Уламыш
Киндик кан тамган жерибиздин тарыхын, ачыла элек кен байлыктарын билүү баарыбыздын ыйык парзыбыз. Ошондуктан мен туулган жеримдин тарыхы жөнүндө сөз козгоп кетүүнү эп көрдүм.
Туулган жерим көк асманды тиреген аска зоолуу, кезине тоо булбулу, улар баскан тоолорунун так койнунан орун алган. Айылдын айланасы эң кооз дарыя, шибер менен курчалган. Анын ажарын ого бетер ачкан, көк асман менен көрк талашкан күркүрөп аккан чоң суулары бар. Ал эми чокусунан ак кар, көк муз кетпеген ушул сыяктуу тоолорубузчу.
Кооз гүлдөрдүн атыр жыттуу жытына магдырайбыз. Адам баласынан бирдеме күтүп тили болсо “менин койнумда не бир укмуш байлык бар, аны келечектин ээси болгон жаш муундар изилдеп табаарсыңар” –деп сүйлөп жибергендей сезилет.
Буларды көрүп ушул айылдын кызы болгонума сыймыктанамын, суктануу менен туулган жеримдин оргуп чыккан, көк кашка булактарына көз жүгүртөм. Садагасы кетейин! Чыдай албай дөбөдө турган боюмду ылдый урам. Туптунук булака колумду салам. Бүлк-бүлк этип билинер билинбес үн чыгарып, булактын күн нуруна кубулжуган суусу алаканыма урунат.
“Келекой кызым” дегенсип жай сылайт. Экөөбүз ошентип учурашабыз да, колумду аяр тартам. Манжаларымды алтынга салгандай жылтылдап чыгат. Булактын аты Ылы-Суу ж.б. Бул жөнүндө элде көп уламыштар бар.
Илгери-илгери Муз-Так тоолорунун айланасында адамдар жашап, алар менен бирге Нариман аттуу кедей жашаптыр. Анын ай десе айдай, күн десе күндөй чачы сеңселген чүрөктөй Айыкыз деген кызы болот. Ал ырдаганда адамдар уктап, жок жерден булак чыкчуу экен. Айымкыз он беш жашка чыкканда Калмактардын жүз беш жашка чыккан ханы 50 үйүр жылкыны айдап келип кызды калмак ханы шаан-шөкөтү менен көчүрүп кетет. Жолдо баратып Айымкыз “Туулган жериме насип буйруп, кайра келейинчи” – деп бир ууч топуракты жолугунун учуна түйүп коёт.
Бөтөн эл, бөтөн журттун, сакалы үксөйгөн карт чалы менен жашоо он беш жашар кыргыз кызы үчүн абдан кыйын болот. Жети күндөн кийин хан кечке жуук Айымкыздын күндөшү Күнпашаныкына келет. Айымкыз мындан пайдаланып өз элине бир ууч топурагын алып качып жөнөйт.
Көп кыйынчылыктарды көрүп, элине жетүүгө көзү жетпейт. Бирок бирөөнүн элине кор болуп жүргөндөн көрө, туулган жеримдин топурагын жыттап өлсөм да мейли- деп кудайга сыйынып жолдо баратты. Айымкыз алды жагын караса чоң таш турат. Ылдам басып келип ошол таштын үстүнө олтурат. Андан ары бутун шилтөгө алы келбейт. Өз жерине келип калганына кубанып, туулган жеринин топурагын жыттап, чын дүйнө менен өлөң айтып кош айтышат.
Үч күндөн кийин ошол чоң таштын түбүнөн Айымкыз кандай обон созуп өлөң айтса, дал ошондой болуп булак агып түшөт.
Ошондуктан бул жерлер ыйык, нары жакта заңкайып ак кар жамынган тоолор керилип тургансыйт. Туулган жердин топурагы алтын дегендин ма- анисин кеңири түшүнүш керек. Мындай уламыштар элибизде көп айтылат жана макал лакаптар да айтылат.
Мисалы: Бирөөнүн жеринде шаа болгуча өз жериңде гадаа бол. Туулган жердин бир ууч топурагы алтын жөнүндө элде ушундай деген аңыз бар.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены