Өткөн замандын биринде Жашыл-Көл деген казак элинин бир көлү болуптур. Ал көлгө жакын тоолордун биринде мекендеп, мергенчилик жана куш салуу менен жашаган Жанаил деген жаш жигит, ата-энеси карып, көпкө кирип калса дагы жакшы карап, тамак ашына дайым көз салып, тоодон атып келген кийиктин, көлдөн куш салып алдырган өрдөк, каздардын эттерин жакшы бышырып ата-знесине «нарын» туурап берчи экен.
Адырдан аркар атчы эле ай жалгыз,
Атасы менен энесин жалгыз,
Ак нарин тартып (туурап) бакчы элэ ай жалгыз.
Кунгөйдөн аркар атчы эле ай жалгыз,
Энеси менен атасын жалгыз,
Көп нарин тартып бакчы эле ай жалгыз.
Ушинтип жүргөн күндөрундө үйүнө казактар келип, мейман болуп, таанышып кетчү экен. Көбүнчө «чалкалай баскан» Чал казак кафир баш болгон беш казак даийм келишип аркардын этин жеп, колдо жасалган арагын ичип кетип жүрүптүр. Жанаил эң кичиги Боз казак дегени менен достошуп калат. Аны башкалары билбейт.
Жанаилдин аялынын аты Аксанам, карындашынын аты Гулсанам экен. Алардын сулуулугуна ашык болушуп, Чал казак менен «Курмушу телпек» Куу казактын ойлору бузулат. Бир күнү Жанаил Жашыл-Көлгө барып кушун сайса кушу көлдүн үстүнөн айланып учуп барып, канаттууларды качырбай эле, бир аралга конуп, отурул алат. Жанаил кушун чакырса келбейт. Кушуна өтуп алып келүү үчүп чечинип, сууга болуп жатканда, аттарын чапкылашып, баягы беш казак чыга келет.
Жанаилдин «койгула» дегенине карабай кармап алышып өлтүрмөк болушат. Ошондо Жанаил:
Кырда бир өлсөм ойго кой досум,
Кыяк бир менен чырмап кой досум.
Карагаттай көзүмдү досум,
Каргалар ойуп кетпесин досум.
Ойдо бир өлсөм кырга кой досум,
Олоң бир менен чырмап кой досум - деп айтып калалат.
Казактар аттын чылбырлары менен колу бутун байлап. көрүнбөгөн кабак жерге алып барышып, өлтүрүшөт да. Жанаилдин үйүнө барып Аксанам сулуу менен Гулсанам сулууну алып кетүүнү ойлошот. Жарым жолго келгенде Жанаилдин Боз казак досу казакгарга кайрылып: Баягы Жанаилди өлтүргөн жерде менин бычагым калыптыр. Силер бастыра бергиле. Мен бычагымды алып келе калайын - деп башчысы Чал казактан сурайт да, Жанаилди «олоң», «кыяк» менен чырмап, жакшы көмүп, достук милдетин аткарып кайтат. Ага чейин Чал казак баш болуп, Жанаилдин үйүнө келип түшүп калышат. Артынан Боз казак келет.
Аларды Аксанам сулуу менен Гулсанам сулуу аттан түшүрүп. жакшы кабыл алышат. Үйдө берилген тамак-аш. этти жеп жатканда бири Жанаилдин бычагын алып эт кесет, экинчиси Жанаилдин кол жоолугун (бет арчуусун) алып. колун арчыйт. Ошондо Аксанам акырын Гулсанамга шыбырап:
Жанаилдай жалгызды,
Жайлап келген турбайбы.
Эки колун аркага. Байлап келген турбайбы - деп айтат.
Алар эшикке (уйдун сыртына) чыгышып өз ара кеңешип, кайра үйгө киришет. Ашканадагы кептен бери ачыткысы күчөп сакгалып турган аракты алып келип: Жакшы келипсиздер, мейман болунуздар. Жанаил да кечке келип калат деп Аксанам сулуу менен Гулсанам сулуу арактан куюп сунушуп. казактарды аябай мас кылышат.
Баардыгы эсин билбей калганда, Аксанам колуна бычагын алып, Гулсанамга:
Шунун бир менде көөнү бар кьгз ай.
Оң көзүндө өөнү бар кыз ай деп Чал казактын «оң көзүн» оюуп алат.
Гулсанам дагы:
Мунун бир менде көөну бар жеңе ай,
Сол көзүндө өөнү бар жеңе ай деп «сол көзүн» оюп алат.
Аксанам:
Шунун менде көөнү бар кыз ай.
Оң кулагында өөнү бар кыз ай - Куу казактын оң кулагын кесип алганда,
Г улсанам:
Мунун бир менде көөнү бар жеңе ай,
Сол кулагында өөнү бар жеңе ай деп сол кулагын кесет.
Ушинтип мас болуп калган казактардын. төртөөсүн өлтүрүп, Боз казакты тирүү үйүнө кетирген экен. Жанаил жалгыз уламышы Памир кыргыздарында ушундай айтылып, ыр түрүндө берилген. Азыркы учурда бул уламыш эл арасында айтылбай, «Жанаил жалгыз» деген уламыштын аты гана бар.
Айтып берген С. Пирмамбетов.
Жазып алган А.Сапарбаев.
Ыран-Көл, 1967-жыл.
"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ"
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены