Сары-Кол (Мургаб) кыргыздары дүйнөнүн чокусу аталган деңиз денгээлиден төрт-беш миң метр бийиктиктеги Памир тоолорунун арасында кылымдардан бери жашап келе жаткан байыркы улуу эл. Сарыколдук кыргыздар бийик тоолуу аймактын климаттык катаал шартынын оордугуна (түтөк, шамал, суук) карабастан ата-бабалардан калган мал чарбачылык менен алек болуп, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп, өстүрүп келүүдө.
“Биз жашаган аймактардын аталышы байыркы байыркы кыргыз сөздөрү менен аталган. Баарлашуу дээрлик кыргыз тилинде. Окуу-тарбия иштеринде кыргыз тили үстөмдүк кылат, бирок китеп жетишпегени өкүнүчтүү. Канча жыл мурун барган, эскилиги жеткен окуу куралдарын пайдаланып, билим алып келишет. Каада-салт, үрп-адаттарыбызда кыргыздын байыркы калыптанып калган үлгүлөрүн колдонобуз, маселен устукан тартуу, кыз узатуу, уул үйлөө, баланы бешикке салуу, жентек той, келин көрдү ж.б. Улуттук оюндарга да аябай маани беребиз, анткени унутта калып калса эртен аларды келечек муун билбей калышы толук ыктымал” – дейт Сары-Колдо жашаган акын Өскөнбай Бердибаев.
Сары-Колдо климаттык шартка байланыштуу чөп өсүмдүгү жерге жапыз өскөндүктөн, кышка карата көбүрөөк тоют камдоо мүмкүн эмес. Күзүндө бир аз төл мезгилине жаңы туулган козу, улак үчүн бир-эки машина чөп чабылат экен.
Сары-Кол кыргыздары Тажикстандын көп жерлерин эт азыктары менен камсыз кылып турат. Тоолуу Бадахшан Автономиялуу облусунун токсон пайызын табигый таза, кой, эчки жана топоз эти менен камсыз кылат. Күн сайын Сары-Колдон Хорог шаарына жана башка аймактарга тонналаган эт жолтандабас менен жеткирилип турат.
“Сары-Колдун топозунун эти табигый экологиялык жактан өтө таза табылгыс азык болуп саналат. Ден соолукка өтө пайдалуу, курамында холестерин аз. Топоз эти организидеги зат алмашууну жакшыртып, иммунитетти көтөрөт. Каны аз адамдарга өтө пайдалуу. Топоздун канынын курамында пайдалуу заттар, эритроцит болгондуктан этинин өңү каралжын тартып, кийиктин этине бир аз окшошуп кетет. Илимий изилдөөлөрдө топоз эти 62 ооруга табылгыс дары экендиги далилденген. Топоз этинен даярдалган шорпону суукчан адамдар ичсе башы айланганы жоголуп, көңүлү ачылат. Бийик тоонун чөбүн жеген топоз этинин даамы өзгөчө. Мына ушундай табылгыс азыкты калкка даярдаган, тоо арасында топоз багып элди сапаттуу (дүйнө элдери тамшанып жетбей жүргөн) эт менен камсыз кылган Сары-Колдун күжүрмөн эмгекчил элине даңк. Тээ илгертеден бери ата-бабаларыбыздан калган чарбаны чачпай, ысыкка күйүп, суукка тоңгон, шамалга жүзүн тосуп, өжөрлүк, кайраттуулук менен жашоонун учугун улап келе жаткан Сары-Колдук кыргыздар бар болуңуздар, чыныгы тоонун нукура улуу журту демекчимин” – деп акын сыймыктанат жердештери менен.
Шаймак Кең Ак-Суу менен Шаймагым, Керилген жердин каймагы. Куш салып бийик учурсам, Тууруна конот айланып. Бахпур-ата мазары, Коптордун тушкен назары. Ыйык жерди аздектеп, Ыклас кылып жазарым. Кара-Кыя Хастанат, Карагер чапсам жез канат. Ааламга кеткен даңгыр жол, Алыстан чыйыр башталат. Ак-Суунун суусу көбүрөт, Тунарса түбү көрүнөт. Сай-сайдан улам кошулуп, Сарезге барып төгүлөт. Солонгур менен Бейикте, Саналбай жүрөт кийиктер. Бийикте тоонун элдери, Күн көрөт күлүп күйүкпөй. Жылдызы жакын сезилет, Эргисең ырлар кезигет. Буурул таң барып агарып, Булуттай болуп сөгүлөт. Барганга Ак-Суу Шаймагым, Башкача болуп көрүнөт. Жол алып барсаң узактан, Жомоктой болуп көрүнөт. |
Биз кыргызбыз Биз, кыргызбыз, жер бетине чачылган, Биз жылдызбыз жалын оттуу чагылган. Кыйын күндө кандай азап көрсөк да, Соолубастан кайра гүлдөп ачылган.
Биз, кыргызбыз, кайберенге түнөктөш, Биз улуубуз аруулукка тилектеш. Кайсы өлкө, кай жерлерде жүрбөйлү, Кан-жаныбыз ата журтка жүрөктөш.
Биз, кыргызбыз, тилибизди сактаган, Ар-намысты, дилибизди сатпаган. Ала-Тоодон, Памир, Алтай, Энесай. Ат үстүндө узак жолдор таптаган.
Ата журттан алыс узап кетсек да, Биз, кыргызбыз, тилибизди сактаган. Өскөнбай Бердибаев
Гүлжамал Көкүмбай кызы |
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены