Султан Парманов Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусундагы Мургаб районунун Көөнө-Коргон айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөндөн кийин кайра өзүнүн туулган жерине кайтып келип, райондук гезитте, комсомолдун, партиянын райондук, облустук комитеттеринде жооптуу кызматтарда иштеген. 1998-жылы жабылып калган Мургаб райондук «Сары-Кол» гезитин кайрадан түптөп чыккан, азыр анын редактору. Тажикстандын журналисттер союзунун мүчөсү. Султанга Оштон жолугуп калдым, ал 4000 сөздөн турган тажикче-кыргызча сөздүктү чыгаруу үчүн облустук типографияга келген экен. Убактысы кыска болсо да, ал-жайды сурашкандан кийин бир нече суроолорду берүүгө үлгүрдүм.
– Султан мырза, сен тарыхты жакшы билчү элең, сөздү Памирдин таржымалынан, автономиялуу Тоолуу-Бадахшан облусу түзүлгөн тарыхынан баштасак…
– 1880-жылдардын башында британиялыктар «Памирге илимий экспедиция жүргүзөбүз» деген шылтоо менен бул тарапка чалгынчыларын жөнөтө баштаган. Россия ал жакка капитан Бронислав Громбчевский башында турган экспедицияны жөнөткөн. Кытай Памирди өз көзөмөлүнө алуу максатында Раң-Көлдүн жана Жашыл-Көлдүн жанында өздөрүнүн чыңдоолорун кура баштаган. Аларга оогандыктар каршылык көрсөтүшкөн. 1890-жылы Улуу Британиялыктар Кашкарда консулдугун ачкан. Англиянын негизги максаты Кытай бийликтери менен Памирди бөлүштүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болгон.
Россия алардын мындай аракетине жол бербөө үчүн 1891-жылы жайында Маргалаңдан полковник Михаил Ионов башында турган аскер отрядын Памирге жөнөткөн. Анын отряды Гиндикуштун түндүк тарабындагы Бозой-Күмбөзгө (азыркы Вахан коридорундагы) чейин жеткен. Аерден британиялыктар менен кездешип, алардын Памирден кетүүсү тууралуу кагаз жүзүндө убадасын алган.
Кийинки жылы кытайлыктар жана оогандыктар Ак-Суу жана Аличур дарыяларынын жээгиндеги өрөөндөргө аскерлерин жиберишкен. М.Ионовдун отряды Сүмө-Таштагы жана кытайлардын Ак-Таштагы аскерлерин сүрүп чыгышкан. Капитан Кузнецовдун отряды Памирде калтырылган. 1893-жылы жазында оогандыктар Шугнан жана Рушан тарапта кайрадан пайда боло баштаганда аларды Ванновскийдин аскерлери артка чегиндирген. 1894-жылы жайында оогандыктар менен бир нече жолу болгон кагылышууда Россия тарап жеңип чыккан.
1895-жылы 27-февралда Лондондо Россиянын элчиси менен Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин ортосунда келишим түзүлүп, Памирдин бир бөлүгү Россияга, экинчи бөлүгү Ооганстанга өткөрүлгөн. Ошентип эки ири державанын кызыкчылыгы үчүн памирлик кыргыздар эки мамлекеттин аймагында бөлүнүп калган.
Совет бийлиги орногон жылдарда Тоолуу Бадахшан Түркстан АССРинин курамында өз алдынча облус болуп турган. 1924-жылы Орто Азияда улуттук мамлекеттер түзүлө баштаганда тажик комиссиясы автономиялуу Тоолуу-Бадахшан облустун түзүү жана аны Тажик АССРинин курамына киргизүү өтүнүчү менен кайрылган. 1925-жылы 2-январда СССР Борбордук аткаруу комитетинин чечими менен автономиялуу Тоолуу-Бадахшан облусу түзүлгөн. Облуста кыргызча жер, суулардын аттары көп. Мисалы, Хорогго жакын Шунган районунда Жыланды, Ак-Тайлак, Күйгөн-Токой, Кой- Тезек сыяктуу кыргызча жер, суу аттары бар.
– Кыргыздар жашаган Мургаб районунун тарыхы, азыркы абалы жөнүндө эмне дейсиз?
– Тарыхый булактарга таянсак, падышалык Россия 1893-жылы Ош-Хорог жолундагы деңиз деңгээлинен 3612 метр бийиктикте жайгашкан Мургабда «Памир посту» деп аталган аскердик чыңдоону курган. Анын башында аскер инженери штабс-капитан Серебрянников турган. Облустун чыгыш тарабында жайгашкан Мургаб районунун аянты 38442,2 чарчы км. Калкынын саны 15 миңге жакын, анын 90%ына жакынын кыргыздар түзөт. Ал 1932-жылы 27-октябрда түзүлгөн. Жакында бизде анын 80 жылдык салтанаты белгиленди.
Азыркы учурда райондо Мургаб, Кара-Көл, Кожо Бердибаев, Аличур, Раң-Көл, Кызыл-Рабат сыяктуу алты айыл жамааты бар. Элет жеринде жашаган калктын негизги тиричилиги мал чарбачылык – топоз жана кой өстүрүү менен алектенет. Райондо 15 мектептин бирөөндө окутуу тажик, бирөөндө аралаш, калган 13 мектепте кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
Мургабдыктар Кыргызстан менен атам замандан бери эле тыгыз байланышта болуп келген. Айрыкча, Совет учурундагы бизге көрсөткөн жардамы тууралуу баса белгилеп өтүшүбүз зарыл. Бизде адистер жетишпей жаткан учурда элдин сабатын жоюудагы кыргызстандыктардын салымын өзгөчө белгилеп өтүү зарыл. Алардын ысымдары мургабдыктардын дале эсинде турат. Белгилүү окумуштуу Жээнбай Мукамбаевди өзгөчө урматтоо менен эскеришет. Бизде белгилүү акын-жазуучулар Мурза Гапаров, Анатай Өмүрканов, Эрнис Турсунов иштеп кеткен. Белгилүү сүрөтчү Сагынбек Ишенов да эмгек жолун бизден баштаган. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Челпек айлынан келген Абдыкадыр Ахмедшариповдун эмгек жолу ушул жерде башталган. Ал Мургабда 12 уул-кызды чоңойтуп, аларга таалим тарбия берди. Баары жогорку билимдүү. Азыр жооптуу кызматтарда. Мургабдагы №1 мектепке Абдыкадыр Ахмедшариповдун аты коюлган. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айылынан барган Абдыкадыр Талканчиев агай мургабдыктардын арасында абдан сыйлуу болгон. Өз ишин жакшы билген педагог болчу. Кийин жооптуу кызматтарга көтөрүлгөн. Бир топ жыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган.
Мургабга эмгек өтөгөндөрдүн атын айта берсек, жүздөп саналат. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында биздин балдар үчүн атайын орун бөлүнүп турган. Аны бүтүрүп келген биздин уул-кыздарыбыздын баары жаман болгон жок, баары жооптуу кызматтарда иштеп турушту. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү: Мургаб жамаатынын төрайымы Жамийла Кенжекулова Тажикстандын парламентинин депутаты. Диларам Токурова, Чынара Маматбаева райондун мыкты мугалимдери. Азыр деле Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан мургабдык жаштарыбыз ондоп сана- лат. Филология илимдеринин кандидаты Калык Кадыркулов Кызыл-Рабат айыл жамаатынын Токтомуш айылынан болот. Ал Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик универстетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин ошол жерде иштеп, кандидаттыгын жактаган. Өмүрү кыска экен, бул дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Какен жеңебиз Ак-Талаадан, азыр да катышыбыз бар.
Айтор, биздин Кыргызстан менен алыш-бериш кадимден эле болуп келген, азыр деле үзүлө элек. Кыргызстан бизден алыс турган менен жүрөгүбүзгө жакын. Кыргызстандын Тажикстандагы элчилери бизден кабар алып турушту. Алар барганда мургабдык кыргыздардын төбөсү көккө жетип, кубанып калышат. Азык-түлүк, турмуш-тиричиликке керектүү буюмдардын басымдуу бөлүгү Ош тараптан тартылат. Оруу-сыркоолор да Ошко, Бишкекке барып дарыланышат. 2010-жылдын июнь окуясында мургабдыктар ага абдан тынчсыздандык. Арабыздан эл өз ыктыяры менен топтогон гуманитардык жардамды Ошко чейин алпарган азаматтар чыкты.
– Султан, сиз 1998-жылы оогандык кыргыздарды Ошко алып келген экенсиз, ошого токтолуп өтсөңүз?
– Оогандык кыргыздарга эң алгачкы болуп барган журналист Алмаз Нурдинов. Ал Оогандын Кичи жана Улуу Памиринде жашаган кыргыздардын арасында бир нече ирет болуп, анын көптөгөн макалалары облустук, республикалык гезит-журналдарга жарыяланган. Өз кезегинде кыргыз гезиттеринин эң аксакалы жана кадыр-барктуусу «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») да А.Нурдиновдун макаласын басып турган. Гезитте үн кошуулар, талкуулар болгон.
Күнү бүгүнкүдөй эсимде, 1998-жылдын 14-августу болчу. Оогандык кыргыздар тарыхта биринчи жолу ата-бабаларынын жерине кадам таштап, Кыргызстандын абасынан дем алышкан. Алмаздын жардамы менен Ооганстандын ханы Абдирашит аганы, анын уулу Абдилазизди, Абдил Кудуз жана Мустафа Жээнбекти Мургабдан баштап, Ошко чейин мен узатып келгенмин. Аларды кыргызстандыктар абдан жакшы күтүп алышкан. Конокторду «Алай» мейманканасына орноштуруп, сый-тамак уюштурулду. Оогандык боордошторду Ош облусунун губернаторунун орун басары А.Сатыбал-диев, аппарат башчысы К.Насыкеев, бөлүм башчысы А.Абдыкапаров жылуу маанайда тосуп алышкан. Абдирашит хан Ооганда жашаган кыргыздардын негизги көйгөйлөрүн айтып берген. Бул жолугушуудан кийин аларды шаардын кооз жерлерине, эс алуу парктарына алып барып, эс алдырган. Анын эртеси Түркияда, Кыргызстанда, Ооганстанда жашап жаткан туугандардын 17 жылдан кийинки жолугушуусу болгон. Оогандык кыргыздардын башкаруучусу Абдирашит менен Түркияга ооп кеткен памирлик кыргыздардын телефон менен сүйлөшүүсү уюштурулган. Оогандык кыргыздар менен Оштон чогуу чыгып, Мургаб районунун аймагына чейин чогуу келдик. Аларды кайрадан оогандын чегине чейин узатып койгонбуз. Алмаздын оогандык кыргыздар жөнүндө жазган макалалары эки китеп болуп жарык көрдү. Бирок, мени Алмаздын эмгеги толук бааланбай калгандыгы өкүндүрөт.
“Кыргыз Туусу» гезити үстүбүздөгү жылдын февраль айында кайрадан оогандык кыргыздар темасына кайрылып, «Кыргыз бутагы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлзат Болотованын маегин сандан- санга жарыялап, окурмандардын арасында чоң кызыгуу жараткан. Мен Гүлзатка Мургабда жолуккам. Колдон келген кеңешимди, жардамымды берген элем. Анын айткандарынын баары чындык. Оогандык кыргыздардын көйгөйлөрү өтө көп. Ал жөнүндө башталган кептин аягына чекит коюу али эрте. Боордоштор тууралуу айтылчу кеп алдыда.
04.12.2012 "Кыргыз Туусу"
Комментарий
Байышов
Абдан жакшы маек.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены