип айтат. «Мени кармап темирге чынжыр менен байлап Каахага алып баргыла». Каахага барып сен айткан шарттардын баары аткарылды деп айтат. Кааха азрети Алиге көп акчаларды берет. Ал акчаларды алып Бабаравшанга берип аны карзыдан кутулгун деп Арабияга кетирет. Ошондо падыша Кааха азрети Алини кармап калып сен мени алдаган турбайсыңбы, ошондуктан менин диниме киресиң да аскер башчым болосуң деген шарт талапты койот. Буга ачуусу келген азрети Али оролгон чынжырды жулуп алганда анын бир учу Кааханын башына тийип ал өлөт. Азрети Али ошондон кийин андан кутулуп чыгып Арабстанга кеткен экен.
Ушундан улам азыркы Аличор өрөөнү Алинин чөлү, же Аличор деп аталып калган деген уламыштар эл оозунда айтылып келет.
Башгүмбөз
Айтууларга Караганда бул жердин аты Курманжан датканын уулу Абдылдабектин өмүрүнө байланыштуу. Бул жөнүндө төмөнкүдөй бир тарыхый окуя эл арасында айтылып жүрөт.
Абдылдабек орустардан качып Сарыкол аркылуу Ооганстанга өткөн, башкача айтканда Бадахшан аркылуу Кабул шаарына барат. Кабулда ал өзүнүн жигиттеринен жарадар болуп кайра жерине кайтат. Катуу жараланган Абдылдабек азыркы Башгүмбөз турган жерге келгенде оорууга чыдабай эс алып, өргүмөк болот. Анткени ал жер оттуу, суулуу, шиберлүү жер болгон. Ошондо ооруулуу Абдылдабек жанындагы коштоп келе жаткандарга кайрылып:
Элим Алай толбоду,
Эңкейсем канат болбоду
Калкым Алай толбоду,
Кайгырсам канат болбоду.
Кокон колго кирбеди
Жигитим кымкап кийбеди
деп арманын айтып көз жумат. Ошондо Абдылдабектин мүрзөсүн казышып ошол жерге беришип, анын үстүнө чоң гүмбөз тургузушат. Азыркы кезде да анын урандылары турат.
Бир жыл өткөндөн кийин Абдылдабектин жердештери келишип гүмбөздун ичинен анын денесин казып алышып, сууга салышып дененин эттерин ажыратышып сеектерун белуп алышып Гүлчөге алып кетишет.
Ошондон улам бул жер Башгүмбөз деп аталып калган.
Көөнөкоргон
Бул айыл Мургабтын райборборунан жогору жакта 8 километр аралыкта жайгашкан. Көөнөкоргон деп кийинчерек мезгилдерде эле аталып калган. Илгерки аты андай болгон эмес. Муну аскердик адабияттардан, булактардан окуп көрсөк Шажандын короосу, деп аталып келген экен.
Анткендиктин себеби, илгери бул жерде Шажан аттуу бир олуя адам, Кашкардын аппак кожосунун шайыктарына кызмат кылып ушул жерде турган экен. Анын кылган жумушу, Сарыколго келип байлардан алык-салык, жыйып мечит үчүн үшүр алып кетип турчуу экен. Жыйган малын, башка нерселерин алып Кашкарга жеткизип турган.
Ошол Шажан олуя туурасында Сарыколдо кептеген окуялар айтылып журет. Ошондой окуялардын айрымдарын карап көрсөк чындыкка жакындашкан жерлери да бар. Шажан олуя бир күнү Ыраң көл тараптан алык-салык жыйып кайра келе жатып Бозартуу деген жерге келгенде кеч кирип калып ал жерде жайлап отурган Таабалды деген адамдын үйүнө туш келип калат. Ал киши Шажан олуяны үйүнө жаткызып, мал союуп үч күн өргүтөт, эс алдыртат. Шажан олуя кете турган күнү болгондо Таабалдыны чакырып:
-Эми мен кетейин, мага кылган кызматьң, көрсөткөн урматьң үчүн, Алладан беш убакыт намазымда сизге тилек кыламын, сиз бир жарым жылдан кийин уулдуу болосуз. Уулуңузга менин атымды коюуңуз, менин атым Шажан. Сиздин тукумдарыңыз жаман болбойт, элге кызмат кылган, эл башкарган адамдардан болсун-деп бата берген.
Дагы бир күнү Шажан олуя Мадиян өрөөнүндө өз ишин аткарып жүрүп, чоң Касым аттуу адамдын үйүнө түшүп калат. Анда дагы төрт күн өргүп, конок болот. Кетер күнү Шажан олуя Касымга кайрылып мындай дейт:
-Сиз эки жылдан кийин уул балалуу болосуз, атын Гуламайдар койуңуз, менин бир атым ушундай. Андан тарагандар жаман адамдар болбойт, кадырлуу адамдар болот, эл башкарат-деп ага да батаасын ыроологон экен.
Шажан олуя өз иштерин аткарып Кытай тараптагы Чакарагыл деген айылга түшөт. Бул айылда бир бай адамдын үйүнө туш келет. Анда дагы олуяны жакшы коноктоп эс алдырат. Бирок ал бай Шажан олуяны сынагысы келгенби, өзүнчө үй тигип, мал сойдуруп алдына түркүн даамдарды койот. Андан кийин улам бирден кишисин жиберип, олуя тамактарды жеп жатабы, эмне кылып жатат деп сураштыра берет. Олуя анын тамактарын жебейт, төшөгүнө жатпайт, жөн эле оттун тегерегинде таң атканча зикир чалып отура берет. Эрте менен үйгө кирген бай олуянын уктабай зикир чалып отурганын көрөт да:
-Ээ, олуям эмне болду, кандай эс алдыңыз-дейт. Олуя болсо: -Бир түн өттү !-дегенден башка эч нерсе айтпайт. Ушул көрүнүш бир нече күн кайталанат. Анда бай, өз кызматчыларына эми бул олуяга тамак да бербегиле, от жакпагыла, төшөк да салбагыла деп буйрук берет. Бул да эки үч күн кайталанат. Шажан олуя болсо: «Дагы бир түн өттү !»-дегенден башка эч нерсе айтпайт. Ошентип олуянын кетеер күнү келгенде ал байды чакырып алып минтет:
-Сен мени көп сынадың, сыноодон өттүмбү, өтпөдүмбү билбейм. Менин сага жакшы тилектерим бар эле, бирок болбоду. Сен бир жылдан кийин уулдуу болосуң, атын эшикке чыкканыңда эмне көрүнсө ошонун атын койуп алгын, бирок менин атымды койбогун, силер ага татыктуу болбодуңар-деп унчукпай кете берет.
Бир жыл өтүп бай балалуу болуп эшикке чыгып караса бир карала ит жатыптыр. Ал Шажан олуянын айткандарын эстеп, баласына ит деп ат койгондон намыстанып Карала деген атты ыйгарган экен.
Ушул Шажан олуянын атынан коюулган жерге кийин Россиянын ак падышасы келип застава, пост курушат. Алар кийин Мургабка көчүп кетишкенде, андагы курулуштардын орду калып, ошондон Көөнөкоргон деп аталып калган экен.
Чечекти
Бул да ошондой эле, башкача айтканда «Чечек» деген өсүмдүктүн атынан алынган, же болбосо, «Чечектүү, чечек көп өскөн» дегенди билдирет.
Шаймак
Бул жер дагы мазарга эсеп болуп жүрөт. Мында илгерки баскынчылык мезгилинде Шаймак аттуу киши качып, ок жеп өлгөн дешет.
Китепти түзүүчүлөр: Тажидинов Сүйүнтбек, Парманов Султан.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены