Тоо үстүндөгү шаар (видео)

Тоо үстүндөгү шаар  (видео)

...Мындан эки жыл мурун Анкаранын четиндеги Чубук деген районго Ван аймагынан 50 дөй кыргыз үй - бүлөсү көчүп келген экен. Алар менен таанышып, жашоо шартын билүү үчүн атайын даярданып алып жолго чыктык.

 

Түрк телерадиосу ТРТнын «Түркия үнү» радиосунун кыргызча бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Асанбаевдын жетектөөсүнүн алдында ТРТнын оператору, режиссеру жана ЭлТРдин кабарчысы Жумамидин, Нурсултан, КТРК дан Мунара, мен болуп шаар аралап, аэропорт жолун көздөй бет алдык.

 

1Багыт алган жерибизге жеткиче Анкара шаарынын ичин да көрүп бараттык. Европага мүнөздүү келген көп кабаттуу кооз архитектурадагы үйлөр, имараттар болсо да мусулман өлкөсү экенин баса белгилеп турган минареттери асман тиреген мечиттер көз жоосун алат. Анкарада бардыгы эле жаңы салынган турак жай имараттар эмес, эски үйлөр да арбын.

 

Бирок алардын көпчүлүгү шаардын чекелеринде жайгашкан. Канчалык бай мамлекет болсо да бардыгын бир заматта өзгөртүп же жаңылап жиберүү мүмкүн эмес экени бештен белгилүү го. Ал эми шаар ичиндеги жолдордун салынышы, чийиндери, сызыктары 2күндүзү эле эмес түндөсү да ар бир автомобилдин жолун жаркыратып көргөзүп турат. Эмне үчүн биздин жолдун сызыктары бат эле өчүп калат? – деген суроолор жаралып атты. Автомашиналар канчалык көп болсо да тыгын дегенди билишпейт. Бир да жолу жол авто инспекция кызматкерлерин машиналарды токтотуп атканын көрө алган жокмун. Анткени жолдун ар бир бурчунда жол көзөмөлдөөчү аппараттар орнотулган. Дегинкиси бардыгы мыйзам чегинде иш кылып, мыйзамды сыйлаган өлкө экенине ынандым. Жол боюндагы түркүн дүкөндөр, мейманканалар, ашканалар жашоочуларды жана келген меймандарды «кош келдиңиз!» деп жайдары тосуп алышат...

 Ошентип Анкаранын аэропортуна да жакындап калдык, эми мындан алыс эмес жерде жайгашкан Чубук деген районго барабыз. Жети кабаттан турган үйлөр бөксө тоонун үстүндө салыныптыр. Ылдый түшүп өйдө чыккан зымыраган жолдор менен ичи – сырты келишкен турак жайларга да жете келдик. Алдын ала айтылгандай бул жерге көчүп келишкен кыргыздар, кандаштарыбыз бизди күтүп атышкан экен. Машинадан түшүп бардыгыбыз көрүшүп, ичкери карай кирдик.

 

Кандаштарыбыз менен бирге түрк боордошторубуз да бул кабаттуу үйлөрдө ынтымактуу өмүр сүрүшөт экен. Бардык шарттары түзүлгөн таптаза болгон жылуу үйдө, улуттук саймалуу чыптамаларды кийген ак жоолукчан айымдар менен учурашып кыргыздын салтына ылайык, төргө өттүк. Биз, тээ Памир тоосунда төрөлүп, тоо ташты аралап, алыскы жолду басып келген кандаштарыбызды көрүп кубансак, өмүрү Кыргызстанды көрбөгөн бирок салтын, тилин, дилин сактап келаткан мекендештерибиз, бизди көрүп ого бетер жетине алышпай бири бирибизге суроолордон байма бай узатып жаттык. Кудум бир топ жылдан бери көрүшпөй табышкан бир туугандардай болдук. Негизгиси ошондой эле да...

 

3 4
5 6

 

Тилдери бир аз бурулганы менен өлкөбүздөгү «киргиздерге» караганда так сүйлөшөт экен. Кийин төрөлгөн балдары, биз орус тилин аралаштырып кыргызча сүйлөгөндөй эле түрк тилин аралаштырып кыргызча сүйлөшкөнү болду. Биз барган үйдүн уулу Жеңишбек Атылганов Анкарада колледжде окуурун айтып, кыргыз китептеринин жетишсиздигинен кабар берди. Мунара өзү ала барган Чыңгыз Айтматовдун аңгеме, романдар жыйнагын берип Жеңишбекти бир кубанычка бөлөдү. Ал эми Түркия мамлектинин каналдары ар түрдүү болсо да бизди ЭлТР каналынын тартышы кубандырбай койгон жок. Бирок бизден төрт саат айырма болгондуктан кечкисин Кыргыз мамлекетинин каналын көрөөр маалында, саат сегизде ЭлТР көрсөтүүсүн жыйынтыктайт экен. Ал эми бул маалда биздин убакыт боюнча он эки болот эмеспи. Күндүзгү маалда болсо чет элдик кинолорду көрсөтөөрүн айтып, анын ордуна кыргыздын салттуу музыкаларынан, программаларынан берип туруусун суранышып, ушундай маселелерди чечүүгө болобу деген суроолорду берип атышты.

 

Ошону менен катар Памирде калган урук туугандарынын ал акыбалына кабатыр болгондорун билдиришип, Кыргыз бийлигинин колу жетсе ошолорду Мекенибизге алып барып жайгаштырса дегенде эки көздөрү төрт. Биз ошентип кандаштарыбыз менен кеңири баарлашып, камерабызга алардын жашоо турмушун тартып, тамактанып алып кетүүгө камындык. Бишкекте жашаган кээ бирөөлөрүнүн урук туугандарынын телефондук сандарын да алып алдык.

 

Мекендештерибиз: «Ата журтубузга салам айта баргыла!»-деп бизди узаткан боюнча телмире карап кала беришти... Чубук районунан чыгып тоо үстүндө салынган даңгыр жол менен түнкү Анкараны көздөй бет алдык...

 

Анкаранын четиндеги кыргыздар менен баарлашуу


Комментарий

Давут Эгемкулов

Воскресенье, 25 Января 2015 20:37

Туркиялык, анын ичинен Анкаранын Чубук деген жериндеги кыргыз боордошторубуздан кабар алып келген туугандарыма терен ыраазылык билдиремин. Силер азаматсынар алтындарым. Силер кыргызымдын Чубагы менен Сыргагы, кыз Сайкалы менен Жаныл мырзасысынар азамат шумкарларым. Кудайым ишинерге ийгилик, омурунорго береке берсин ылайым эле. Кыргызым оркундоп оссун. КТРК, анын "Биринчи радиосу" коколой берсин. Силерге ыраазылык кат жазган Ак монгулуу, Аска тоолуу талаалуу Чон-Алайлык тууганынар Давут Эгемкулов.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены